Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Эне менен бала аман болсун!


Кыргызстан энелер менен балдардын өлүмү боюнча Шериктеш мамлекеттердин арасында биринчи орунга чыкты.

"Орой көз чарай" талкуусуна Энелерди жана балдарды коргоо борборунун башчысы Камчыбек Узакбаев жана “Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун башчысы Бурул Макенбаева катышты.

“Азаттык”: Камчыбек мырза, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан ымыркайлардын өлүмү боюнча дээрлик алдыңкы орунда турары айтылып жатат. КМШ мамлекеттеринин статистикасы боюнча өткөн жылы төрөлгөн балдардын миңинен жыйырма жетиси чарчап калган. Мындай кайгылуу көрүнүштүн негизги себеби эмнеде?

Узакбаев: Бул көрсөткүч бир аз туура эмес, анткени былтыркы жыйынтык боюнча миң баладан 22,1 бала чарчап калат. Ошондой эле энелер менен ымыркайлардын өлүмү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда же КМШда биринчи орунда турат деген маалымат да туура эмес. Себеби Өзбекстандын расмий маалыматтары төмөн, Тажикстанда да балдар менен энелердин өлүмү жагынан бизге караганда алдыда турат.

Ал эми биздин расмий маалыматтар так деп айтат элем. Анткени 2004-жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Бүткүл дүйнөлүк саламаттык уюму менен бирдикте биздеги эне менен баланын өлүмү тууралуу маалыматка тактоо жүргүзгөнбүз. Ошондон бери жыл сайын бул уюм менен чогуу такталат.

Макенбаева: Бул маселени он чакты бейөкмөт уюм биргеликте иликтеп жатабыз. Бир канча жылдан бери эне менен баланын өлүмүнө жалгыз эле Саламаттык сактоо министрлигин күнөөлөп келатканыбыз туура эмес, анткени комплекстүү түрдө жардам жок. Энелерге төрөткө чейинки жана андан кийинки эргүү жок, балдарга жөлөк пул баарына эле берилбейт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эне менен баланын өлүмүнө энелердин кош бойлуу мезгилинде өзүнүн, ошол эле учурда курсагындагы баласынын саламаттыгына олуттуу көңүл бурбагандыгы көбүнчө негизги себеп катары айтылып келатат. Дарыгерлердин күнөөсү жокпу?

Узакбаев: Саламаттык сактоо министрлиги бейөкмөт уюмдардын катышуусунда андай учурларда атайын иликтөөлөр жүргүзүлөт. Ошонун натыйжасында эгер эненин же баланын өлүмүнө дарыгер күнөөлүү экени аныкталса, жазасын алат. Беш кол тең эмес.

Макенбаева: Эне менен баланын өлүмүнүн себебин көз карандысыз комиссия иликтеши керек. Бирок менин билишимче андай комиссияга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылбайт. Азыр билесиңер, өзгөчө Бишкекте жана башка чоң шаарларда төрөт коммерцияга айланып калды. Төрөйм деген аял бир дарыгер менен сүйлөшүп, ага акчасын берет. Ал врачтан башкалары карабайт, кайдыгерлик менен мамиле кылышат. Ошондуктан эненин же баланын өлүмү катталган учурда ошол оорукананы сотко берип, жалпы жоопкерчиликке тартканда мындай көрүнүштөр азаят эле.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG