Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Байсалов: Орусиядагы мигранттарды кайтаралы


Орусия мигранттарга карата шарттарды оорлотуп, иштегиси келгендер орус тилин жана тарыхын билиши керек деген чечимге келди. "Айкөл-Эл" партиясынын лидери Эдил Байсалов "Азаттыкка" кеп курду.

“Азаттык”: Орусия мигранттарга карата шартты оорлотту. Эми Орусияда иштегиси келгендер орус тилин жана тарыхын билиши керек. Буга сиздин оюңуз кандай?

Эдил Байсалов: Орусиянын жарандыгын алуу боюнча эрежелерин да бекемдегени белгилүү. Мурдагыдай оңой жолдорун алып салышууда. Анткени Орусияда акыркы саясий өнүгүүлөрдүн негизги критикалык жагы – бул мигранттарга болгон маанай өзгөрүүдө.

Мигранттар көп болуп, өзүбүздүн мекендештер жумуш орундар менен камсыз болбой жатат, тилибизди билбейт, маданиятыбызды сыйлабайт деген пикирлер бар. Бул табигый эле көрүнүш. Көбүнчө биз орус маданияты болобу, совет маданияты дейбизби, айтор ошону жакшы эле билебиз. Башка эл менен салыштырбай эле койолу, бирок өз деңгээлибизде билебиз. Биз сыймыктансак деле болот. Муну мен коркунучтуу кабар катары деле кабыл алган жокмун.

“Азаттык”: Талдоочулардын баамында, мигранттар арасында тилди дурус билбегендери укуктарын коргой албай, көбүрөөк кыйынчылыктарга кабылат. Азыр миллионго чукул кыргызстандык иштеп, ирденгени бар. Бул жарлык аларга таасир тийгизип, жумушсуз калат дегенди билдирбейби?

Эдил Байсалов: Биз улут катары өзүбүз бир саясий чечим кабыл алышыбыз керек. Макул, 1990-жылдары, анан 2000-жылдары кыйналдык. Биринчи эки президентибиздин саясатынан улам бүт фабрика, колхоздор талкаланып, азыр чет өлкөдө миңдеген кыргызстандыктар иштеп жүрүшөт.

Дегеле биз муну каалайбызбы? Бул убактылуу өзүбүздү өзүбүз багуу аракетиби же кыргызстандыктар түбөлүктүү башка жакта, башка элге кызмат кылып жүрөбү? Алар кайтып келеби, же аларга орусча үйрөтүп, түбөлүк эле тентиген калкка айланабызбы? Ошондуктан бул убактылуу көрүнүш болчу.

Биздин негизги саясатыбыз – кыргызстандыктар өз жеринде, өз мекенинде иштеп, өз жерибизди көтөрүшүбүз керек. Ошон үчүн жаштарды да темселетпей, 18 жаштагы кыздарды талаалатпай, бардыгын чакырып, Кыргызстанда жумуш орундарын түзүш керек. Балдардын да күчүн колдонуп, акчага тойбой койдук, кыргыздар.

“Азаттык”: Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин буга чейин СССРдин тарашына өкүнгөндөй мамилесин билдирип келген. Бул жарлык кайрадан ошол учурду кайтаруу аракети катары кабылдагандар да жок эмес?

Эдил Байсалов: Албетте жаңы президенттин негизги саясий идеясы Евразиялык биримдик деп чыгып атканы. Бул да чоң саясат болуп, анын ичинде жалпы эмгекчилер Беларустан баштап, Кыргызстанга чейин кайсы жерде жумуш орун болсо, ошол жерге көчүп барып иштеп, жашап, билим алууга мүмкүнчүлүк алыш керек. Ошондуктан орусиялыктардын саясаты тилекке каршы, саясий декларациясы, сөзү бир, саясаты башка болуп атат. Өздөрү өздөрүн билбей жатат. Бирок бул баары бир болушу керек.

Биз өзүбүздүн саясатыбызды негиздешибиз керек. Сырттагы мигранттардын бардыгын мекенибизге алып келип, ушул жерден мамлекетибизди көтөрүшүбүз керек. Эмне болсо эле "биздин мигранттар кубаланып калат, айдалып калат" деп эле коркуп калат. Куулса жакшы болот эле. Ашып кетсе биз 5-10 жыл кыйналабыз, бардык мамлекеттер кыйналган. Бирок өз жерибизди көтөрүшүбүз керек. Азыр канчалаган карыялар балдары жок жалгыз жашап жатат. Канчалаган балдар ата-энелери тирүү туруп жетим калышууда, ажырашуулар көбөйдү. Бардык мигранттарды кайтарып келишибиз керек.

XS
SM
MD
LG