Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Чүпүрөк эмес, топко кызыккан Айчүрөк


Футбол боюнча кыздардын “Абдыш ата” курама командасы күзүндө Малайзияда өтө турган Азия оюндарына катышат. Команданын чабуулчусу, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Айчүрөк Айтбаева кантип футболчу болуп калган?

Айчүрөк Айтбаева 17 жашта. Ал жакында өлкө намысын коргоо үчүн Малайзияда өтө турган футбол мелдешине катышууга даярданып жатат:

- Мен беш жылдан бери футбол ойнойм. Футболду жактырып эле спорттун бул түрүнө аралашып калгам. 5-класста кыздар менен кечинде чогулуп, топ тепчүбүз. Ушинтип жүрүп курама командага кирип калдым.

Айчүрөк азыр футболсуз жашоосун элестете албайт. Мындай учурда футболдун айынан кээде сабактарына да жетишпей калып, мугалимдерден тил угуп калат:

- Мугалимдерим урушат. Бирок чынын айтсам убактымдын көбүн футболго коротом. Мектепте орточо эле окуйм, үчтөрүм деле бар. Ошентсе да мен футболду таштай албайм. Физика, химия, алгебра сабактарын такыр түшүнбөйм. Албетте дене тарбия сабагынан дайыма беш алам.

Айчүрөктүн айтымында, кыз кишиге футбол ойноо бир топ эле кыйын. Ошондуктан апасы кызынын бул тандоосун жактыра бербейт:

- Спорттун бул түрү кыздар үчүн оор. Футбол ойногонума апам каршы. Бирок баары бир келе берем. Апам "кыз кишиге футбол ойногонго болбойт, андан көрө воллейболго бар" дейт, бирок мен футболду гана жакшы көрөм.

Ата-энесинин каршылыгына карабастан Айчүрөк эми спорттун арты менен чет өлкөгө барууга кам көрүп жатат.

Айчүрөктүн айтымында, футбол ойногондуктан досторунун басымдуу бөлүгүн балдар түзөт:

- Чынын айтсам досумдун баары эле балдар. Баскан турганым деле, мүнөзүм деле ошолорго окшошуп калды. Кээде кыздарга окшоп назданганды унутуп койом. Анан оюн бүткөндөн кийин кайра эле кызга мүнөздүү кыялдарым кайтып келет. Көбүнчө спорттук кийимдерди кием. 4-5 эле көйнөгүм бар болсо керек.

Айчүрөк Кыргызстанда футбол өнүксө экен деп тилейт:

- Эгерде футболду өнүктүрсө, бизге чет жактан да келишмек. Алардан тажрыйба алсак сонун болмок. Футболдун өнүгүүсүнө көңүл буруш керек, демөөрчүлөр зарыл.

Бешинчи классынан бери футболго аралашып келаткан Айчүрөктүн да жактырган клубу жана оюнчусу бар экен:

- Эң жакшы көргөн клубум - “Барселона”. Жакшы көргөн оюнчулар - Месси, Роналдо. Бала кезимде Тери Анрини жакшы көрчүм, анан футбол ойноп, түшүнө баштагандан бери Месси деп калдым.

Учурда 10-класста билим алып жаткан Айчүрөк мектепти бүткөндөн кийин футбол менен коштошууга аргасыз болорун бир аз өкүнүч менен кеп салды:

- Келечекте кечке чейин топ тээп жүрө бербейм да. 1-2 жылдан кийин футболду таштайм го. Юрист болгум келет. Алдыма бир топ максаттарды койгом, ошолорго жетишим керек.

Акыркы кездери Айчүрөктүн жеңиштерине күбө болгон ата-энеси аны колдой баштаган экен:

- Ата-энем сыймыктанат. Бирок апам дагы деле каршы. Анткени үйгө буттарымды көгала кылып барам. Башында ыйлачумун, түнү менен уктабай чыкчумун. Бирок азыр көнүп калдым, ооруганы билинбей деле калды.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG