Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:04

Дүйнө жүзүндөгү "секонд хенд" деген ат менен белгилүү мурда колдонулган кийимдер менен буюмдарга суроо-талаптар Кыргызстанда да жогору.

"Секонд хенд" (second hand) – түз котормосу “экинчи кол” дегенди түшүндүрөт. Ал буюм буга чейин бир колдо болсо, эми кайра экинчи колго сатылып жатат. Башкача айтканда, "секонд хенд" - бул мурда колдонулган буюм.

Кыргызстанда "секонд хенд" дүкөндөрү айрыкча 90-жылдардын ортосунда көбөйгөн. Бул түйүндөрдүн кийимдери мурда кийилгени менен баасы, сапаты жагынан өзүнүн туруктуу кардарларын таап жатат. Анткени Европанын өзгөчөлөнгөн кийимдерин кийүүнү каалган чөнтөгү жукалар үчүн "секонд хенд" товарлары жакшы мүмкүнчүлүк болуп жаткандай.

Кийимдер баасы менен утат

Бишкектеги "секонд хенд" дүкөндөрүн кыдыра келгенде, жөнөкөй соода бутиктерине салыштырмалуу анда кардарлар көп экенин байкоого болот.

Туруктуу кардарлар "секонд хенддин" көпчүлүк түйүндөрүн билип, жаңы товарлардын келишин, акция, арзандатуулардан бери аңдып турушат да экен.

Өзүн Айнура Чекирова деп тааныштырган кардар, "секонд хенд" дүкөндөрүнөн кийимдерди дайыма сатып алаарын, азыр дагы арзандатууларды угуп келгенин айтып берди.

- Менин үч балам бар. Күйөөмө, өзүмө кийимдердин бардыгын ушул жактан алам. Азыр шаарыбызда "секонд хенд" көп болуп кетпедиби. Арзандатуу, акция болуп жатканда дайыма мындай дүкөндөрдү кыдыра коём. Мына азыр ушул Европанын "Секонд хендинде" кийимдердин килограммы 800 сомдон экен. Акчасы бизге аябай туура келип атпайбы. Бир четинен карасаң кийимдердин сапаты дагы аябай жакшы. Кичинекей балдар кийимди бат-баттан кирдете бергендиктен, аларды машинкага жуусаң сапаты, өңү кетпейт. Мына азыр толгон-токой кийим алдым, болгону эки миң сом болду. Бул акчага базарда бир шым, бир жемпир эле алмакмын.

Кээ бир түйүндөр кийимдерди килограммдап саткандыктан, кардарлар кийимдердин көлөмү менен утушка ээ болот.

Химикат жыттанган кийимдер

Бирок "секонд хенддин" кийимдери бардык эле аны сатып алууну каалагандарга жага бербейт. Дүкөндүн ичинде жолугуп калган Клара Кудайкулова биринчи жолу "секонд хендге" келген. Кийимдердин көптүгүнө таң калганы менен, өзүнө ылайыктуу кийим тапкан жок, анын үстүнө кийимдерди жыты Клара айымды көбүрөөк үркүткөндөй.

- Ооба, бир кызыктай жыты бар экен. Кийимдер көп, бирок мага ылайыктуу эч нерсе тапкан жокмун. "Секонд хендде" чоң размерлер басымдуу кылат окшойт, анан кыздарга да кийимдер көп экен. Ал эми мендей болгон кыска бойлуу, орто куракка жок окшойт.

Кыргызстанга Европадан колдонулган кийимдерди ташыган Евгения Гусеванын айтуусунда, бул жыттын колдонуучулар үчүн зыянынан пайдасы көп. Себеби кийимдердин бардыгы Европада чогулган соң, ошол жактан эле формальдегид жана атайын газ менен дезинфекцияланат. Бул процедурадан кийин кийимдеги бардык микроб, бактериялар өлтүрүлүп, анан гана башка өлкөлөргө жөнөтүлөт.

- Бизде кийимдин жытынан ууланып же өзүн жаман сезген учурлар каттала элек. Бул кийимдерди дезинфекциялабаса дагы болбойт. Себеби адамдын кийимге сиңген жыты, бактериясы менен сатсак, мына ошондо көбүрөөк зыян болот. Кийимдерди биз дезинфекциялабайбыз, бул Европадан эле тазаланып келет. Анткени комплекстүү текшерүүдөн өтпөсө биздин чек ара, бажычылар да кийимди сатууга уруксат бербейт.

Жытты кантип кетирет?

Анткен менен кыргызстандыктар деле "секонд хенд" кийим-кечектеринин жытын кантип кетиришти жакшы өздөштүрүп алгандай. Сатып алуучу Рахат Токторбаева секонддун кийимдерин көбүнесе балдарына алып берерин айтып, кийимдеги жыттан арылуу сыры менен да бөлүштү.

