Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Сот "Sound Cloud" сайтына тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда "Sound Cloud" аудио таркатуучу платформасына тыюу салынды. Октябрь райондук соту аталган сайтта экстремисттик мүнөздөгү аудиолор жайгаштырылганын жүйө келтирди. Бирок коомчулукта ""Facebook" же "YouTube" сыяктуу эле бул платформаны толугу менен жаап салууга муктаждык жок" деген пикирлер айтылууда.

"​Sound Cloud" же англисчеден которгондо "үндөрдүн булуту" деп аталган сайтта аудио маектер, музыкалык чыгармалар, подкаст жана башка кызыктуу аудиоматериалдар жайгаштырылат. Ал былтыр Октябрь райондук сотунун чечими менен экстремисттик деп таанылган сайттардын катарына киргизилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

- Экстремисттик өңүттөгү материалдарды тараткан дагы башка бир катар сайттардай эле "Sound Cloud" сайтын да колдонууга чектөө киргизүү тууралуу чечим чыккан. Колдонуучулар эч кандай жоопко тартылбайт. Аны ишке ашыруу ИИМ, УКМК жана Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жоопкерчилигинде, - деди Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева.

Экстремисттик өңүттөгү материал жайгаштыргандыгы үчүн Кыргызстанда "Sound Cloud" сайтына бөгөт коюлду.
Экстремисттик өңүттөгү материал жайгаштыргандыгы үчүн Кыргызстанда "Sound Cloud" сайтына бөгөт коюлду.

Анткени менен айрым интернет-провайдерлер бул сайтка бөгөт коюуга шашылган жери жок. Мисалы, “Мегалайн” провайдеринин колдонуучулары үчүн сайт толугу менен жабылса, “Акнет” провайдерине кошулган Интернет колдонуучулар "Sound Cloud" порталына тоскоолдуксуз кирип, аудиолорду уга беришет. Кыргыз Республикасынын Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз өкүлү Сапар Бахирдиновдун "Азаттыкка" айтканына караганда, азырынча "Sound Cloud" платформасын колдонууга чектөө киргизүү техникалык себептерден улам толук ишке ашпай жатат.

- Биз ар бир интернет-провайдерге соттун чечимин жөнөтөбүз. Ар бир провайдер бизге кат түрүндө кайра жооп берет. Чектөөнү ошолор киргизишет. Азыр кээ бир провайдерлердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетпей жатканына байланыштуу чектөө киргизе албай жатат. Негизи жалаң эле аудиого чектөө киргизсе болмок. Себеби бул сайт социалдык тармак сыяктуу иштейт да. Бирок биз бир аудиого чектөө киргизе албаганыбызга байланыштуу толугу менен сайтка чектөө киргизүүгө туура келет.

Интернет колдонуучулар "экстремизм менен күрөшүүдө ири интернет-порталдарды жабуу натыйжа бербейт" деген көз карашта. IT жаатындагы адис Азис Абакиров бул маселе IT коомчулугун тынчсыздандырарын айтып, мындай чечим коомчулукта талкууга алынбастан кабыл алынганына токтолду:

Азис Абакиров.
Азис Абакиров.

​- Мындай чечим экстремизм жана терроризм менен күрөштүн илеби ушундай эч зыяны жок сайттарга да тийиши мүмкүн экенин көрсөтөт. Негизи эле чектөө менен маселе чечилбейт. Бул сайт "YouTube" же "Facebook" сыяктуу эле сайт. Анан кантип бул маселе коомчулукта талкууланбай туруп өтүп кеткени суроо жаратат.

Интернет колдонуучу Ширин Муканбетова сайтка чектөө киргизгени менен аны тиркеме аркылуу көчүрүп алса болорун жана ага эч кандай бөгөт коюу мүмкүн эмес экенин айтат.

"Sound Cloud" сайты менен кошо тизмеге hizbut-tahrir.or.id, hizb-afghanistan.org, hizb-uzbekiston.info, alemerah.com, alsomood сыяктуу интернет-булактар кирген. Алар "Хизб ут-Тахрир-ал-Ислам", "Талибан" жана "ДАИШ" уюмдарынын үгүт материалдарын жайгаштырганы үчүн жабылган.

Ушул тапта бир катар жалпыга маалымдоо каражатары да өздөрүнүн материалдарын көп жылдар бою "Sound Cloud" аудио порталына жүктөп келатышат. Портал бүткүл дүйнөдө угармандарга ыңгайлуу усул катары кызмат кылып келет.

"Sound Cloud" платформасы 2007-жылы ойлоп табылып, 2008-жылы иштей баштаган. Каалоочулар ал жакка ар кандай үндөрдү, музыканы, ырларды жана подкасттарды жүктөп, башкалар менен да бөлүшө алат.

Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон аркылуу жеке сүйлөшүүлөрүнүн аудиолору "Sound Cloud" сайтына жүктөлгөн соң түрк бийлиги сайтка 2014-жылы чектөө киргизген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG