Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Оштогу Италиянын бир үзүмү


Савыт Абдиллаев
Савыт Абдиллаев

Ош шаарында “Итальяно” деп аталган пиццерия иштейт. Анын ээси Савыт Абдиллаев Италиянын Верона шаарындагы университетте билим алган. Ал окуу менен бирге италиялыктардын улуттук тамак-аштарын, пицца жасоонун сырларын үйрөнүп келген.

26 жаштагы Савыт Абдиллаев Ош шаарына пиццерия ачканына дээрлик жарым жылга чукулдап калды. Улуттук даамдарга басым жасалган шаарда бөтөн элдин тамактарын гана жасап, сунуштаган ашканалар дээрлик жокко эсе. Ошентсе да ал тобокелге барып, Кыргызстандын түштүгүндө Италиянын бир үзүмүн берүүгө аракет кылган.

Ашкананын жасалгасы Италия желегиндей болуп ак, кызыл, жашыл түскө боелгон, кардарларга тамак берилген идиш-аяктар да ошондой түстө. Мунун себебин каарманыбыз мындайча түшүндүрдү:

Пиццериянын ичи
Пиццериянын ичи

- Менин кардарларым көбүнчө жаштар. Ошондой эле Ош шаарына чет өлкөлөрдөн туристтер, эл аралык уюмдардын кызматкерлери көп келет. Алардын арасында дайыма эле улуттук тамак-ашты жей албагандары бар, айрымдары туулган жерин, Европаны сагынат. Ошондуктан биздин ашканада дайыма Италиянын классикалык музыкалары жаңырып турат. Өзүбүздүн жергиликтүү жаштарга болсо, Италия тууралуу аз да болсо түшүнүк, маалымат берсек деген ойдо ушундай интерьер кылганбыз.

Ашкана чакан. 50 орундуу. Ошондуктан негизинен буюрутма берилген тамактарды каарманыбыз өзү даярдайт. Савыт мырза пиццанын камырын даярдагыча жардамчылары ага керектүү жашылча жана башка нерселерин туурап даярдап турушат.

Пицца бышыруу
Пицца бышыруу

- Бизде пиццанын жыйырма түрү жасалат. Азырынча өзүм даярдап атам, шакирттерим да бар. Буга чейин кардарлардан жылуу пикирден башка сөз уга элекпиз. Тамактар үчүн керектелүүчү негизги азыктарды Италиянын өзүнөн алдырам, аларды ташыган атайын компаниялар бар. Мисалы, Моцарелло сырын, атайын татымдарды, ошол эле учурда кофени да Италиядан алып келебиз. Колбасаны Бишкектеги халал колбаса жасаган ишканалардан алып келебиз. Жашылча-жемиштер болсо өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандардан алынат. Анткени биздин жашылчалар импортко караганда экологиялык жактан алда канча таза. Күндүн нуруна, тоонун суусуна бышат.

Пиццакананын негизги кардарлары жаштар жана чет өлкөлүк туристтер экенине карабай, анда алкоголдук ичимдик ичилбейт, толугу менен адал стандартта иштейт:

Пиццерияга англис тилин билгендер жумушка алынат
Пиццерияга англис тилин билгендер жумушка алынат

- Алкоголдук ичимдик сатылбаганы, тескерисинче жакшы. Азыр жаштар деле ичкиликке жакын эмес, окуп, бир нерсе үйрөнөйүн, бирдемеге жетишейин деп аракет кылышат. Ошондуктан көбүнчө бизге келген жаштар компьютер, китептерин ала келип, тамактанганча интернетти карап, китебин барактап отурат. Дем алыш күндөрү кардарларыбыздын көбү үй-бүлөсү менен келет. Кичинекей балдарын жетелей келишет. Үй-бүлөсү менен келип тамактануучу жерде да алкоголдук ичимдиктердин болбогону жакшы.

Тамактанууга келгендерди тейлөөгө англис тилин билген кыз-жигиттер алынат. Алар өздөрүнүн ишинен башка ашканадагы тамактар тууралуу толук маалыматты билишет:

- Англис тилин билген улан-кыздар иштешет, биринчиден, алар тамак буюрутма берген кардарлардын каалоосун түшүнүүсү керек, экинчиден, биз сунуш кылып жаткан тамактардын курамында эмне бар, кантип жасалат, эмнеден турат - ушулардын баарын айтып бере алгыдай болууга тийиш. Ошондуктан мен официанттарга менюну атайын үч күн мөөнөт берип, жаттатам. Алар үч күн ичинде жогорудагыларды кыргыз, орус, англис тилинде айтып бериши керек. Англис тилин эркин сүйлөй алган официант, бармендердин айлык акысына 20% кошуп төлөп берем.

Пиццериянын ичи. Ош шаары
Пиццериянын ичи. Ош шаары

Каарманыбыз өзү Оштогу технологиялык университеттен ашкана технологиясы адистиги боюнча окуган. Кийинчерээк Италиянын Верона шаарындагы Жулия менчик университетинен билим алып, окуу менен бирге ал жактагы ашканаларга барып иштеп, Италиянын улуттук тамактарын жасоону үйрөнгөн.

- Мен Жулия университетинде ресторан жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү адистиги боюнча окуп жүргөнүмдө кошумча акча табуу үчүн кечкисин шаардагы ашканаларга барып, иштечүмүн. Ал жердеги шеф-поварлардын көңүлүнө жагып, айтканын айткандай аткарсаң, өздөрүнө үйрөнчүк кылып алышат. Ал үчүн акча да төлөп беришчү. Ашпоздордун тамак жасаганын көрүп, кошо жасашып жүрүп, үйрөнүп алгам. Италиядагы ашканаларда талап аябай катуу, “боло берет” деген мамиле таптакыр жарабайт. Мен өзүм да азыр бул жакта ошондой талап коюп, кардарларга да ошондой жоопкерчилик менен мамиле кылууну кол алдымда иштегендерден талап кылып жатам. Буйруса жакынкы келечекте ашканабызды кеңейтүү максатым бар, бул үчүн азыр ылайыктуу жай караштырып жатам.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG