Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:54

Сокулуктагы кулчулук чырынын чоо-жайы


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, алардын бирин чынжыр менен бутунан байлап койгону жөнүндө маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду.

Учурда бул окуяны милиция териштирип жатат. Ал эми аялдарды күң кылган деген үй ээлери менен алардан зордук-зомбулук көрдүк деген тарап бири-бирин айыптап чыкты.

Өзүн жабырлануучу катары тааныштырган Кенжегүл Жапарова үч кызы менен беш ай бою Сокулукта кулчулукта жүрүп, бир тыйын албай оор шартта иштегенин айтса, үй ээлери тескерисинче Жапарова баш калкалоо үчүн кыздарын алып өз эрки менен келгенин билдирди.

Бул факт Жазык кодексинин 172-беренеси («Мыйзамсыз жол менен эркиндигинен ажыратуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Окуяны милиция териштирип жатканын 1-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

30-сентябрда Интернет булактарында чыккан маалыматтарда Сокулуктун тургуну үч аялды кулчулукта кармап, бирөөнү чынжырлап койгону айтылган. Алардын бири Кенжегүл Жапарова жашы жете элек үч кызы менен беш айдан бери кулчулукта жүргөнү тууралуу кабар тараган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева «Азаттыкка» шек саналган кишилер суракка алынып, экспертиза жүрүп жатканын билдирди.

- Арыз менен кайрылган адам «үч аял кулчулукта жүрөт» деп жазган. Алардын бирөө байланып турган абалда табылган. Бул факт боюнча бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бардыгы суракка чакырылган. Бирок көрсөтмө бергенде ар кимисиники ар башкача болуп жатат. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, чынжыр менен бутунан байланып турган аялдын эжеси суракта психикалык жактан жабыркаган сиңдисин өзү байлап койгонун, аны үй ээлери билбегенин айтып берген. Алар арыз жаза элек.

Оштон Бишкекке келип нан жапкан

Биз андан башка үч кызы менен кулчулукта жүргөн делген Кенжегүл Жапарованын жактоочусу Улан Кудайбергенов менен байланыштык. Ал Жапарова Ош шаарында радио түйүнүнө жумуш издөө үчүн номурун таштап кеткенин, кийин Бишкектен ага Гүлмира деген аял телефон чалып, жумушка чакырганын айтты.

Анын сөзү боюнча, Жапарова жашы жете элек үч кызы менен ушул жылдын май айында Гүлмиранын Сокулуктагы үйүнө үй жумуштарын жасоо үчүн келген. Ал үчүн айына 6 миң сом акы алууга макулдашкан.

Кудайбергенов үйдүн кожойкеси Кенжегүл Жапарованы жана балдарынын болгон документин, чөнтөк телефонун алып алганын, башта сүйлөшкөндөй үй жумуштарын эмес, тандырга нан жаптырып иштетип, бир да тыйын бербегенин айтты.

- Бир күндө үч-төрт кап ундан камыр жууруп, нан жапчу экен. Эртең менен саат 5те туруп, түнкү саат экиге чейин иштеген. Улуу кызын таңкы саат 7ден кечки 11-12ге чейин Сокулуктун базарында нан саттырышкан. Ортоңку кызы Бишкекте үй ээсинин тууганынын үч жаштагы жана тогуз айлык баласын бакчу экен.

Кыздардын улуусу 12, ортончусу 10, кичүүсү алты жашта. Алардын окуусу башталгандыктан эки кызы үйүнө, Алай районуна кетишкен. Кенжегүл Жапарованын адвокаты Чүй облустук милициясы окуяны ыкчам иликтебей жатканына арызданды.

Үч аялды, балдарды кулчулукта кармаган деп доомат коюлуп жаткан Гүлмира Теңишова тескерисинче «Азаттыкка» каршы тарапты айыптады.

Ал Жапарова үч кызы менен майдан бери анын үйүндө жашаганын, алар менен радио түйүнгө калтырылган жарнама аркылуу таанышканын ырастады. Бирок калган бардык дооматтарды төгүндөп, Жапарова үй ишин гана жасаганын, ортончу кызы Бишкектеги сиңдисинин балдарын өз каалоосу менен бакканын билдирүүдө.

- Алар (ред: Кенжегүл Жапарова кыздары менен) өз ыктыяры менен келишкен. «Жолдошум сабап, бычак менен коркутат. Жашообуз кыйын болуп кетти» деп келген. «Төрт балам бар. Бирөөнү таштадым. Бишкекке келгенимди күйөөм билбейт. Кокус билип калса сабайт» деп айтып, Оштон такси жалдап келген. Окуя болгон күнү тойго кеткем. Кызым чалганынан келсем, милиция үйгө бир жолу келип-кетиптир. Кылган жакшылыгымды жокко чыгарып, жамандап жатышат. Мен милиция үйгө барганда тойдо болчумун. Ал (ред: Кенжегүл Жапарова) баарын уюштуруп туруп анан бизге «келгиле» деп кабар берген экен.

Гүлмира Теңишова кулчулукта жүрдүк деген аялдын кичүү кызын мектепке киргизип, эки кызын окутуу боюнча сүйлөшүп жатканын, тескерисинче аларга жардам көрсөткөнүн айтууда.

Бул окуя Кыргызстандагы адам укугу, адамдын эркине каршы иш жасап, мажбурлап кулчулукта иштетүү темасын кайрадан эске салды.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова буга чейин кыргызстандыктардын чет жакта кулчулукка кабылганы боюнча фактылар катталган болсо, акыркы убактарда өлкө ичинде да буга окшош окуялар болуп жатканына токтолду.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Эл адамдар чет өлкөдө кулчулукка көп кабылат деп билип калышты. Түркияда, Араб эмираттарында сексуалдык, ал эми Орусия менен Казакстанда жумуш боюнча кулчулукка кабылышат. Бирок биз жашаган өлкөнүн ичинде деле кулчулукка кабылгандар бар. Мисалы, малы көп адамдардын багар-көрөрү жокторду кулчулукта кармаган окуяларын угуп жүрөбүз.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылып келет. Ага ылайык, өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылганы боюнча он чакты кылмыш иши катталат.

Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылаарын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG