Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Балбандарыбыз Лондон олимпиадасына катыша албайбы?


Стамбулдагы мелдеш, 2011-жылдын 12-сентябры.
Стамбулдагы мелдеш, 2011-жылдын 12-сентябры.

Стамбулдагы дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары бир да олжо алган жок, бул деген Лондон олимпиадасына дээрлик жолдомо албай калды дегендик.

Эми бир жолдомо алыш үчүн өтө оор сыноодон өтүшү керек болот. Кыргыз спортуна намыс алып келип жаткан күрөштөн кыргыздардын жолдомо албай калышына ким күнөөлүү? Спортчулар өздөрүбү же аларга тийиштүү шарттарын түзүп бере албаган мамлекетпи? Бул суроолор “Азаттыктын” таңкы “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынды.

Талкууга Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов менен Кыргызстандагы жалпы эле күрөш федерациясынын президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Абилдаев катышты. Ошондой эле угармандардан телефон аркылуу суроо, ой-пикир, сунуштар айтылды.


Талкуунун биринчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз.


“Азаттык”: Стамбулда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар ийгиликке жетише албай калышына негизинен эмне себеп болду? Сөз күрөш жаатында болуп аткан соң, Бейшен мырза сөздү сизден баштасак...

Бейшен Абилдаев: Менимче, буга чейин биздин балдар ар кайсы кеңири масштабдуу оюндарда жакшы натыйжаларга жетишип, өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алышты. Дүйнөлүк чемпионатка да абдан жакшы даярдыкта барышкан. Спорт комитети тарабынан да, машыктыруучулары жагынан, федерация жагынан да даярдыктар жакшы болду. Стамбулда өткөн чемпионатта да балдар аракет кылып, жакшы күрөштү, биз көрдүк. Канат Бегалиев Бейжин олимпиадасында алдырып койгон француз балбаны менен күрөшүп, аны утуп, өзүнүн ага караганда күчтүү экенин көрсөттү. Бирок күрөштүн азыркы эрежеси бир аз башкачараак болуп калды. Ага ылайык чүчү кулак кармаганда Канатка өтө күчтүү атаандаш туш келип калды. Ошентсе да биздин балдардан үмүтүбүз зор.

Мурат Саралинов: Эл аралык күрөш - спорт федерациясынын эрежелери жылдан-жылга өзгөрүп жатат. Анткени олимпиадалык спорт түрлөрүнүн бири болуп сакталып калуу зарылчылыгы туулуп жатат. Ошондуктан, мурда үч күндө күрөшө турган байгелерге бүгүнкү күнү балбандар бир күндө күрөшүүсү керек. Мисалы бүгүн саат 2де башталган күрөш кечки саат 7ге чейин созулат. Балдар беш саат бою алты балбан менен күрөшүп атышат, бул абдан оор жүк, алар бул аралыкта көп күч сарпташат. Ошондуктан, ушундан биз жыйынтык чыгарып, спорт медицинасынын өкүлдөрү менен оюнчуларга керектүү болгон фармакология, витаминизация сыяктуу шарттарды түзүп, туура пайдаланып, жолго салып алсак, биздин балбандар кийинки турнирлерге жакшы даярдана алышат.

“Азаттык”: Чоң спортто ийгиликтерге жетишкен кыргызстандык спортчуларга мамлекет тарабынан берилип жаткан сыйлыктар аз деген пикирлер бар. Ошол эле учурда айрым спортчуларга мамлекет, бийлик тарабынан убада кылынган үй, акчалай сыйлыктар убагында берилбей жатат деген нааразылыктар айтыла калып жүрөт?

Бейшен Абилдаев: Бейжин олимпиадасында ийгилик жараткан балдарга мамлекет тарабынан жакшы эле көңүл бөлүнүп, аларга 100-150 миң доллардан акчалай сыйлык алышты, алардын машыктыруучуларында да жакшы акчалай сыйлыктар, үй берилди. Айтып коюучу бир нерсе, өткөн жылы дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду, Гуанчжоуда өткөн Азиада оюндарында биринчи орунду алган Данияр Көбөновго, анын машыктыруучусуна убада кылынган үй берилбей келе жатат. Мына бир жыл болуп калды, алар улам бизден сурап жатышат. Бишкектин мэри Иса Өмүркулов өзү убада кылган болчу.

Мурат Суралинов: Убада кылынган соң берилгени жакшы, бирок бизге телефондон байланышкан аксакал жакшы айтып кетти, атуулдук сезим дагы биринчи орунда турушу керек да. Материалдык кызыкчылыкка гана ооп кетпей, спортчуларда атуулдук сезим да болушу керек. Сыйлыктар жагынан бүгүнкү күнү жакшы эле көңүл бурулуп жатат. Ар кандай жеке ишканалар, жергиликтүү бийлик тарабынан спортчуларга акчалай, автоунаа катары, үй тургузууга жер участоктору берилип жатат. Ошондуктан, биздин спортчулар, машыктыруучулар акчага умтулбай, эң биринчи кезекте өз өлкөсүнүн, элинин атуулу болушу керек.

Талкуунун экинчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз.



“Азаттык”: Ар кандай дүйнөлүк жана башка чемпионаттарда эл аралык калыстар калыстык кылбайт деген да нааразылыктар айтылып жүрөт. Мисалы ушул Стамбулда өткөн чемпионатта да “биздин балдар жакшы күрөштү, бирок калыстар алардын чеберчилигин көрүп туруп көргүлөрү келбей, атаандаштарына тартып коюшту, бардыгын акча чечип калды”, - деген сөздөр айтылды...

Бейшен Абилдаев: Бизге да ошондой көрүнгөн, бирок кийин биз барып териштиргенде калыстар тобу кайра көрсөтүп беришти, биздин машыктыруучулар менен көргөн соң калыссыздык болбогонуна көзүбүз жетти.

Мурат Саралинов: Бул бирден-бир көйгөй болуп келе жатат. Мисалы боксту алсак, бокста эки-үч жыл мурда калыстык болбой, боксту олимпиада оюндарынан чыгаруу тууралуу чечим дагы кабыл алынуу алдында турган. Бирок кийинчерээк федерация башчысы алмашып, эл аралык бокс федерациясы эрежелерин оңдоду, азыр баары калыстык менен болуп атат. Бул боюнча эл аралык федерациялар чоң жумуш жасап жатышат. Бир ньюанс бар, ачык айтып коюш керек, биздин ар кайсы спорт федерацияларынын башчылары да көбүрөөк иштеп, ошол эл аралык федерациянын курамына өкүл болуп кирүүгө аракеттениши керек, калыстарыбыз да эл аралык деңгээлдеги калыстардын даражасын алып, ошол топторго мүчө болуп кириши зарыл. Канчалык биздин өкүлдөр ошол жакта көп болсо, акыйкаттык ошончолук көп болот.

“Азаттык”: Кыргыз спортчуларынан кимдер, кайсы спорт түрүнүн чеберлери Лондон олимпиадасына жолдомо ала алышты. Анткени арада он эле ай убакыт калды?

Мурат Саралинов: Мурунку, кийинки оюндарда жетишкен ийгиликтерди эске алуу менен мен өзүбүздүн балбандарга ишенем. Азыр дагы алдыдагы үч эл аралык турнир бар, ошолордо биздин балдар кыргыз элин жер каратпай, намыска жарап беришет, олимпиадага жолдомо алабыз деп ишенем.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG