Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Федерацияны алыстан башкарган Айбек Алыбаев


Кыргызстан Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев былтыркы апрелден бери сыртта жүрөт, бирок эл аралык расмий иш-чараларга Кыргызстандын атынан катышууда.

Сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы, Футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев былтыркы апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен, ошондон бери өлкөгө кайта элек.

Ал ФИФАнын жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жүргөнү акылга сыйбас жорук экенин “Дордой” футбол клубунун вице-президенти Ырысбек Мааткабылов белгиледи:

- Айбек Алыбаевдин уяты, ар-намысы болсо, жагдайды курчутпай эле президенттикти татыктуу бирөөгө тапшырып кетсе болмок. Кыргызстанда бир жылдан ашуун убакыт жок болсо, бул жактагы абалды билбесе, ФИФАнын жыйындарына катышканы абдан эле уят. Азыркы учурга чейин качып, өлкөгө келбей жүрөт.

Федерация президенти кабинетте отуруп, чет өлкөдөн башкара албайт. Эл аралап, губернатор, өлкө жетекчиси, премьер-министрге чейин кирип, футболдун деңгээлин көтөрүү үчүн бардык аракеттерин жумшап, чуркап иштеш керек да. Ар бир облустан жогорку лигада ойногон жок дегенде бирден команда болуш керек эле. Эл аралык уюмдар менен иштеши зарыл болчу.


Кыргызстан эгемен болгону Футбол федерациясын уюштуруп, 16 жыл жетекчи болуп турган мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев да Алыбаевдин чет өлкөдө жүрүп, президент бойдон кала бергенине футбол коомчулугу нааразы экенин кошумчалады.

- Өзүн шайлаган футбол коомчулугунун арасында иш жүргүзүүсү, бул жерде болуусу керек. Айбек келечекке жакшы көз караш түзбөй жатат. Негизинен федерациянын аткаруу комитети бул маселени тез арада карашы зарыл. Себеби мөөнөтсүз кайра шайлоо өткөрүүгө аткаруу комитетинин толук укугу бар. Алар бул маселе боюнча кезексиз конференция, жыйын чакырса болот.

Кичи футбол бирикмесинин жооптуу кызматкери Рыскелди Мусаев бир жылдан ашуун чет жакта жүрүп алган президент Эмгек кодексин бузду, ошондуктан анын Кыргызстандын өкүлү катары катышуусу легитимсиз деп атады.

- А.Алыбаев өзүнүн милдеттерин вице-президенттерге тапшырып койсо дурус болмок. Кыргыз мамлекетинин Эмгек кодексинин негизинде 4 айдан ашуун себепсиз өз кызматын аткарбаса, кызмат ордунда жок болсо, бул орунду жоготту деген ойду билдирет.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров:

- Кыргызстандагы футболдун деңгээли төмөндөп, жогорку лигада 5-6 гана команда ойноп калышына Айбек Алыбаевдин иштин көзүн билбегени себепкер, ошондуктан федерация мүчөлөрү чукул жыйын өткөрүүсү зарыл.

Жакында федерациянын аткаруу комитетинде Алыбаевдин маселеси коюларын бул уюмдун вице-президенти, генерал Өмүрбек Кутуев “Азаттыкка” кабарлады.

Ал эми футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов ФИФА жана Азия олимпиадалык кеңештен федерацияга келген ири суммадагы каражаттардын кайда жумшалып жатканы ачык эместигин белгиледи.

Футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаев жетекчиси чет жакта жүрсө да, федерация өз ишмердигин толук кандуу жүргүзүп жатканына көңүл бурууда.

- Апрель революциясынан бери чет жерде жүрөт. Ар дайым биз менен байланышып турат. ФИФАнын жыйындарына Кыргызстандын атынан катышып жүрөт. Биз федерациянын бардык иштерин аткарып жатабыз. ФИФАнын курамында Айбек Алыбаев мыйзамдуу иштеп жатат.

Айбек Алыбаев кезинде мурдагы президент Курманбек Бакиевга жардамчы, аппарат жетекчисинин орун басары, сот департаментинин директору болуп турган.

Футбол федерациясы коомдук уюм болгондуктан жетекчилик милдетти аткаруу комитети алып, жаңы президент шайламайын Айбек Алыбаев ФИФАнын жыйындарына катышууга укуктуу. Бирок мындай жыйындарда кандай маселелерди чечип жатканы белгисиз.
Ал эми Айбек Алыбаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.
XS
SM
MD
LG