- "Секонд хендден" кийим алганга жараша балдарга эле алыш керек. Себеби чоң кишилерден бул кийимдерди башында ар кандай адамдар кийиши мүмкүн. Ал эми балдар бат эле өсүп кеткендиктен, европалыктар кийимдерди бир кийип өткөрүп салышып, кийимдер бизге келип атат. Балдар таза болот, экинчиден, булардыкы нукура пахта материалдан тигилген. Алган кийимди алып келип эле ошол бойдон кийгизбеш керек. Азыр эмне көп - жыт кошулган айна көп. Ошо менен бир сыйра жууп койсоң, жыты ошол бойдон жоголот. Кийимди үтүктөп койсоң жаңы кийимден да сонун болуп калат. Негизинен жаңы кийимди бир гана "секонд хенд" эмес, башка базардан алган учурда деле бир сыйра жууп туруп кийген оң.

Азербайжандагы "Секонд хенд" дүкөнү
Азербайжандагы "Секонд хенд" дүкөнү

"Секонд хенд" дегенде кыргызстандыктар көбүн эсе кийимдерди элестетишет. Негизинен колдонулган буюмдар, тиричилик техникалары, бут кийим, аппарат, эмерек жана башкалар да бар.

Европа жана АКШда колдонулган буюмдарды саткан дүкөндөр жок деп айткандар жаңылышат. Ал эми Кыргызстанга колдонулган буюмдарды алып келүү оор болгондуктан, азырынча кийимдер гана киргизилүүдө жана бул ишкерлер үчүн чоң бизнеске айланды.

Гуманитардык жардамга марыгандар

“Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов "секонд хенддин" кийимдери өлкөгө гуманитардык жардам катары арзыбаган акчага келгени менен, ишкерлер кызыл кулактык кылып 300 миң долларга чейин киреше көрө турганын ачыктады.

- Бул кийимдер Европа, Корея өлкөлөрүндө ар кандай кайрымдуулук фонддор тарабынан бекер чогултулат. Керек болсо кээ бир өлкөлөрдө кийим ээлери түйүндөргө буюмдарын тапшырып жатып, анын үстүнө акчасын да кошуп беришет. Ал фонддор кийимди чогултуп, сорттоп, дезинфекциялап, гумжардам катары бизге жөнөтөт. “Элим, барсыңбы?” фонду жылына эки жолу атайын фура менен 8-10 миң долларга кийим алып келебиз. Биз болгону жол киреге гана төлөйбүз, кийим өзү бекер болот. Бирок бул тармакты бизнес кылып алгандар көбөйдү. Ишкерлер Европадан кийимдерди гумжардам катары алып келип, аны сатып дагы чоң көлөмдө пайда көрүп жатышат.

2015-жылы британиялык Charities Aid Foundation фонду Кыргызстанды берешен, кайрымдуу өлкөлөрдүн катарына киргизген.

Мына ошондуктан "Секонд хенд" кийимдери гумжардам катары келгендиктен баалары дайыма төмөн бойдон кала бермекчи. Ал эми өлкө боюнча канча "секонд хенд" түйүнү, дүкөнү бар экендиги тууралуу мамлекетте так эсеп жок.

Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Муратбек Жамакеевдин билидиришинче, өкмөт "секонд хенд" үчүн кандайдыр бир өзгөчө салыктык режимди караган эмес. Андыктан бул тармактын ишкерлери башка товар ташыгандар менен бир категорияда.

- Биздин салык боюнча ишкер өзү каалаган салыктык режимди тандап алат. Кааласа жалпы режим, кааласа атайын салык деген түр бар, кааласа патент алып иштейт. Булар жалпысынан дүкөн деп эле эсептелет. Бизде айырмасы жок "секонд хендби" же башка дүкөнбү, мамлекетте атайын "секонд хенд" деп бөлгөн норма жок, андыктан башкалар менен бирдей эле салык төлөйт.

Акыркы жылдары аймактардан шаарга келгендер да "секонд хендден" кийимин сатып алуунун эбин таап алышкандай. Европанын мурда кийилген кийимдери элеттиктердин бир гана капчыгына туура келбестен, сапаты жагынан да артыкчылык берип жатканын түшүнсө болот.

"Секонд хенддеги" бут кийимдер
"Секонд хенддеги" бут кийимдер

Кыргызстанга "секонд хенд" буюмдары катары бут кийимдер да көп келет. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, бут кийимге суроо талап, кийимдегидей эмес. Анын үстүнө дарыгерлер да колдонулган бут кийимди кийбөөгө чакырат. Себеби колдонулган бут кийимден тамандын формасы да өзгөрүп, ден соолукка да зыяны бар. Айрыкча жаш балдарга "секонд хенд" бут кийимин догдурлар таптакыр сунуш кылышпайт. Ал эми колдонулган кийимдер болсо азырынча бир катар адамдарга сапаттуу жана арзан кийим сатып алууга алмаштыргыс альтернативдүү булак бойдон калууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG