Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Сексуалдык азчылыктарды колдогон мыйзам каралууда


Нью-Йорктогу кумсалардын парадынан бир көрүнүш, 26-июнь
Нью-Йорктогу кумсалардын парадынан бир көрүнүш, 26-июнь

Кыргызстанда адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын паспорттогу өздүк маалыматтарын алмаштырууга уруксат берген мыйзам даярдалууда.

Бул тууралуу сексуалдык азчылыктарга колдоо көрсөткөн коомдук бирикме билдирди. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул мыйзам долбоору башка министрликтер менен макулдашылып жатканын маалымдады.

Сексуалдык азчылыктардын Advocate.com эл аралык маалымат булагы Кыргызстанда сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын жазып чыкты.

Анда Кыргызстандагы "Лабрис" коомдук уюмунун негиздөөчүсү Анна Кирей жаңы мыйзам боюнча кыргыз өкмөтү менен оңой тил табышууга жетишилгенин айткан.

Ал эми "Лабрис" коомдук уюмунун өкүлү Елена Шарпилова мыйзам долбоору боюнча “Азаттыкка” мындайча түшүндүрмө берди:

- Мыйзам долбоору даяр. Ал кээ бир министрликтерден өткөн. Биз 16 министрликке жөнөткөнбүз, алар макулдугун беришти. Бул мыйзам долбоорунун негизин айтсак, трансгендердик адам Республикалык психикалык саламаттык борборуна келип, ал жерден текшерүүдөн өтөт. Эгер анда транссексуалдык белгилер аныкталса, ал жерден справка алат. Биз ошол справканын негизинде паспорттук маалыматтарын алмаштырууга мүмкүн болсун деп жатабыз. Башкача айтканда, аны менен паспорттогу жынысы деген бөлүмдү жана аты-жөнүн өзгөртө алат.

Бул сыяктуу мыйзам дүйнөнүн 30дай өлкөсүндө бар экендиги айтылууда. 2009-жылы ушундай эле мыйзам Казакстанда кабыл алынып, бирок коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ошондон кийин паспорттогу жынысын жана ысымын алмаштыруу башка бир мыйзам аркылуу татаалдаштырылганын белгилешүүдө.

"Лабрис" коомдук уюмунун өкүлү Елена Шарпилованын айтымында, жаңы мыйзам долбоору Кыргызстандагы трансгендердик адамдарды зордук-зомбулуктан жана коомчулуктун суук көзүнөн сактайт.

- Бул мыйзам долбоору абдан маанилүү. Маселен, паспортунда аты аялдыкы болуп турганы менен ал өзүн эркек катары сезип, ошондой көрүнүшү мүмкүн. Ал эми кайсы бир жерге жумушка киргенде, паспортун көрсөтүүгө аргасыз болот. Өзү тууралуу айтып берүүгө мажбур. Бул албетте ал адам үчүн кайра эле ашыкча сөз жана проблема болот.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Света Байтикованын айтымында, бул мыйзам долбоору азыр министрликтердин макулдашуусунда турат.

- Бул башка министрликтерге макулдашууга берилди. Өкмөткө али киргизиле элек. Бул мыйзам долбоорун Саламаттыкты сактоо министрлиги киргизип жатат. Бул азырынча каралып жатат.

Бул мыйзам долбоору кыргыз журтчулугунда кандай кабыл алынаары азырынча белгисиз. Анткен менен ал коомчулукта чоң талаш-тартыштарды жаратып, айрыкча диний чөйрөнүн каршылыгына туш болот деген божомолдор бар.

Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн жетекчиси Жоробай Шергазиев толук кандуу эркек жана аял болуп, жынысын же аты-жөнүн өзгөртүү шариятка каршы келген иш деп эсептейт.

- Толук кандуу, бардык жактан жетиштүү эркек же аял башкача болуп өзгөрөм десе, ага тыюу салынып, арам нерсе деп эсептелет. Таза аял жана эркек болуп туруп эле аттарын, башкаларын өзгөртөбүз десе, бул шариатта катуу тыюу салынган нерсе.

XS
SM
MD
LG