Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:38

Экинчи Дүйнөлүк согушта эрдик көрсөтүп жүрүп туткунга түшүп, акталып, бирок өмүр бою басынып өткөн Турманбет Эргешбаев кырчындай курагында өз каалоосу менен майданга аттанган кыргыз азаматтарынын бири.

Анын Ыраакы Чыгышта Петрбек деген уулу калып, туулган жерге 1953-жылы далай сыноолордон кийин кайтып келген.

Турманбет Эргешбаев Аксы районунун Сыны айылынан. Ал ата-энеси тапкан 14 баласынын токтоп калган туну болгон. Эрезеге жеткен кези уруш маалына туура келип, бирок педагогикалык билими бар мугалим болгону үчүн согушка чакырылбай тургандардын тизмесине кирген.

Турманбет Эргешбаев иниси Токтоназар менен.
Турманбет Эргешбаев иниси Токтоназар менен.

Ошого карабай, өзү суранып жатып 1943-жылы 21 жашында майданга аттанган. Урушта генерал-маршал Константин Рокоссовский жетектеген Украина, Беларус фронтуна кирип, беш жолу кандуу салгылаштарга катышкан. Анда көрсөткөн эрдиктери үчүн эки ирет "Кызыл жылдыз" ордени жана үчүнчү даражадагы "Даңк" ордени менен сыйланган.

Асанбек Эргешбаев тууганы Турмамбеттин көзү тирүүсүндөгү бир окуясын эскерди:

Согуштан келген кат
Согуштан келген кат

- Бир кызык окуяны айтып берди эле. Айыгышкан уруштардын биринде мылтыгында ок калбай, эки немис келе жатса коркпостон алдынан чыгып "Хенде хох" деп аларды туткунга түшүргөн экен, эгер алар каршылык көрсөтсө атып салмак деп эскерген эле. Немистердин куралы, автоматтары жакшы болгон дечү. Ошол эрдиги үчүн үчүнчү даражадагы "Даңк" медалы менен сыйланган экен. Ошондой эле немистердин еврейлерди катуу кордогонун көп айтчу.

Маркумдун каттары Ыраакы Чыгыштагы Артем шаарынан келген.
Маркумдун каттары Ыраакы Чыгыштагы Артем шаарынан келген.

Тагдырдын тамашасына айла жок, Турманбет өзү да немистерге туткунга 1943-жылдын этегинде Орусиянын батышындагы урушта түшүп калган. Шоркелдей туткундун купуя сырын уккан бирин-экин жакындарынын бири жогоруда биз кепке тарткан Асанбек Эргешбаев болгон:

- Ал кишинин согушта көргөн азаптары тууралуу айтып бергени өзүнчө эле тарых. Айтып отурса жомок сыяктуудай сезилчү эле. Алдына картаны коюп алып, "мына бул жерден чыгып, бул жерге баргам, мына бул жерден канча деген кемелер чөгүп кетти, биз аман калганбыз" деген эле бейиши болгур. Магеллан дүйнө жүзүн биринчи айланып чыккан болсо, экинчи мен айландым деп күлүп калчу.

Асанбек Эргешбаевдин айтымында, чынында эле маркумдун туткунга түшкөндөн кийин баспаган жери, көрбөгөн азабы калбагандай:

- 1943-44-жылдарда Батыштагы салгылаш учурунда Ишенбек деген жолдошу экөө эле калып, калганы бүт курман болгондон кийин немистердин туткунуна түшүптүр. Ал жерде картөшкөнүн кабыктарын жеп, аябай кыйналганын айтып, "андай күндү эч ким башка салбасын" дечү. Ошентип жолдошу экөө туткундан качып чыгып, америкалык союздаштардын колуна өткөн. Ошол бойдон эки жыл АКШда жүрүп, кийинчерээк Тынч океан аркылуу Ыраакы Чыгышка келген. "Туткунга түшкөнсүң" деген катуу текшерүүгө кабылып, көптөгөн азап-тозокту көргөн. Бирок акталып чыккан.

Кызы Канчайым менен.
Кызы Канчайым менен.

Жакындары “Турманбеттин денесинде осколкалар, күйүктүн тактары көп болчу, ошого карабай кайратынан жанчу эмес” деп эскеришет:

- Кайраттуу, күчтүү киши эле да. Ооруганын билдирчү эмес. Анын ички органдары катуу жабыркап, жарабай калганын көзү өткөндөн кийин билдик. Атамдын айтуусу боюнча, ошол кезде туткунга түшпөө керек деген талапты сталиндик бийлик катуу койгон. Акыркы окту өзүңөргө сактап койгула деген талап коюлган экен. Уруштардын биринде командири, жолдошу экөө эле аман калып, атам тапанча менен өзүн атмак болгондо ал токтотуп калыптыр, - дейт кызы Канчайым.

Ыраакы Чыгыштан келген сүйүү каттарынын бири.
Ыраакы Чыгыштан келген сүйүү каттарынын бири.

Жакындарынын эскерүүсүндө маркум орус тилин жакшы билген, сөзгө чебер, акындык шыгы бар, чыгармачыл адам болгон экен:

- Чиркин жаш, өмүр өтүп болсо кайып,

Алган жар созолонсо кучак жайып.

Артымда уулум калып, кызым калып,

Кайтса дейм бейитиме белги сайып, - деп анын согушта жазган ырын окуган Асанбек Эргешбаев тууганы "туткун" деген сөзгө басынып жүрүп, чыгармачылыгын уланта албай калды деп кейиди:

- Сатиралык ырларды да жазды, башка чыгармалары да көп. Сөз байлыгы кенен болчу. Эми аларды топтоп, китеп кылып чыгаралы деп аракеттенип жатабыз. Союз кезинде буларды "туткунга түшкөнсүңөр" деп катуу басмырлап, ырлары чыкпай калган. Көбүрөөк жашап, эгемендикке чейин жетсе канча деген ырларды жазып, китептерди чыгарат беле?! Өзү корунуп, бекинип алып ыр жазчу. Көрсө, союз мезгилинде "туткун" деп жектей берип, жүрөгүнүн үшүн алып койгон тура.

Атасы Эргешбай. Турманбет анын байбичеси экөө көргөн он төрт баланын токтоп калган туну.
Атасы Эргешбай. Турманбет анын байбичеси экөө көргөн он төрт баланын токтоп калган туну.

Маркум ошондой азап-тозоктордон кийин акталып, эл-жерине кайтып келип, 1953-жылы Барчагүл Тагаевага баш кошуп, эки уул, эки кыздуу болгон. Аны менен Ыраакы Чыгышта жүргөн кезде кат аркылуу таанышып, жети жыл кат алышып, убадалашкан экен. Аялы айылдык кеңештин төрайымы, аялдар бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Өзү киномеханик, электрик болуп иштеп жүрүп, 65 жашында көзү өткөн.

Ыраакы Чыгышта жазылган ыр саптары.
Ыраакы Чыгышта жазылган ыр саптары.

Туугандары ал Ыраакы Чыгышта орус улутунан аял алып, андан бир бала калганын, алгач алар менен кат жазышып жүрсө, кийинчерээк жубайынын кызганычынан байланыша албай калганын айтып жүрүшөт:

- Өзүнүн айтымы боюнча, Ыраакы Чыгышта жүргөн кезинде жергиликтүү орус аялга үйлөнгөн. Ыраматылык абам ал аялдан уулум бар, аты Петрбек дечү, ал баласы генерал болорун айтып жүрчү эле, - деди Асанбек Эргешбаев.

Азыр маркумдун неберелери Петрбек аттуу тууганын издөөнү ниет кылышууда. Орусиянын "Жди меня" программасына кайрылууну максат кылып, бирок көртирилик менен алпурушуп чыгынбай жүрүшкөнүн айтышты.

"Азаттыктын" апта түрмөгү: Согуш чайкаган тагдырлар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG