Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Кыргызстан - Орусия: аскердик өнөктөштүк


Ушул күндөрү Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация менен кыргыз тараптын аскердик кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда, орусиялык өкүлдөр менен Кыргызстандын Коргоо министрлиги эки тараптуу кызматташуу, Орусиянын аскер базалары үчүн ижара акысы боюнча келишимдердин долбоорлорун даярдоонун үстүндө иштешүүдө.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчылыгынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү коргоо министринин орун басары, генерал Асылбек Ормокоев жүргүзүүдө. Сүйлөшүүлөр эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери туурасындагы 1993-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүү маселелери тууралуу жүрүүдө:

- Ушул маселелер, түштүккө жаңы курулуучу аскердик машыгуу борбору тууралуу талкуу болуп жатат. Сүйлөшүүлөр кечээ башталган, бүгүн, эртең да болуп, 23-сентябрда акыркы протоколдорго кол коюлат.

Маалымат кызматынан кабарлашкандай тараптар бир катар келишимдерге 23-сентябрда кол коюшат, ушул эле күнү документтердин мазмуну ачыкталат. 25-сентябрда Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев Кыргызстанга келет. Алардын сапары кыргыз-орус аскердик кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктайт деп күтүлүүдө.

Орустардын кызыкчылыгы эмнеде?

Буга чейин кабарлангандай кыргыз тарап жаңы долбоорго Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери үчүн төлөнчү ижара акысын бери дегенде 3-4 эсеге көбөйтүү маселесин көтөргөн. Мурда Орусия ижара акысы үчүн Кыргызстанга бир жылда 4,5 миллион доллардан төлөп келгени белгилүү. Кыргыз тарап орус аскер базаларынын ижара акысын аскерий техникалар, курал-жарактар түрүндө алууну көздөп жатканы коргоо министри өткөн аптада Орусияга барган учурда маалым болгон. Ал сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргыз тарап койгон сунуштарга жоопту орустар парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралган соң берери айтылган болчу. Бирок орус аскер башчыларынын шайлоону күтпөй эле кызматташтык сүйлөшүүлөрүн баштаганын айрым саясат талдоочулар Орусия Кыргызстандагы позициясын эртелеп бекемдөөгө аракеттенип жатат деп эсептешет. Анткени шайланып келген парламент же жаңы өкмөт орустарга Кыргызстандагы аскердик базаларын бириктирүүсүнө, түштүккө жаңы аскердик машыгуу борборун ачууга “жок” деп коюшу мүмкүн дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

- Орусиянын Кыргызстанга болгон мамилесин элдин баары көрдү. Ошондуктан парламент шайланып келсе, жаңы өкмөт орустардын базаларын жапкыла деп коюшу мүмкүн. Мындан тышкары ижара акыларын көтөргүлө деши ыктымал, анткени биздин аймакты ит бекер пайдаланып жатышат. Баары бир азыр кол коюлган күндө деле парламент ратификациядан өткөрбөй коюусу толук мүмкүн. Ошентсе да азыртан аракет кылып жатышат.
"Орусия Кыргызстанды полигонго айландыруу менен Борбор Азияга үстөмдүгүн орноткусу келет"


Орусия Кыргызстанга курал-жаракты дүйнөлүк баа менен сатып келгени белгилүү. Эгер бул жолу да сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап орустар ижара акысына берүүчү курал-жаракты дүйнөлүк баа менен алууга макул болсо, анда уттурат дейт саясат талдоочу:

- Орустар бизге курал-жарактарын дүйнөлүк баа менен сатчу. ЖККУнун мүчөсү экенибизге карабай Латын Америка, Африка өлкөлөрүнө саткан эл аралык баа менен аскердик техникаларын сатып келген. Эгер азыр дагы ошол баа менен эсептешебиз десе, бир эле БТРинин баасы жалпы Кыргызстандагы аскердик базаларынын ижара акысы менен барабар болуп калат. Ошондуктан сүйлөшүү учурунда алардын көзүн карап, бөйпөңдөбөй, теңата сүйлөшүү зарыл.

Орозбек Молдалиев Орусия Кыргызстанда аскердик кубатын чыңдоо менен жалпы Борбор Азияда үстөмдүгүн орнотууга кызыкдар деген пикирин кошумчалады.

Борбор Азия кимдин кароолунда?

Июнь окуялары коштогон Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандык, Ооганстанда талибандардын күч алышы Орусияны Борбор Азияда аскердик базаларын чыңдоону тездетүүгө түрттү деген пикирлер да жок эмес. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин “Азаттыкка” айткан пикири боюнча орустардын аскердик күчтөрү аймакта болбосо, Борбор Азияда тынчтык болбой калды:
"Орустар болбосо Борбор Азияда тынчтык болбойт"


-Талибандын күчтөрү Борбор Азияга кирип бүлүк салууга даярданып атканы Ош окуясынан кийин белгилүү болуп калды. Мына Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кечээ ООНдо сүйлөгөндө деле айтты: “Кыргыз менен өзбектин ортосунда чатак жок болчу, муну көшөгөгө жамынып алып, Орто Азияны алоолонткусу келген күчтөр жасап атат,” деп айтты. Ошондуктан орустардын максаты –бул маселени тездетип, Борбор Азияда тынчтыкты орнотолу деген ой болуп жатат. Мындан эч кандай терс максат көрбөшүбүз керек.

Кыргызстанда, өзгөчө түштүк аймагында чет мамлекеттин аскердик базасы жайгашуусуна расмий Ташкен каршы болуп келет. Белгилүү болгондой Бишкекте жайгашкан “Манас” аскердик аба базасынан тышкары АКШ дагы Кыргызстандын түштүгүнө аскердик машыгуу борборун ачуу ниетин билдирип, бул үчүн 5,5 млн. доллар бөлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул долбоордун тагдыры белгисиз. Мына ушундан улам Бишкек менен Москванын азыркы сүйлөшүүлөрү Кыргызстан аскердик өнөктөш катары Орусияны тандап алганынан кабар береби деген суроо туулат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG