Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Дааратканада оонаган жаштардын чуусу


Кыргыз улуттук университети.
Кыргыз улуттук университети.

Кыргыз улуттук университетинин дааратканасында маң болуп жаткандар "спайс" ичкени айтылууда.

30 секундалык бул видеодон даараткананын полунда кыймылсыз жаткан төрт жигитти көрүүгө болот. Алар чочуганынан чурулдап кирип-чыгып жүргөн башкаларга эч реакциясы жок жатышат.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылдык.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Кайназаровдун айтымында, окуя Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетинде февраль айынын башында болгон.

“Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына аталган окуу жайдын Киев көчөсүндө жайгашкан имаратындагы дааратканада "адекваттуу эмес төрт жигит" тууралуу маалымат келип түшкөн. Биздин кызматкерлер барганда чын эле ал балдар өзүн бир кызык алып жүргөнүн көрүшкөн” дейт милиция өкүлү.

Тез жардам кызматы чакырылып, доктурлар алгачкы медициналык жардамын көрсөткөн. Текшере келгенде анализдеринен алкоголь же маңзат табылган эмес. Бирок сурак учурунда алар аң-сезимди магдыратуучу таблетка ичкенин айтып беришкен.

- Балдар милиция кызматкерлерине айтып бергенине караганда, алар магдыратуучу таблетка ичишкен экен. Ошондон кийин өзүн жаман сезе башташкан. Милиция кызматкерлери бул балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Азырынча болгону ушул гана, - дейт Кайназаров.

Милиция ушундай гана маалымат менен чектелип, ал балдар ким, студентпи, жокпу жана абалы кандай экенин билүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Бул видео учурда социалдык түйүндөрдө активдүү тарап, ар кандай жоромолдор, “спайс” ичип алып эс-учун билбей калгандар экени айтылып жатат.

Окуядан улам 7-мартта Улуттук университеттин ректору Канат Садыков чукул жыйын өткөрүп, юридика факультетинин деканы Кынатбек Сманалиевге баарын териштирип чыгууну тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” университеттин Коомчулук менен байланыш жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Ардак Каныбек уулу маалымдады.

Бирок ал видеодогулар аталган окуу жайга тиешеси жок экенин айтууда. “Андай болсо чоочундар университеттин ичинде эмне кылып жүрүштү эле жана кантип кирип кетишкен?” деген сурообузга кирүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин айтып жооп берди:

- Ооба, биз 100% кепилдик менен айта алабыз, булар биздин студенттер эмес. Себеби ошол замат мугалимдер чакырылган, аны видеодон да байкасаңар болот, алар “Кимдин, кайсы курстун студенти?” десе “жок, бул биздин балдар эмес экен” деп жооп берип жатышат. Азырынча толугу менен турникет орнотула элек. Юридика факультетинде да кирүүгө эч кандай чектөө жок. Каалаган адам имараттын ичине кирип-чыга алат, ачык эле. Студенттер биздики эмес, бирок даараткана биздики болуп жаткандыктан баары бир кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик бар. Эртең менен ректор бул боюнча баарыбызды чакырып жыйын өткөрдү. Толугу менен иликтеп чыкканга тапшырма берди. Юридика факультетинин деканы жооптуу болмой болду.

Адамды маң кылуучу ар кандай синтетикалык заттар Кыргызстанда көбөйүп жатканын адистер тынчсызданып айтып келишет.

Наркология борборунун дарыгери Елена Бородина:

- Бөлүмүбүздө 18 жашка чейинкилер дарыланат. Азырынча "спайска" байланып калган өспүрүмдөр расмий түрдө бизге кайрылган учур боло элек. Адатта 18 жаштан жогору курактагылар. Баары бир аз доза ичүүдөн башталат. Ал эми спайс бир ичип көргөн соң кайра ошону гана самай баштаган сезимди жаратуучу маңзат. Жаштар бир ичип көрүп, анан токтотуп коем деп ойлошот. Бирок андай болбойт, тилекке каршы.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстанда "спайска" жана башка синтетикалык маңзаттарга тыюу салынган. Бул үчүн жаза чаралары да каралган.

Ички иштер министрлигинин Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева соңку кезде "спайсты" Интернет аркылуу тараткандар көбөйгөнүн айтты:

- Синтетикалык психотроптук заттардын жүздөн ашуун түрүнө тыюу салынган. 2018-жылы беш интернет-дүкөн жабылып, 18 адам кармалды. Былтыр дал ушул Интернет аркылуу жайылтуучуларды аныктоо үчүн бизде атайын мониторинг бөлүмү ачылып, иштеп жатат.

Кыргызстанга "спайс" агымы Кытайдан Орусияга өтүп, андан бери Казакстан аркылуу келүүдө деген маалымат бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG