Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Сириядагы кыргыз жихадчынын опузасы


Тасмадан алынган сүрөт. Өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган бала ортодо.
Тасмадан алынган сүрөт. Өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган бала ортодо.

УКМК Сирияда жихадчылар арасында жүрөт делген жигит кыргызстандык экенин билдиргени менен, видеого чыккан жарандын тек-жайын аныктай элек.

Расмий тастыктала элек маалыматка караганда, ал Бишкектеги медреселердин биринде таалим-тарбия алган Баткен облусунун 23 жаштагы тургуну болушу мүмкүн.

Алты мүнөттөн ашыгыраак видеодо колуна автомат кармаган, каз-катар тизилген түрдүү улуттагы ондон ашык адам Орусиянын Сириядагы аракетин кескин айыптап, коркутуп-сестентип кайрылуу жасаган. Алгач арабча айтылган кайрылууга ошол жерде тургандар өз тилинде үн кошкон. Арасында 20 жаштагы жигит кыргызстандык экени сүйлөгөн сөзүнөн билинип турат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, видеодогу жарандын ким экени азырынча аныктала элек. Бул видеону интернеттен көргөн айрым адамдар кыргызча сүйлөгөн жигитти Аскарбек Андабаевге окшоштуруп жатышат.

Отурган жигит Аскарбек Андабаев болушу мүмкүн
Отурган жигит Аскарбек Андабаев болушу мүмкүн

​Маалыматка караганда, Андабаев 23 жашта, Баткендин Лейлек районунан болот. Атасы каза болуп калгандан кийин апасы эки уулун алып төркүнүнө келген жана Аскарбек бир тууган агасы болуп таякелеринин колунда чоңойгон. Үч-төрт жыл мурун апасы балдары менен Бишкекке көчүп келген, медреселердин биринде окуган.

Соңку күндөрү Сирияда жүргөн кыргызстандыктар катышкан, "Ислам мамлекети" радикал уюмуна кошулууга кыргызча үндөгөн видеолор интернетке көп чыга баштады. Дин иштери боюнча комиссиянын төрага орун басары Закир Чотаев ар кандай аракеттерге карабай Сирияга азгырылгандардын азайбай жатышынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Ушул тушта күч органдарынын расмий маалыматы боюнча 400дөй кыргызстандык жаран Сирияда жүргөнүн билебиз. Негизинен дин тууралуу туура түшүнүгү жок адамдар кетип жатат. Диний сабаты жоктор ар кандай радикалдык идеологияга берилүүдө. Анан бул жерде, албетте, жеке маселелер да бар. Ошол Сирияга кеткендердин айрымдарынын үй-бүлөсүндө маселелер бар, өзү же ата-энеси ажырашып кеткен, ата-энесинен ажырап калган же жумушу жоктор. Бирок биринчи кезекте, албетте, диний сабатсыздык турат.

Сириядагы террордук топтун мүчөлөрү
Сириядагы террордук топтун мүчөлөрү

Эгерде Сириядан Орусияга сес көрсөткөн адамдардын тобунда кыргызча сүйлөгөн жигит Бишкектеги медреселердин биринде таалим алган Аскарбек Андабаев экени аныкталса, атайын кызмат Кыргызстандагы диний окуу жайлардагы адамдарды Сирияга азгыруу фактысын иликтеши керек болот.

Орусия өткөн айдан баштап Сирияда аскердик операцияларга ачык аралашып, абадан сокку уруп жатат. Расмий Кремл бул аракетин террорчуларга каршы күрөштө Дамаскини колдоо деп түшүндүргөн. Президенттин алдындагы “Ыйман” фондунун мурунку төрагасы Искендер Ормон уулунун баамында, кыргыз жарандары катышкан интернетке жарыяланган тасмалар эскертүү болушу мүмкүн:

- Соңку күндөрү Кыргызстандан Орусиянын Сириядагы иш-аракетин колдогон, ага тарапташ экенин көрсөткөн билдирүүлөр чыкты окшойт. Бул ошонун да таасири болушу мүмкүн. Бир жагынан муну сес көрсөтүү аракети деп караса болот. Радикалдашуу барган сайын күчөп баратат. Мындай учурда башкалар үчүн туура, бирок өзүбүз үчүн туура болбогон чечимдер кабыл алынып калышы мүмкүн. Ошондуктан биз муну ар тараптуу карап, алдын ала ойлонуштурулган, маанилүү чечимдерди кабыл алуу керек.

Өткөн айда Сирияда чопкутталган аскерий унаанын ичинде өзүн өзү жардырар алдында шолоктоп ыйлаган жаш жигиттин видеосу жарыяланган болчу. Кийинчерээк ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун 21 жаштагы тургуну Бабур Исраилов экени аныкталган. Андан мурдараак “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууга үндөгөн, жихадга чакырган кыргызча сүйлөгөн белгисиз адамдын кайрылуусу чыккан эле.

XS
SM
MD
LG