Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

ЕККУ Кыргызстандын түштүгүндөгү абалга кабатыр


Аудрониус Ажубалис
Аудрониус Ажубалис

ЕККУнун төрагасы Аудронюс Ажубалис Кыргызстандын түштүгүнө болгон иш сапарынан кабатыр болуп кайткандыгын белгиледи. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирип, кырдаалды жөнгө салуу үчүн бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы байланышты күчөтүү зарылдыгын айтты.

ЕККУнунун төрагасы, Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис мырза Кыргызстандын түштүгүндө этникалык топтордун ортосундагы өз ара ишенимдин толук калыптана электигине токтолду. Ал өткөн жылы июнь айында болуп өткөн этникалык кагылышуудан улам келип чыккан жараканы бүтөө кыйынчылыктарын белгиледи.

Аудронюс Ажубалис мырза кырдаалдын кайрадан курчуп кетүүсүнө өбөлгө түзө турган шарттардын көп экендигин айтты:

- Мен ал жактан олуттуу тынчсыздануу менен кайттым. Ал жактагы социалдык-экономикалык, саясий кырдаалдын күтүүсүздөн өзгөрүп кетүү мүмкүндүгү бар экен. Мени айрым бир дискриминация, куугунтуктоо жана адам укугу бузулган учурлардын көп болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар кабатыр кылды.

ЕККУнун төрагасы өз ара ишенимди калыбына келтирүү жана кырдаалды жумшартуу үчүн этникалык коомдоштуктар менен бийликтин ортосунда тыгыз байланышты күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Муна ал Кыргызстандын түштүгүндө болгон иш сапарында байкалгандыгын кошумчалады. Аудронюс Ажубалис мырза Кыргызстандын өкмөтүнө бир катар сунуштар менен кайрылгандыгын айтты:

- Кыргызстан этникалык топтор менен тынымсыз диалог түзүү аркылуу аларга өзгөчө көңүл бурушу кажет. Мындай демилге албетте өкмөт менен парламенттен түшүшү керек. Бийлик куру сөз менен гана чектелбестен абалды жакшы жагына жөнгө салуу боюнча күрдөлдүү аракет кылууга тийиш. Эл ошону күтүп жатат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын бийлигинин кырдаалды жөнгө салуу боюнча кызматташууга дилгирлиги белгиленди. ЕККУнун төрагасы Аудронюс Ажубалис мырза бийлик органдары кырдаалды жашырбай ачык айтышкандыгына үмүт байлагандыгын айтты:

- Кыргызстандын өкмөтү менен болгонун болгондой ачык сүйлөштүк. Өтө сезимтал маселелер боюнча да пикир алыштык. Мен бардык учурда бийлик башындагылардын чын дилден сүйлөп жатышкандыгын байкадым. Бул өтө маанилүү. Анткени башка жакта саясий жетекчилик буга окшогон маселелерди унчукпай коюшу мүмкүн эле.

Аудронюс Ажубалис мырза Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тараптан этникалык мамилелерди жакшыртуу боюнча сунушталамар иштелип чыгып, Кыргызстандын өкмөтүнө тапшырыла тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG