Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кайтып келген мигрант кантип иш тапты?


Базар-Коргондогу пахта заводу.
Базар-Коргондогу пахта заводу.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан чет жерге иш издеп кеткен он миңден ашык кишинин төрт миңге жакыны үйлөрүнө биротоло кайтып келди.

Алардын арасында Орусиядан депортация болгондор да, өз каалоосу менен кайтып келип тиричилигин улантып жаткандар да бар.

Облустун Ноокен районунан Кубат Айтмаматов Москвага барып-келип, баш-аягы сегиз жыл иштеген. Тапкан акчасына бир туугандарына өз айылынан турак-жай жана жер сатып берген. Бирок былтыр Орусиянын Бирюлево районундагы окуялардан кийинки жапырт текшерүү маалында жасалма документ менен жүргөнү билинип калган. Ушундан кийин полицияда 18 күн кармалып, ноябрда Кыргызстанга депортацияланган.

- Документим жасалма чыгып калды. Кармалгандан кийин Москвадагы абактардын биринде он сегиз күн камаган соң өздөрү самолетке билет алып берип, Бишкекке учурушту. Беш жылга депортация кылышты. Ал жакта иштеп жүрүп, бир иниме миллион сомдук үй алып бердим.

Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар
Ошентип, анын жакшы акча таап, өзүнө турак-жай куруу, кымбат баалуу автоунаа сатып алуу тилеги орундалбай калды. Орусияга кайра кайтып баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандан кийин, Кубат ошондой каражатты өз жеринде табууга ыклас койгон кези. Азыр ал быйылтан тарта жер алып иштетип, бодо мал, жылкы өстүрүү камында:

- Келгенде иш издедим. Кесибиме ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу бол деп чакырышты. Бирок анда иштөөгө менин кудуретим жетпеди. Азыр базардан мал алып багып, кайра аны сатып атам. Мээнетим акталып атат. Бирок бул жакта акча табуу кыйын, топтой да албайсың, тапканың күнүмдүк оокатка, тиричиликке кирип кетет.

Орусиядан биротоло кайткандардын арасында жакшы маяналуу акча таап алгандар деле бар. Былтыр күздө кайткан Бакыт Маданов азыр пахта тазалоочу заводдо жумушчу. Ал мындагы маянасына канааттанган түрү бар.

- Пахта заводдо он миң сомдон жогору айлык алам. Ал жакта короодо үч жыл иштеп, чарчадым. Өзүмө үй курдум.

Өз ыктыяры менен Орусиядан кайтып келгендердин бири Сүйөркул Камбаров туруктуу жумуш таппай жүрөт. Тиричиликке тыйынды көмүр ташып сатып табат. Четте беш жыл иштеп, тапкан каражатына уулун үйлөндүрүп, кызын турмушка узатып, үй-жайын тыңдап алган.

- Аяктан таап келгениңди үй-бүлөңө жумшайсың. Акчаң түгөнгөн соң мурдагыдай эле Мамайдын көрү башталат. Азыр эптеп иш тапса болот. Мен жол ачык болсо Көк-Жаңгактан көмүр ташып келип сатам. Болбосо, Таш-Көмүрдөн көмүр ташып келгендерден алам. Үстүнө бир аз акча кошуп, кайра сатабыз. Иш жок, бирок жашоо керек.

Базар-Коргон районунан он бир миңдей адам Орусияга иштегени кеткен. Алардын ичинен төрт миңге чукулу айылына биротоло кайтып келишти. Райондук миграция бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Мойдиновдун ырасташынча, келгендердин 70-80ге жакыны жумуш тапкан. Бирок көпчүлүгү өз жеринде иштөөгө көнбөй жатышат.

- Көпчүлүгү айлык аздыгынан бир-эки ай туруп, кайра кетип калууда. Орусиядан келгендер “айына 20-30 миң сомдук маянасы бар жумуш болсо иштейм", - дешет. Мынча өлчөмдө айлык төлөөр жумуш жок. Бизге “жумуш таап бер" деп кайрылгандардын ичинен жыйырма адамды райондогу “Star cotton” аттуу пахта заводуна ишке орноштурдук. Анда айына убактылуу 8-10 миң сомдон айлык алышат.

Облустук эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция кызматында иш издеп, чет өлкөгө чыгып кеткен жана ал жактан кайра биротоло кайтып келгендердин так эсеби жок. Ошол эле мезгилде айыл-кыштактарда Орусиядан кайтып келип, үйүндөгү мал-жанын карап, же эмне кылаарын билбей, көчөдө колоктоп жүргөн ондогон жаштарды көрүүгө болот.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG