Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Платини: Келе-келе дей бербей, аракет кылгыла


УЕФА президенти Мишель Платинин "Легенда кубогун" жеңген "Алай" командасына кубокту тапшырууда. Бишкек, 9-октябрь, 2012.
УЕФА президенти Мишель Платинин "Легенда кубогун" жеңген "Алай" командасына кубокту тапшырууда. Бишкек, 9-октябрь, 2012.

УЕФАнын президенти Мишель Платини кыргыз футболунун өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте жеткинчектер менен өспүрүмдөргө кам көрүүгө чакырды.

УЕФА президенти, атактуу футболчу Мишель Платининин Кыргызстанга келиши жергиликтүү бийликтердин жана адистердин футбол чарбасына башкача кароого түрттү көрүнөт. Платини өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукканда УЕФА Кыргызстандын футбол федерациясын керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, футболчуларды окутууга даяр экенин билдирди. Ошону менен катар эскилиги жеткен футбол инфраструктурасын жаңыртуу керектигине кыргыз жетекчилигинин көңүлүн бурду.

Ал эми футбол федерациясынын жетекчилери менен да жолукканда реформаны жаш балдардан баштоо зарылдыгын белгиледи:

- Кыргыз жергесинде футболго кызыгууну байкадым. Бул жакшы жышаан. Бирок учур талабына ылайык стадион, футбол аянттарын куруу зарыл. Футбол менен жаштарды тарбияласа, акыры натыйжасы болот. Футбол федерациясында негизинен жаштар иштейт экен. Алардын демилгелерин колдоого алып, эл аралык уюмдар менен тыгыз иштөө керек.

Айткандай эле Кыргызстанда футболдун деңгээли жылдан-жылга төмөндөп баратканына баары кабатыр. Буга мисал: Kыргызстандын курама командасы октябрь айында ФИФАнын рейтингинде 207 өлкөдөн 20 упай менен 198-орунга, дагы бир тепкич ылдый түштү. Бул - кыргыз футболунун эл аралык рейтингдеги эң төмөнкү көрсөткүч. Муну менен Кыргызстан Африкадагы эң жакыр - Түштүк Судан жана Маврикий өлкөлөрүнө катарлаш туруп калды.

Кыргызстандын футбол федерациясынын төбөлдөрү өнүккөн өлкөлөрдү айтпаганда да кечээ эле жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстандан да артта калганын моюнга алып жатышат. Мисалы Тажикстан жакында Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык оюндарын Дүйшөмбү шаарында өткөрдү. Тажиктер ФИФАнын рейтинги боюнча 136-орунда. Ал эми Өзбекстандын жаштар командасы жакында Азия чемпиону аталды.

Ал эми Кыргызстандын Топ-лигасында каражаты бар 5-6 команда гана ойноп, чеберчилиги төмөн экенин футбол адиси Рыскелди Мусаев айтып келатат.
Бишкекте же Ошто оюн болуп жатканда стадиондо жүзгө жетпеген күйөрман болот. Кечээ гана уламышка айланган Мишель Платини устатты көрүү үчүн болсо керек, 15 миңдей күйөрман келди.

Ал эми Совет доорунан калган стадиондордун эскилиги жетип, оӊдоп-түзөлүүгө муктаж. Кечээ “Алай” жана “Алга” командаларынын беттешүүсүндө стадиондогу табло иштебей турду.

Футбол федерациясы кризистен чыгуунун ар амалын издеп жаткан учуру. Ал эми мамлекеттин көп каражат сураган футболду каржылоого чамасы жетпейт.

Кыргыз футболу ФИФАнын федерацияга бөлүп берген 250 миң долларынын эсебинен гана каржыланат. Бул каражат курама команданы кармоого, мелдештерге катышууга, устаттарга айлык акыга чыгымдалат,- дейт федерациянын маалымат катчысы Канат Асенов.

Канткен менен мол каражат келгенде да кыргыз футболу заматта өнүгүп, өсүп кетет деп айтуу кыйын. Ошондуктан Франциянын тажрыйбасын пайдаланып, жаш балдарга шарт түзүп, атайын программа кабыл алуу керек, - дейт футболдук серепчи Табылды Асыгалиев.

- Азыр биздин футболдун деңгээли абдан төмөн. Орусия, Украинаны айтпай эле коёлу, азыр биздин футбол коңшу Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандыкынан да начар. Бирок футбол жыл өткөн сайын өнүгүп жатат деп адистер калп айтышууда. Жогорку лигада 5-6 команда ойноп жатса, кайдагы өсүш? Ошондуктан жакынкы мезгилдерде коңшуларды кууп жетмек түгүл, чаңында кала беребизби деген ой келет. Балдарга гана көңүл бурулбаса, чоң футболдун келечеги күмөн. Франциянын тажрыйбасын колдонуу керек.

Кыргызстандын Топ-лигасында быйыл 8 команда ойноп жатат. Алардын ичинен Бишкектин "Дордой" клубу менен Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу гана туруктуу каржыланып, өз стадиону, футбол мектептери бар.

Футбол федерациясын дале Сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев чет өлкөдө туруп башкарат. Ал апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен, ошондон бери өлкөгө кайта элек.

Бирок ал ФИФАнын жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жүрөт.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, чет өлкөдө жүрүп, федерацияны толук кандуу башкара албаган Айбек Алыбаев ордун эрте бошотуп, иш билги жетекчи келүүсү зарыл.

- Федерацияга учурда иш билги, уюштургуч жаңы жетекчи зарыл. Себеби бул жагдай кризисти тереңдетип жатат. Эгерде Алыбаев Бишкекте болсо Мишель Платини өзү тосуп алып, кызматташууга, келишимдерге президент катары кол коймок. Ошондуктан Платини УЕФАнын аткаруу комитетинде жардам берүү маселелерин карап көрөбүз деп дипломатиялык сылык гана мамиле кылды.

Кыргыз жергесине келип кеткен Мишель Платини Европа футбол клубдары менен кызматташууга жол ачып, кризиске баткан кыргыз футболуна таасири тийер бекен деген үмүт ар бир футбол күйөрманынын көөдөнүндө. Бирок Платини “ар кимден келе-келе дей бербей, мамлекет да, бизнес да, коом да жабыла кириши керек”, - дегендей ойду айтты.

"Алга" - Алай" командаларынын "Легенда кубогу" үчүн таймашы


“Алай” - “Легенда кубогунун” ээси
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG