Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Мигрант жигиттин москвалык колуктусу


Нурсултан менен Кристина
Нурсултан менен Кристина

Москвада иштеген сузактык мигрант жигит орус кызына баш кошуп, кичи мекенинде той өткөрдү.

Эки жаштын сүйүүсү дини, тили башка деп каршы чыккан ата-энелерин да жибитти. Москвалык келин түшкөн элеттик үй-бүлө менен кабарчыбыз таанышып келди.

- Келинибиз “Аталар керээзи” тасмасындагы француз кызына окшош экен десем, туугандар "биздин келин андан сулуу" дейт. Орус президенти Путинге рахмат, айланайын, биздин балдарды иштетип, кыздарын берип баш коштуруп жатат, - дейт Нурсултандын апасы Айжан Чодоева.

Кубанычы коюнуна батпаган Чодоевдердин үй-бүлөсүнө москвалык Кристинанын келин болгонуна аз эле убакыт болду. Учурда ага Сузак районуна караштуу Кулбайлуу айылы түгөл кызыгып, суктанып турган чагы.

Үйлөнүү тоюндагы сүрөт.
Үйлөнүү тоюндагы сүрөт.

25 жаштагы Нурсултан төрт бир туугандын улуусу. Москвада иштеп жүргөнүнө жети жылдын жүзү болду. Кристина менен төрт жыл мурда Москвада таанышкан. Орус кыз анын жүрөгүн кантип багындырганын айтып берди:

- Чындыгында Кристинанын мүнөзүн жактырып калдым. Төрт жылдай жолугуп, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Акырында мен баш кошуу тууралуу сунуш келтирсем, ал мага каршы болгон жок. Ошентип аны Кыргызстанга алып келе бердим.

Кристина беш бир туугандын ортончусу. Ага Нурсултан гана эмес, кыргыздын салт-санаалары чоң ачылыш болуп турган кези. Айрыкча атка минген абдан жаккан экен. Үйлөнүү тоюнда эки жаш элдин батасын ат үстүндө алышыптыр.

Кыргыз тилин толук өздөштүрө элек болсо да жолдошунун фамилиясына өтүп, ислам динин кабыл алган экен:

- Чындыгында мен Кыргызстанда, анын ичинде тоолуу айылга келгениме абдан кубанып жатам. Абасы таза, эли меймандос экен. Анан да мени кучак жайып өз бүлөсүнө кошконуна ыраазымын. Нурсултан менен капыстан көрүшүп, андан соң интернет аркылуу жазышып жүрдүк. Кийин бир жерде чогуу иштеп, акыры баш кошууга бел байладык. Ата-энем да мага ак батасын берип узатышты. Мен өз бактымды Кыргызстандагы кыргыз жигитинен таптым. Азыр “ата-апа, келиңиз, чай ичиңиз”, “Ассалому алейкум” деген сыяктуу кыргызча сөздөрдү билем. Айрым кыргызча сөздөрдү да түшүнгөнүм менен айта албайм. Мен бул жактын турмушуна аябай кызыгып жатам.

Кристина короо шыпырып, нан жаап, кыргыз келиндерине тиешелүү бардык ишти кылат.
Кристина короо шыпырып, нан жаап, кыргыз келиндерине тиешелүү бардык ишти кылат.

Кайнежеси Гүлнара Чодоеванын айтымында, Кристина айылдын башка келиндериндей эле күн сайын таңга маал короо шыпырып, тандырга нан жапканды үйрөнүп жатат:

- Орус келинибиз жылдыздуу, келишкен келин экен. Биз жакка келгенче эле, “келиңиз”, “өтүңүз”, “саламатсызбы” деген сыяктуу сөздөрдү өздөштүрүп алды. Үйгө келин көргөнү келгендерге үч эмес, беш-алты жолу кайра-кайра жүгүнүп жатат. Чайды да ийилип, колун көкүрөгүнө коюп сылык сунат экен. Таңга маал короо шыпырып, бардык жумуштарды өзү айттырбай эле аткарып жатат. "Орус оюна келгенди кылат" дегендей айнек-терезелерден бери тазартып жатат.

Кристинаны кайын-журту ата-энесинин астына түшүп, сөйкө салып алган. Нурсултандын апасы Айжан:

- Балабыз тандады, биз аны колдодук. Жолдошум экөөбүз да сүйлөшүп жүрүп баш кошкондуктан аны туура эле түшүндүк. Жазында Москвага барып, кадимкидей эле сөйкө салып, кыргызча жөрөлгөлөрдү жасадык. Балдарыбыз жакында эле Москвадан келди. Башына ак жоолук, оозуна сары май салып, үйгө алып келдик. Азыр биздин бүлөбүз болуп калды. Азырынча орусча сүйлөшөбүз, бирок ал кыргызча сүйлөсөң да түшүнөт. Кудаларыбыз алгач макул болбой жаткан, "Кыргызстанда баланын башка аялы бар, сени алдап алып кетишет" дешкен. Биз барган соң баарын сүйлөшүп, анан атасы макул болду. Азыр уй саагандан башка үй жумуштарынын баарын жасап жатат.

Кристина.
Кристина.

Кайын атасы Шамил Чодоев болсо Кристинанын ата-энесинин алдына түшөрдөн мурда өзү менен таанышып, ачык-айкын сүйлөшкөнүн айтып берди:

- Башында келиним менен жолугуп, баарын сүйлөшкөнбүз. "Кыргызстандагы айыл шартындагы жашоого көнө аласыңбы? Башка диндеги үй-бүлөгө келин болуп баруу сага оор эмеспи? Баарына чыдайсыңбы?" деген суроолорду бергенбиз. Кристина келинибиз "баарына макулмун, колумдан келишинче үйрөнөм, аткарам" деп жооп берген.

Жаш үй-бүлө азыр жигиттин ата конушунда түтүн булатууну пландап жатышат. Баса, Нурсултандын ата-энеси эки жылдан бери Сахалин аймагында иштеп жүрүшөт. Алар келиндин кызматын көрүп айылда калабы же кайрадан Орусияга аттанышабы азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG