Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Террордук чабуулга шектүү адам кармалды


Өзгөндөгү террордук чабуулдан кийин, Кош-Коргон айылы.29-июнь, 2009-жыл.
Өзгөндөгү террордук чабуулдан кийин, Кош-Коргон айылы.29-июнь, 2009-жыл.

Ошто беш жыл мурдагы террордук чабуулдарга тиешеси бар, “Ислам жихад бирлиги” эл аралык террорчул уюмдун мүчөсү деп шектелген адам кармалды.

Атайын кызматтын билдиришинче, ал 2009-жылдагы Ош менен Жалал-Абаддагы террордук чабуулдарга байланыштуу эл аралык издөөдө жүргөн.

Сириядагы согушка да чакырганы иликтенүүдө

“Ислам жихад бирлиги” Кыргызстанда кара тизмеге кирген 13 террорчул уюмдун бири жана убагында Өзбекстан ислам кыймылынан бөлүнүп чыкканы маалым.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, согушкер деп шектелген жаран боюнча учурда иликтеп-тергөө иштери уланууда:

- Кармалган жарандын 2009-жылдагы окуяларга тиешеси бар экени аныкталган. Ошон үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Ал адам Сирияга барууга адамдарды үгүттөп жүргөн деген да маалымат бар. Азыр ушул багытта иштер жүрүп жатат.

2009-жылы 23-июнга караган түнү Жалал-Абаддын Таш-Булак айылында куралдуу кагылышта согушкер деп шектелген беш адам өлтүрүлгөн жана атайын даярдыктагы аскерлердин экөө окко учкан. Анын алдында бул куралдуу топ Жалал-Абад шаарында милициянын бир кызматкерин атып өлтүргөнү маалым болгон.

Көп узабай, 29-июнда Өзгөндө атайын операцияда Ош облусунун тургуну Хасан Сулайманов жана Өзбекстандын эки жараны жок кылынган. Жалал-Абад менен Оштогу террордук чабуул жасагандар “Ислам жихад бирлигинин” мүчөлөрү экени айтылган. Хасан Сулайманов 2007-жылы кылмыштуу топту түзүүгө катышкан, коркутуп-үркүткөн, мыйзамсыз куралданган, диний жана улуттук араздашууларды козуткан деген айып менен кармалган, бирок соттон оор беренелер боюнча акталган. Бул окуя ошол кезде кыргыз парламентинде кызуу талкуу жараткан эле.

Террорчул уюмдар биригип жатабы?

Талдоочу Кадыр Маликов “Ислам жихад бирлиги” Өзбекстан ислам кыймылынан бөлүнүп чыкканын жана эки уюмдун бири-биринен айырмасын айтып берди.

- “Ислам жихад бирлигине” Борбор Азия өлкөлөрүнүн эле эмес, Түркия, Пакистан, Германия, Батыш Европа мамлекеттеринин да жарандары кирет. Бул уюмдун аты Европа өлкөлөрүндө теракт уюштуруу менен да чыккан. Ал Өзбекстан, же Фергана өрөөнү менен эле чектелбейт. Азыр айрыкча Сириядагы окуялардан кийин ниети бир, аскердик жихад жарыялаган террорчул уюмдардын бирдиктүү фронтко чогула баштаганын байкоого болот. Ушул багыттан алып караганда бул уюмдун Кыргызстанга коркунучу чоң.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, милициянын генералы Рашид Тагаев коомдун кыраакылыгын, сактыгын ойготуу керектигин айтууда:

- Бул маселени жөн эле Коргоо кеңешинде карап койбой, болгон структуралардын баарын ишке салыш керек. ИИМ менен УКМКнын колунан эч нерсе келбейт. Жарандык мекемелердин, Кыргызстанга тынчтык каалаган уюмдар, бул жакта жашаган элдин баары чогуу аракет кылышы керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Антитеррор борборунун жетекчиcинин орун басары Таалай Жапаровдун билдиришинче, Кыргызстан терроризмдин алдын алуу үчүн болгон аракетин көрүп жатат:

- Бир чети Кудай сактап атат, экинчи жактан аз да болсо да жумуштар жасалып атат. Буга чейинкидей УКМК эле жооп бербей, коомдун баары иштесин деп мыйзамга өзгөртүү киргиздик. Жогорку окуу жайларда экстремизм-терроризм боюнча дарстарды окуп жатабыз. Азыр эми сайтыбызды ишке киргизебиз, ал жакта керектүү маалымат болот. Ошондой эле күч органдарына машыгууларды өткөрдүк. Ар бир террорчул уюмдарга баа берип, алардын мүчөлөрүн кантип аныктап табыш керек деген колдонмо китеп чыгардык. Быйылкыга да пландарыбыз көп. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, террорчуларды шарттуу эркинен ажыратууга, мунапыс берүүгө тыюу салууну сунуштап жатабыз.

Күч түзүмдөрү соңку учурда Кыргызстандын коопсуздугуна Сирияга барып-келгендерге байланыштуу кооптонуу жаралганын белгилешет. Атайын кызмат былтыр жыл этегинде Сириядагы согушка катышып келди деген шек менен Баткен облусунун тургуну кармалганын маалымдаган. Август айында да Сириядагы согушка катышып келип, Бишкекте жана Ошто бир катар жардырууларды пландаган деген Кыргызстандын эки, Казакстандын бир жараны колго түшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG