Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Түштүк Кореядагы кыргыздардын да арманы арбын


Кышкы Сеулдун көчөсүнөн бир учур.
Кышкы Сеулдун көчөсүнөн бир учур.

Түштүк Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыздар ар кандай кырсыктарга кабылууда жана айрымдары өлкөдөн чыгарылып жатат.

Алардын көпчүлүгү бул өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандыктан эч кимге арызданбаганды туура көрүшөт. “Азаттыкка” Түштүк Кореянын Свон шаарында иштеп жаткан кыргыздар арыз-арманын айтып, телефон чалышты.

Гүлазия Исраилованын иниси Чынгыздын Кореяга барып иштеп жатканына бир жыл боло элек. Мындан бир ай мурда ал Свон шаарындагы заводдордун биринде иш маалында станокко колун кестирип алган.

- Кыргыздардын көбү ар кандай заводдордо иштешет. Жаракат алып же болбосо айлыгын ала албай калган учурлар көп эле кездешет. Менин иним дагы ошондой болду. Колун кестирип алганы аз келгенсип, мынакей 20 күндөн бери түрмөдө отурат. Жашаган жеринен миграция кызматынын өкүлдөрү кармап кетишиптир. Атайын эле заводдун ээси карматты окшойт деп ойлоп жатабыз. Анткени эгерде биз компенсация талап кыла турган болсок алар өкмөткө өтө көп акча төлөшмөк. Ал эми азыр биздин операциядан тышкары түрмөдөн чыгарып алганга эле канча акчабыз кетет.

Бүгүн анын колуна дагы бир сыйра операция жасалмак. Адегенде компенсация төлөөдөн баш тарткан завод жетекчилиги кыргыз элчилигинин кийлигишүүсү менен операция акчасын төлөп берүүгө макул болгон.

Бирок ошол эле акча маселесинин айынан оперция убактылуу токтотулду деп билдирди бул ишке көзөмөл жүргүзүп жаткан кыргыз элчилигинин биринчи катчысы Бакыт Исаев.

- Бүгүн Чынгыздын операциясы болмок. Заводдун жетекчилиги дагы келиптир. Чынгыз менен сүйлөшүп, компенсациясын төлөп берээрин айтышты. Эки жолун сунушташты - же акчасын берели, Кыргызстандан барып жасат, же бул жактан операцияга кеткен чыгымды төлөп берели деп. Бирок Чынгыз өтө көп акча сурады. Анан азыр заводдун жетекчилиги ойлонуп жатышат.

Чынгыз менен бирге кармалган 5-6 бала Кыргызстанга чыгарылып жиберилген экен. Алардын бири Максат Аманов Кореяга келишим менен барып, үч жылдай иштегенден кийин кармалып, өлкөдөн чыгарылган.

- Биз келишим менен кеткенбиз. Ал жакта 3 жыл иштедим. Алгач шыйпыр чыгарган заводдо, анан жумушу оор деп башка ишке которулуп кеттим. Эми жумуш бергендердин мамилеси жакшы эле, болгону корейлер акчага келгенде гана тырышып калышат.

Кыргызстандан Түштүк Кореяга баргандар саны артуу үстүндө. Ошондуктан, Кыргызстан бул өлкөдөгү дипломаттык өкүлчүлүгүн кенейтип жатат. Бирок баргандардын бир даары келишим мөөнөтү бүтсө да кала беришет. Көпчүлүк деген көпчүлүк эмеспи, ар кандай окуялар, кырсыктар боло жүрөт. Мындан бир нече ай мурда эмгек визасынын мөөнөтү бүткөн кыргыз мигранттарын Кореядан депортациялоо башталган.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, бул өлкөдө үч-төрт миңдин тегерегиндеги кыргыз жарандары бар.

XS
SM
MD
LG