Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Чептен эрдин күчү бекпи?


Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйыны, 23-май.
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйыны, 23-май.

Чек ара маселесин талкуулаган ЖК комитети Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Турусбековду кызматтан четтетүү маселесин козгоду.

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Турусбеков тарабынан бир топ кызматтык мыйзам бузуулар болгондугун маалымдоодо. Ошол эле кезде Улуттук коопсуздук комитети Турусбековго тагылган айыптар тастыкталабаганын айтууда.

Тышкы чептин кантип чыңдайбыз?

23-майда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо, өлкөнүн түштүгүндөгү чек арага жакын аймактардагы кырдаал жана мамлекеттик чек араны коргоо абалы боюнча айрым күч структураларынын маалыматын укту.

Өкмөттүн апаратынын коопсуздук, коргонуу жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Замир Молдошев акыркы кезде өкмөт тарабынан чек араны бекемдөө боюнча жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берип, 2020-жылга чейинки чек ара жаатындагы стратегиялык багыттар аныкталып жаткандыгын айтты.

- Мекемелер аралык комиссия азыркы учурда эки жыйналыш өткөрдү. Жакында Чек ара структураларынын 2011-жылдан 2020-жылга чейинки стратегилык жана өнүгүү багыттарын бекитүүгө жана сунуштоого камынып жатабыз. Ошондой эле иш аракеттерди даярдап, чек ара кызматын мындан ары өнүктүрүү боюнча күзүндө донорлорду чакырып, жыйын өткөрүүнү пландап жатабыз.

Ошондой эле Молдошев Баткен облусундагы чек ара аймактарга бир катар айланма жолдорду жана чек ара бекеттерин куруу пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Аскер прокуратурасы №2-чек арачыны айыптады

Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Аскер прокурорунун орун басары Нуркамал Набиев Чек ара штабынын башчысы -Чек ара аскерлеринин төрагасынын биринчи орун басары Чолпонбек Турусбековдун мыйзамсыз иштерге аралашкандыгы боюнча маалыматтарды алып чыкты.

-2010-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын жараксыз кызматтык паспорту менен Кыргызстандын жараны Сагынбаев мыйзамсыз Кыргызстандан Казакстанга өткөн. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамсыз дипломаттык паспорту менен Узакбаев Эмил, Сагынбаев Жыргал жана Касымов Чынарбек Казакстан тарапка өткөн. Бул адамдар чек арадан Чек ара штабынын башчысы -Чек ара аскерлеринин төрагасынын биринчи орун басары Чолпонбек Турусбековдун көрсөтмөсү менен өткөн.

Мындан сырткары Аскер прокурорунун орун басары чек ара аскерлери арасында акыркы айларда катталган кылмыштуу иштерди санады. “Катыраң” чек ара бекетинде ур-токмоктон улам каза тапкан Абдразак уулу Назарбектин окуясын аталган чек ара бекетинин жетекчиси Сыдыгалиев жана орун басары Карыбаев экөөсү үч күн бою
жашырып отурган, мындан тышкары, бул адамдар жоокерлерди айылдык тургундарга акча үчүн иштөөгө берип, ал адаттагы көрүнүшкө айланган.

Дооматты Турусбеков жуутпай жатат

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкуловдун айтымында, Чолпонбек Турусбековго байланыштуу түшкөн арыздар боюнча кызматтык иликтөөдө анын күнөөлөрү тастыкталган эмес.

- Чек ара кызматында эле иштеп жүргөн адамдар тарабынан Турусбеков боюнча маалымат келген. Аны жердешчилик кылат жана ичимдик ичет кызмат учурунда дешкен. Ошол боюнча атайын текшерүү жүргүздүргөнбүз. Барып каршаса, анын баары такталган жок.

Катуу сынга жана айыптоолорго туш болгон Чолпонбек Турусбеков өзү “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Жыйын болду деп уктум, бирок кандай суроолор жана маселелер болду азыр менде маалымат жок болуп жатат. Мен ошон үчүн азыр жооп бере албайм. Ал эми жанагы менин үстүмдөн бирөөлөрдүн арыз менен кайрылганы боюнча атайын иликтөө бүткөн, жыйынтыгы чыгарылган. Ошол жерде коюлган маселелер чындыкка жатпайт деген бүтүм чыккан.

Турусбековго коюлган айыптардын чын-төгүнүн Башкы прокуратура да иликтөөгө алары маалым болду.

Ал эми Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков Турусбековго байланыштуу иликтөөлөр аягына чыкканча чейин комитет аны убактылуу кызматынан четтетүү маселесин да көтөрүп жаткандыгын билдирди. Ошентип чек араны чыңдоо маселеси бул кызматтын жетекчилеринин биринин жеке ишин кароо менен аяктады.

XS
SM
MD
LG