Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Михаил Горбачев 80 жашка чыкты


СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев 2-мартта 80 жашка чыкты.

СССРге маалымдуулук, ачыктык жана демократиянын элементтерин алып келген Горбачевдун ишмердүүлүгүн оң жана терс баалагандар арбын.

Горбачевдун президент болушу

“Байгер жана кубаттуу СССРди талкалады” деп айыпталып келаткан Михаил Горбачев СССРдин Коммунисттик партиясынын башына 1985-жылы март айында келген. Көп өтпөй Горбачевдун “кайра куруу”, “айкындуулук”, “тездетүү” өңдүү терминдери эл оозуна алынып, СССР өңдүү ири мамлекетти реформалоо аракети жасала баштаган. Бирок экономикалык кырдаал начарлап, инфляция күчөгөн. Мына ушундай шартта СССРдин президенти кызматы киргизилип, Горбачев 1990-жылы СССРдин Жогорку Кеңеши тарабынан президент болуп шайланган.

Мына ушул кызматында Горбачев 1991-жылдын күз айларында Кыргызстанга келип, көп өтпөй, декабрь айында Беларустун Беловежеск жергесинде Ельцин, Кравчук жана Шушкевич СССРди таратуу тууралуу келишимге кол койгондон кийин президенттик кызматынан кеткен.

Кыргызстандыктардын пикири

Токсонунчу жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири Жумагул Сааданбеков Михаил Горбачевдун
ишмердүүлүгүн мындай баалады:

- Бул кишини бир жактуу баалаш кыйын. Өтө карама-каршылыктуу, азаптуу мезгилде лидер болду. Мунун чоң салымы тоталитаризмди талкалады. Элдерге эркиндик алып келди. Европага, Германияга эле эмес, биздин улуттук мамлекеттерге да. Биз өтө жогору баалай турган, сыйлай турган жагы ушул.

СССРдин коммунисттери Михаил Горбачевду мамлекетти талкалады, компартияны алсыздандырды деп айыптап келатат.

Кыргызстандык коммунисттер да Горбачевго терс пикирде. Маселен Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири болуп келген Николай Байло мындай ойдо:

- Бул саясатчынын ишмердүүлүгүнө мен өтө терс пикирдемин. Бул саясатчы бирди ойлоп, экинчини жасап, таптакыр башка натыйжага жетишкен. Бул саясатчы тыякка, быякка чабылып жатып, СССР өңдүү ири мамлекетти талкалап салды. Кезинде СССР жылына 400 ракета жасаса, бүгүн Россия 6-8 гана ракета жасай алат. Бул уят. Билим берүүнү айтыңыз. Мен үч жогорку окуу жайды аяктаганмын. Катардагы дыйкандын баласы болсом дагы Кыргызстандын коммунисттик партиясынын жетекчилигине чейин жеткенмин. Азыркы мезгилде орто билим алуу кыйындап калды. Михаил Горбачев улуу кыйраткыч болуп калды. СССРди батыштын эрки менен талкалады.

Бир кезде Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон Анаш Сейтказиев СССР өзү кыйроонун алында турган эле деген пикирде:

- СССР өзү “абышкалардын” аракети менен жетер жерине жетип деле калган эле. Анан бул Горбачев саясий бюронун эң жаш мүчөсү болгон. Анын кадамдары туура эле болгон. Анткени СССРдин тарашына ошол кезде шарт түзүлүп калган эле.

Михаил Горбачевдун “кайра куруу”, “айкындуулук” жана демократиялаштыруу саясатынын натыйжасында Кыргызстанда улуттук кыймылдар пайда болуп, алгачкылардан болуп “Ашар” козголушу түзүлгөн. Жергиликтүү жаштар өз мекенинде жер алып, үй салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок завод, фабрикалардын кыйроосу өлкөдө жумушсуздукту, жакырчылыкты күчөтүп, азыркы кезде жүз миңдеген эмгек мигранттары Орусия, Казакстанда жүрүшөт.

Ошондуктан Михаил Горбачевдун ишмердүүлүгү мыйзам ченемдүү түрдө карама-каршылыктуу баа алып жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG