Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Алмазбек Атамбаев Москвада


Алмазбек Атамбаев Орусия премьер-министри Владимир Путиндин кабыл алуусунда, 2010-жылдын 2-сентябры.
Алмазбек Атамбаев Орусия премьер-министри Владимир Путиндин кабыл алуусунда, 2010-жылдын 2-сентябры.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Москвага жөнөп кетти. Анын орус өкмөт башчысы Владимир Путин баш болгон орус жетекчилиги менен жолугушуусу белгиленүүдө.


Өкмөт башчынын алгачкы тышкы сапары


Өкмөт башчы болуп бекилгенден кийин Алмазбек Атамбаев өлкө ичиндеги биринчи иш сапарын Ош шаарына баруудан баштаса, тышкы сапарын Россиядан баштады.

Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары эки күнгө созулат. Бүгүн, 27-декабрда, кыргыз өкмөт башчысынын орус премьер-министри Владимир Путин менен жолугушуусу белгиленген.

Сүйлөшүүдө Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алып салуу маселеси да козголоору айтылууда.
Атамбаевдин сапары учурунда көтөрүлө турган маселелер тууралуу Фарид Ниязов буларды билдирди:

- Талкулана турган негизги маселелер - экономикалык маселелер. Бул өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жандандыруу, Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майларга бажы төлөмдөрүн алып салуу, энергетика тармагындагы кызматташууларды жандандыруу, жазгы талаа жумуштарына байланыштуу иштер жана Кыргызстандын Россияга тышкы карызын жөнгөрүү.

Белгилүү болгондой быйылкы жылдын башында Россия Кыргызстанга экспорттоло турган күйүүчү майдын бир тоннасына 200 доллардан ашуун бажы төлөмүн киргизген. Бул өз кезегинде күйүүчү майлардын Кыргызстанда кескин кымбаттоосуна алып келди.

Кыргызстандын Россияга карызы

Бишкектин Россияга эки бөлүктөн турган 500 млн. долларга жакын карызы бар. Бири - СССР тарай баштаган мезгилде пайда болгон 193 млн. доллар карыз. Экинчиси, өткөн жылы март айындагы келишим боюнча алынган 300 млн. доллар карыз.

Курманбек Бакиевдин өкмөтү 193 млн. долларды кечтирүү үчүн “Дастан” акционердик коомунун акцияларын Москвага берүүнү макулдашкан. Бирок эки өлкөнүн жетекчилигинин ортосундагы келишпестиктер ал макулдашуунун токтоп калышына алып келген.

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимовдун маалыматы боюнча, эки өлкө 193 млн. доллар карызга “Дастандын” акцияларын алмаштыруу боюнча протоколго кол коюшкан. Эми эки тарап аны күчүндө калтырып, ишке ашыра баштоосу керек.

Аскарбек Бешимов
Бешимов күйүүчү майлар үчүн бажы төлөмдөрүн алып салуу аракети жакын арада ишке ашпайт деген пикирде:

- Бирок ал жакын арада алынбайт деп ойлойм. Эмне дегенде андай маселе Беларус менен да толук чечиле элек. Андан сырткары үчүнчү маселе, бизде адатка айланып калгандай дагы жардам сурайбыз. Эмне дегенде бюджетте тартыштык болуп жатат. Кыштан кийин жазгы талаа жумуштарына күйүүчү май, акча каражат керек болот.

Кыргызстан Россияны негизги стратегиялык өнөктөшү катары көрүп келет.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого чейин Москвада бир нече жолу болуп, орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууларды өткөргөн.

Өкмөт башчылыкка шайланаар алдында Кыргызстан Россия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине кирүүгө аракеттениш керектигин да Атамбаев ачыктаган:

- Эгерде Бажы биримдигине кирбесек минустары абдан көп болот. Мына апрелде көрдүңүздөр бажы бекеттери жабылганда Кыргызстанда кандай акыбал болгонун. Ошондуктан Бажы биримдиги керек. Экинчиден, биз каалайбызбы, каалабайбызбы коңшу менен алака кылбасак, коңшулар менен жакындашпасак болбойт. Үчүнчүсүнөн, биз экспорт, реэкспорт жөнөткөн мамлекеттер ошол эле Россия менен Казакстан. Ошон үчүн Бажы биримдигине кирүүдөн башка бир жолубуз жок. Эртели-кеч киришибиз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG