Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Футбол: «Самурайлар» жеңишти илип кетти

Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын оюнунда "Самурайлар" "Ак шумкарды" 2:0 менен жеңип алды.

14:55 14.11.2019

Кыргызстандын Футбол федерациясы билети жок күйөрмандардын стадионго келбешин өтүндү. Федерация билет алууга жетишпей калгандар үчүн Бишкектеги эски аянтка фанзона уюштурду. Ал жерде чоң LD экран орнотулат жана беттеш түз эфирде көрсөтүлмөкчү.

«Стадионго мыйзамсыз жол менен киргенге же дубалдан ашып түшкөнгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен болгон беттештеги катаны кайталабайлы. ФИФАнын Тартип комитети бизге үч-төрт жолу эскертүү берген. Эгер кайра эреже бузулса, Кыргызстандын курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз, чет жерде ойноп калат», - деп айтылат федерациянын кайрылуусунда.

Өлкө аймагы боюнча «КТРК Спорт» каналы оюнду түз эфирде көрсөтөт.

14:59 14.11.2019

14:59 14.11.2019

Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттешине эки күн калганда билеттердин баары сатылып кеткен.

Билеттер секторго жараша сатылды. Стадиондун чыгыш тарабы 350 сом, түштүк тарабы (дарбазанын арты) 250 сом, ал эми батыш тарабындагы орундуктардын баасы 500 сом болду.

Андан сырткары футбол федерациясы көрүүчүлөргө оюн убактысындагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндө да атайын видео кайрылууларды жасаган.

Буга чейин 10-октябрда Кыргызстан жана Мьянма курама командаларынын Бишкекте өткөн беттешинде жергиликтүү күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан.

ФИФАнын дисциплинардык комитети Кыргызстандын футбол федерациясын жазага тартып, Жапония жана Тажикстандын футболчулары менен беттештери күйөрманы жок өтүшү мүмкүн экени айтылган.

15:06 14.11.2019

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Жапония менен боло турган оюнга 23 футболчуну чакырган.

Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

Кечээ журналисттер үчүн өткөн басма сөз жыйынында Александр Крестинин “талуу жери жок команда болбойт” деген пикирди айтып, алдыдагы оюнда атаандаштын кемчилигин пайдаланып калууга аракеттенерин билдирди.

- Жапония акыркы убактарда Азия кубогунда гана ийгиликтүү оюн көрсөтпөстөн, дүйнө чемпионаттарына да дайыма катышып келет. Бир тарабынан бул жерде командалардын квалификациясы түшүнүктүү. Экинчи жагынан алганда телегейи тегиз команда болбойт. Биздин милдет - дал ошол талуу жерди туура пайдаланып калуу жана албетте өзүбүздүн мыкты жагыбызды көрсөтүү. Талуу жер Жапония курамасында бар. Жапония курама командасын терең урматтайбыз. Оюндун эсеби кандай болорун өзүңөр боолгоп аласыңар да.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG