Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:32

Бишкекте автоунаанын айынан чырлаша кеткен эки адам бири-бирин улутчулдук үчүн айыптап жатышат. Бул иш боюнча бүгүн алгачкы сот отуруму болду. Айрым адистер турмуш-тиричиликтен чыккан талаш-тартышты улут аралык мамилеге байлоо туура эместигин айтып, жагдайга аяр мамиле кылуу керектигин билдирүүдө.

Соттогу айтылган маалыматтарга караганда окуя 2016-жылдын 29-июнунда болгон. Жапа чеккен тарап — врач-реаниматолог Егор Борисов. Ошол күнү кечинде ага аялы телефон чалып, жолдон бирөөнүн автоунаасын чийип алганын кабарлайт. Күйөөсү окуя болгон жерге келип, ортодо чыр-чатак чыгып, акыры бул иш сотко жетип отурат.

Егор Борисовдун арызынын негизинде экинчи тарап Мирлан Исраилов Кылмыш-жаза кодексинин "Улуттар аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталып жатат. Анын адвокаты Төлөнбай Асыбаев эки адамдын ортосунда келип чыккан майда келишпестик улуттар аралык кастык катары сыпатталып жатканын туура эмес деп эсептейт.

- Бул ар бир адамдын жашоо-турмушунда боло келген көрүнүш. Анын улуттар аралык кастык жаратууга, чагым салууга анчалык деле таасири жок. Ошондуктан мындай окуяларга саясий баа берүү туура эмес деп ойлойм. Азырынча бул териштирүү боюнча соттун чечими чыга элек. Чечимден кийин гана ага баа берүүгө болот.

Жабырлануучу Егор Борисов болсо окуя болгон жерде Мирлан Исраилов аны улутуна карата кемсинтип, андан кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылганын, мындан улам кайым айтышуу мушташка өтүп, өзүнүн мээси чайкалып, кабыргасы сынганын билдирди. Бул соттук отурумда да жабыркоочу "Азаттык" үналгысына улуттук белгисине карата запкы жегенин ырастап, өз чындыгын коргоо үчүн күрөшөрүн билдирди:

- Мен улуттук өзгөчөлүгүм боюнча кысымга учурадым. Андыктан өз укугумду акыр-аягына чейин коргойм.

Ал эми Мирлан Исраилов болсо өзү орус тилин билбегендиктен унаасын сүзгөндөр менен айтышып жатканда аларга "кыргызча билгендерди алып келгиле" дегенин, мындан улам ага Борисов орой мамиле жасап, анын натыйжасында экөө мушташа кеткенин айтты:

- Ошол жерден эле рулдагы кыз түшүп, кечирим сурап койгондо иш бүтмөк. Тигилер келип алып машинага асылып атпайбы. Чыр ошондон эле чыкты. Орус элине деле каршылыгым жок.

Парламент депутаты Бактыбек Жетигенов бул маселени сот кылдат карап, адилет чечим чыгаруу зарылдыгын, антпесе сыртынан майда талаштай көрүнгөн нерселер ырбап, чоң-чыр чатакка айланып кетиши мүмкүндүгүн белгилейт. Ал улуттар аралык мамиле маселесинде тараптарды өтө аяр болууга чакырат.

- Улут аралык маселеде ар бир маселени аяр карап, туура жыйынтык чыгаруу керек. Эгер андай болбосо ошол эле майда-чүйдө иштерден чоң чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн. Туура, жашоо-турмушта ар кандай кайым айтышуулар, пикир келишпестиктер болот. Бирок аларды көз жаздымда калтырган болбойт.

“Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова мындай соттук отурумдар коомчулукка түз эфирден көрсөтүлсө туура болорун, анткени өлкөнүн ар бир атуулу улутка, динге, регионго карата бөлүнүү мыйзам бузуу экенинен кабардар болушу зарылдыгын белгилейт.

- Кээде сен тигинтип айттың, минтип айттың деп статистика үчүн иш козгоп коюшат. Кээде социалдык тармактарды карасаң тирукмуш нерселерге чейин жазышат. Чын эле кээде сен жинди, мен жиндиден сөз башталып, анан баланчаны кырыш керек деген чакырыктарга чейин жетиши мүмкүн да.

Карасартова турмуш-тиричилик деңгээлинде улут аралык кастык жаратуу аракети Кылмыш кодексинин 299-берененин 2-бөлүгүндө белгиленгенин, күнөөсү аныкталгандар жасаган кылмышына жараша миң сомдон беш миң сомго чейин, же беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратыларын эске салды.

Октябрь райондук сотунда каралып жаткан улутчулдук соту эми 17-июлда уланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG