Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Москва-Ташкент алакасынын Бишкекке таасири


Орус президенти В.Путин менен өзбек президенти Ш. Мирзиёев.
Орус президенти В.Путин менен өзбек президенти Ш. Мирзиёев.

Орус президенти Владимир Путиндин Өзбекстандагы мамлекеттик сапарында 27 миллиард долларга бааланган 800дөй келишимге кол коюлду.

Өзбекстанда алгачкы атомдук электр станциясын (АЭС) куруудан тышкары айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы боюнча келишимдер түзүлдү.

“Өзбекстан-Орусия” аттуу аймак аралык биринчи форумдун алкагында эки тарап 79 биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашканы белгилүү болду. Алардын арасында биргелешкен текстил кластерин түзүү, айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо боюнча макулдашуулар бар.

Дал ушул айыл чарба жана тигүү, текстил жаатындагы расмий Москва менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү аракеттери Кыргызстанда кызыгуу жаратты.

Себеби, Кыргызстанда бийлик Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулуу учурунда “айыл чарба жана текстил өндүрүмүн Орусия баштаган бир нече өлкөнүн базарына тоскоолдуксуз сата алабыз” деген жүйө келтирген. "Эгер бул биримдикке кирбесек, мындай мүмкүнчүлүк болбойт" деп кооптонгон пикирлер да айтылган.

Андыктан “ЕАЭБге мүчө болбой туруп эле Орусияга айыл чарба өндүрүмүн сатууга мүмкүнчүлүк алган Өзбекстан сыяктуу кызматташууга болбойт беле?” деген суроо кайрадан талкууланууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров мындай талкууларды орундуу деп эсептейт. Жапаровдун пикиринде, Кыргызстан ЕАЭБге даярдыксыз киргени үчүн Өзбекстандын мисалында күмөндүү пикирлер жаралууда.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Биз айыл чарба тармагында белгилүү бир көлөмгө чыгып, паспортизация менен инвентаризация жүргүзүп, эт комбинаттарын куруп алып кирсек болмок, - деди ал. - Анда ЕАЭБге киребизби же Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында иш алып барабызбы - кайсы жагынан болсо деле туура болмок. Биз экономиканы даярдабай туруп кирип бардык. Ал эми Өзбекстан бул жагынан ырааттуу иш алып барды. Мисалы, атайын кластер түзүп, 50 миң гектар жерди тамчылатып сугаруу менен өздөштүрдү. 3 миллион гектар жерге пахта айдаса, анын 1 миллион гектарына жашылча-жемиш тиктирди. Эми тиешелүү көлөмдөгү өндүрүм чыгарып жаткан соң Орусия менен макулдашып, бул багытта 22 логистикалык борборду Орусияда, 26сын Өзбекстанда курууну макулдашып отурат.

Жапаров бул багытта ЕАЭБдин артыкчылыгын колдоно албаган өкмөттүн аракеттерине ичи чыкпайт. Депутат эгерде өкмөт бул багытта өз ишин жакшыртпаса, орус базары үчүн аймактык атаандаштыкта оңбогондой жеңилүүгө учурашы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ал эми Бажы биримдигине кирүүгө башынан бери каршы болуп келген мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев ЕАЭБдин пайдасы менен кемчиликтерин кайрадан талдап чыгуу зарыл деп эсептейт.

- Учурда Бажы биримдигинин экономикалык таасири менен катар саясий таасири боюнча көптөгөн талкуулар зарыл. Өзбекстан менен Тажикстандын бул уюмга кирбей эле кызматташтык жүргүзүп жатканы - маселенин бир гана жагы. Негизинен уюмдун ичинде толук биримдик жок болуп турганы далилденген. Беларус менен Орусиянын, Орусия менен Казакстандын экономикалыккызыкчылыктары дал келбей калган учурлар арбын, - деди эксперт.

Бирок Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов Өзбекстан менен Орусиянын азыркы келишимдерин Кыргызстандын абалына салыштыруу туура эмес экенин айтууда. Министрдин айтымында, Кыргызстан бул багытта бир катар артыкчылыктарга ээ.

Олег Панкратов.
Олег Панкратов.

- Биз деле, алар деле КМШнын Эркин соода жүгүртүү келишиминин алкагында алымы жок товар сата алабыз. Бирок биз ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандан алынган эле стандартка шайкеш келүүчү документтер боюнча сата алабыз. Ал эми Өзбекстан болсо бул документтерди Орусиядан алышы керек. Бул жагынан алардын экспорттоо эрежелери татаалыраак.

Мындай пикирди "Легпром" тигүүчүлөр бирикмесинин президенти Сапар Асанов да колдойт. Бирок Асанов Өзбекстан менен атаандаштыкта айыл чарба жана тигүү тармагында ЕАЭБдин артыкчылыктарын толугу менен колдонуу зарылчылыгы келип чыкты деп эсептейт:

- Өзбекстан - мурдагы СССРге кирген мамлекеттердин ичинен пахта өстүрүү боюнча лидер. Азыркы күндө Орто Азия мамлекеттеринин ичинен тигүү тармагында биздин негизги атаандашыбыз - дал ушул өлкө. Орусия менен жанагыдай келишимге кол коюп жатканы бизге кыйын болот. Ошондуктан биз ЕАЭБдин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, бул багытта туура саясат жүргүзбөсөк болбойт.

Кыргызстандык тигүүчүлөр.
Кыргызстандык тигүүчүлөр.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда расмий түрдө мүчө болуп кирген. Бийлик “бул уюм Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого чоң өбөлгө түзөт" деп убада берген.

Анткен менен үч жылдан бери ата мекендик дыйкан-фермерлер экспорт маселесинде бир катар кыйынчылыктарга туш болуп, үч жыл мурдагы үмүт акталбай жатканын айткандар бар. Буга Орусия менен Казакстанга ташылып барган жашылча-жемиштин “талапка жооп бербейт” деп кайра артка кайтарылганы себеп болууда. Мындай кабарлар маалымат каражаттарына күн алыс жарыяланып турат.

Анын үстүнө Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуу боюнча келишимде Кыргызстандын уюмдун бажы төлөмдөрүндөгү үлүшү 1,9 пайыз деп аныкталган. Башкача айтканда, экономикалык уюмдун жалпы казынасына түшкөн төлөмдөрдүн 1,9 пайызы Кыргызстандын бюджетине которулушу керек. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын тогуз айында ЕАЭБдин казынасынан 11,9 миллиард сом келип түшкөн. Мамлекеттик бажы кызматы бул тармакта күтүлгөн суммадан 1 миллиард сомго жакын каражат түшпөй калганын кабарлады. Мындай кырдаалды расмий органдар тышкы факторлордун таасири деп түшүндүрүүдө.

Евразия Экономикалык Биримдигинде Кыргызстандан тышкары Орусия, Армения, Казакстан жана Беларус да бар. Борбор Азия аймагындагы Тажистан жана Өзбекстан бул биримдикке кошулууга анча көңүлдөнбөй турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG