Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Футбол сазга батып турат


Кыргызстанда футбол чемпионатынын деңээли жыл өткөн сайын төмөндөп баратат.

Kыргызстандын футбол боюнча курама командасы сентябрь айынын жыйынтыгы менен ФИФАнын рейтингинде 203 өлкөдөн 20 упай менен 197-орунга түштү. Бул - кыргыз футболунун эл аралык рейтингдеги эӊ төмөнкү көрсөткүч, Африкадагы эң жакыр Түштүк Судан жана Жибути өлкөлөрү менен катар турат.

Спорттук серепчи Эмил Чекировдун баамында, буга чейин март айында 191-орундан 192-орунга, ал эми август айында дагы 5 орунга төмөндөгөн эле.

Дүйнөдө футбол номур биринчи оюн экени жалпыга маалым. Футболу өнүккөн Испания менен Германияны айтпаганда да кечээ эле жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстан бүгүн футболго көӊүл бөлүп жатат. Мунун жыйынтыгында Тажикстан жакында Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык оюндарын кабыл алганы турат. Алар Азия чемпионатына, анан калса дүйнө чемпионатына тандап алуу мелдештерине катышабыз деп даярдык көрүп жатышат. Алар ФИФАнын рейтинги боюнча 142-орунда турат. Борбор Азиядан Өзбекстан 70-орунда келүүдө.

Ал эми Кыргызстанда футбол эбак эле унутулуп, жеке демилге менен гана сакталып калган сыяктуу. Былтыр 2014-жылы Бразилияда өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын алгачкы тандап алуу оюндарында өз талаасында ири эсеп менен Өзбекстанга уттуруп жибергени маалым. Футбол адистери муну каржы маселесине жана атаандаштардын күчтүү экенине шылтап, актанып коюшту.

Ошол оюндардан сабак алып, эми кыргыздар футболго көңүл бурат го деген пикирлер айтылган. Бирок июнь айында Алматы шаарында Казакстандын курама командасы менен жолдоштук беттешүүдө 5:2 эсебинде жеӊилип калды.

Өлкөнүн Топ-лигасында каражаты бар 5-6 команда бири-бири менен 5-6 жолу оюн өткөрүп, натыйжада “Дордой” же “Абдыш-Ата” чемпион болору анык. Оюн болуп жатканда стадиондо жүзгө жетпеген күйөрман болот. Ал эми стадиондор эски Совет доорунан калып, оӊдоп-түзөлүүгө муктаж.

Футбол федерациясы оор абалдан чыгуунун амалдарын издеп жаткан учуру.
Мамлекет болсо футболду чыгашалуу спорт катары санап, каражат бөлбөй келет.
Кыргыз футболу ФИФАнын федерацияга бөлүп берген 250 миң доллардын эсебинен гана каржыланат. Бул каражат курама команданы кармоого, мелдештерге катышууга, машыктыруучуларга айлык акыга чыгымдалып жатканын “Азаттыкка” федерациянын маалымат катчысы Канат Асенов айтты.

Анткен менен мамлекет акча бөлүп жиберсе эле кыргыз футболу заматта өнүгүп, өсүп кетет деп айтканга негиз жок. "Оюнчулардын тажрыйба жөндөмү жетишсиз. Эл аралык беттешүүлөргө аз барышат", - дейт “Учур” гезитинин кабарчысы Сурат Жылкычиев.

- Азыр биздин футболдун деңгээли абдан төмөн. Орусия, Украинаны айтпай эле коёлу, азыр биздин футбол коңшу Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандыкынан да начар. Бизде алардын клубдарына тең-тайлаша турган бир-эки гана клуб бар. Бирок футбол жыл өткөн сайын өнүгүп жатат деп адистер айтышууда. Жогорку лигада 5-6 команда ойноп жатса, кайдагы өсүш? Ошондуктан жакынкы мезгилдерде коңшуларды кууп жетмек түгүл, чаңында кала беребизби деген ой келет. Балдарга гана көңүл бурулбаса, чоң футболдун келечеги күмөн. Жогорку лигада Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын командалары да ойносо дурус болмок.

Кыргызстандын Жогорку лигасында быйыл 8 команда ойноп жатат. Алардын ичинен Бишкектин "Дордой" клубу менен Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу гана туруктуу каржыланып, өз стадиону, футбол мектептери бар.

Буга чейин 6 команда араң чогултуп, аз жерден Жогорку лигада мелдештер өтпөй кала жаздаган. Бишкектин мэриясы каржылаган "Алга" командасы менен Оштун "Алай" командасынын кошулушу менен бул кырдаалдан чыкты. Бирок былтыр 5 команда гана чемпионаттын финалына чейин жетти. Калган үчөө каражаттын айынан орто жолдон четке чыга беришти. Быйыл да 43 упай менен өлкөнүн жети жолку чемпиону “Дордой” топ баштап баратат.

10 жаштагы уулу Эрбол Испаниянын “Барселона” клубуна кабыл алынган Канат Атабаев өлкөдөгү футболдун деңгээли өспөй токтоп калганын, жакшы оюнчулар чет өлкөлөргө кетип жатканын белгилейт.

Учурда Футбол федерациясын Сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев чет өлкөдө туруп жетектейт. Ал апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен, ошондон бери өлкөгө кайта элек.

Бирок ал ФИФАнын жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жүрөт.

Жакында федерациянын аткаруу комитетинде Алыбаевдин маселеси коюларын бул уюмдун вице-президенти, генерал Өмүрбек Кутуев “Азаттыкка” маалымдаган.

Кыргызстандын Испаниядагы ардактуу консулу Таалай Бапановдун пикиринде, чет өлкөдө жүрүп, федерациянын ишин толук кандуу башкара албаган уюмдун президенти Айбек Алыбаев ордун эрте бошотуп, иш билги жетекчи келүүсү зарыл.

- Европада абдан күчтүү менеджерлер бар. Алар футболдогу ар бир ишти уюштуруп, карап турушат. Кыргызстанда ушундай кесипкөй менеджерлер жетишпей жатат. Федерацияга иш билги, уюштургуч жаңы жетекчи зарыл. Бул футбол гана эмес, спорттун башка түрлөрүндө да байкалат. Эгерде өлкө чемпионаты күчтүү болсо, ошол жерде улуттук команда күчтүү болот.

Кыргызстанда бул оюнга коомчулуктун да, мамлекеттин да көз карашын түп тамырынан өзгөртүү зарыл дешет адистер. Бирок түрдүү пикирлер айтылганы менен натыйжасы билине элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG