Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Футбол: «Самурайлар» жеңишти илип кетти

Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын оюнунда "Самурайлар" "Ак шумкарды" 2:0 менен жеңип алды.

15:09 14.11.2019

Жапониянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориаясу Кыргызстандын курамасы мыкты команда экенин айтты.

Хадзимэ Мориясу.
Хадзимэ Мориясу.

- Биз Кыргызстан менен буга чейин беттешкенбиз. Күчтүү команда. Беттеш жакшы болот деп ойлойм. Тажикстан менен ойногондо коргонууда катачылыктар болгон. Мунун баарын карап чыктык. Кандай болгон күндө да чыныгы футболду көрсөткөнгө даярбыз.

Жапониянын курама командасынын машыктыруучулар штабы жана 23 футболчусу Бишкекке 11-ноябрда ​келген.

15:13 14.11.2019

Жапондордун башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориясу Кыргызстан менен боло турган беттешке 23 футболчуну чакырган.

Жапония курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда.
Жапония курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда.

Курама топто Англиянын премьер-лигасындагы «Саутгемптон» командасында ойногон Мая Йосида, Түркиянын «Галатасарайында» ойногон Юто Нагатомо жана быйылкы сезондо мыкты оюн көргөзүп жаткан «Ред Булл Зальцбург» клубунун оюнчусу Такуми Минамино бар. Андан сырткары Жапониянын эн кымбат футболчусу Сёя Накадзима Бишкекте өтө турган оюнда беттешке чыгат.

15:16 14.11.2019
Виталий Люкс машыгуу учурунда.
Виталий Люкс машыгуу учурунда.

Ал эми "Ак шумкарлардын" катарына буга чейин жараат алганы айтылган алдыңкы чабуулчулардын бири Виталий Люкс да майданга чыгарын башкы машыктыруучу Александр Крестинин айтып өттү. Буга чейин Люкс Өзбекстандын курама командасы менен болгон беттеште жараат алган.

15:18 14.11.2019

ФИФАнын рейтинги

Жапония 28чи, Кыргызстан 94-орунда​.

ФИФАнын 24-октябрда жаңылаган рейтингине ылайык Жапониянын курама командасы үч тепкичке көтөрүлгөн. 2019-жылдын январь айынан бери «самурайлар» жалпысынан 18 беттеш өткөргөн. Анын 12синде жеңишке жетип, үч жолу жеңилип, үч жолу тең чыккан. Буга Азия, Америка кубоктору жана Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары кирет. Андан сырткары беш жолу жолдоштук беттеш өткөргөн.

Азия Кубогунда Жапония финалга чейин жетип, чечүүчү оюнда Катардын курама командасына жеңилип, күмүш байгеге ээ болду. Ал эми Азия кубокторунда төрт ирет (1992, 2000, 2004, 2011-жылдары) чемпион болгон.

Кыргызстандын курама командасы болсо жыл ичинде Азия Кубогун, тандоо оюндарын жана жолдоштук беттештерин кошкондо тогуз беттеш өткөрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG