Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Аксылык эненин мигрант уулу табылды


Замирбек Атамкулов
Замирбек Атамкулов

Орусияга ишке кетип төрт жылдан бери дайынсыз жүргөн Замирбек Атамкулов үй-бүлөсү менен байланышка чыкты.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургуну 40 жаштагы Замирбек Атамкулов төрт жыл мурда Орусияга аттанып, ошол бойдон туугандарына дайынын билдирбей кеткен. Ушул жылдын май айында уулунан үйгө кайтууну суранган энесинин видеосу интернетте таркап, коомчулукта чоң талкуу жараткан.

- Замко, кел. Үйлөнгөн болсоң, жетелеп келе бер. Бул жакка келип, бала-чака күт, үй-жайыңды кара. Жаман болуп кеттим. Сагындым. Таң атса кеч кирбейт, кеч кирсе таң атпайт. Атаң салган тамда отурам. Замко, кел!, - деген эненин видеосун көрүүгө болот.

Орусияда Замирбек Атамкулов дайынсыз кеткени тууралуу арыз Москвадагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө түшкөн. Полковник Аскат Алиев Замирбекти издөөдө жалпы Орусиядагы мекендештердин жардамы болгонун айтты:

- 19-майда айылдашы келип, бир тууган эжесинин арызын таштап кеткен. Биз коомчулукка жарыялап, көрүп-билгендер болсо кабарлоону өтүнгөнбүз. Өткөн жумада ал жаран үй-бүлөсү менен байланышып, аманчылыгын айтыптыр. Андан сырткары, өзү Одноклассники социалдык тармактагы баракчабызга амандыгын билдирип кабар жөнөткөн. Бул боюнча мекендештер социалдык тармактарда маалымат бөлүшүп, көмөк көрсөтүштү.

Төрт жыл дайынын билдирбей жүргөн Замирдин байланышка чыкканын эжеси Гүлнара Атамкулова билдирген.

- Баласы табылды. Байланышып, сүйлөшүп жатабыз. Апам жардамдашкандарга ак батасын берип жатат. Өзү кубанып, көңүлү ачылып калды. Баласы азыр иштемин, дагы бир аз иштеп алып келем деди.

Видео Аскат Алиевдики
Мигрант уулун күткөн эненин үмүтү акталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Байланышка чыккан Замирбек Атамкулов өзү Орусиянын кайсы шаарында экенин айткан эмес. Бирок ушул күзгө чейин энесинин алдына барууну убада кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG