Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Сирия кризисин жөндөөгө Иран да аралаша баштайт


Дамаскинин кыйраган чет жакасы. 21-октябрь, 2015-жыл.
Дамаскинин кыйраган чет жакасы. 21-октябрь, 2015-жыл.

Венада бүгүн Сирия боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр башталат. Ага алгачкы ирет Иран дагы катышканы турат.

Сүйлөшүүлөрдү утурлай Батыш өлкөлөрү жана алардын араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрү алдыда президент Башар Асаддын бийликтен кетүүсү көргөзгөн так мөөнөттү аныктоо зарылдыгын айтып чыгышты.

Иран Сирия боюнча Венадагы эл аралык саммитке тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф үч орун басары менен келерин ырастады.

Бул президент Башар Асаддын аймактагы башкы колдоочусунун Сирияда жарандык согуш жүрүп жаткан төрт жыл ашуун убакыттан бери өлкөдөгү кризисти жөндөө жолдору боюнча эл аралык сүйлөшүүгө алгачкы ирет аралашуусу болот.

Расмий Тегеран Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө катышарын ырастар алдында АКШ бул маселеде “чечүүчү өнөктөш боло аларын”, бирок азырынча андайга айлана электигин айткан эле.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жон Кирби Вашингтондо Ирандын Сирия боюнча жыйынга чакырылганын комментарийлеп жатып, буларга токтолду:

- Биринчиден, чакыруу берилгенде аны кабыл алуу же албоону, сүйлөшүүлөргө катышып же катышпоону чечүү Ирандын өзүнө таандык маселе. Сүйлөшүүлөрдө канчалык жигердүү жана конструктивдүү болору да Иранга көз каранды. Эгер эл аралык коомчулукта Сирияда саясий өткөөл жараянга жетүүдө Иран конструктивдүү роль ойнойт деген каалоо болбогондо алардын катышуусуна анчалык деле кызыгуу жаралмак эмес. Бирок алар кандай деңгээлде жана канчалык жигердүү катышары - Ирандын лидерлери чече турган маселе.

Бул аралыкта президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозициячыл күчтөрдүн өкүлү Тегерандын сүйлөшүүлөргө аралашуусу саясий чечимге жетүүнү мурдагыдан да кыйындатарын айтып чыкты.

Сирия улуттук коалициясынын вице-президенти Хишам Марва “ал-Арабия" телеканалына берген маегинде белгилегендей, Иран сүйлөшүүлөргө президент Асадды сактоочу долбоор менен келет.

Сириянын Алеппо шаарында өткөн аптада курман болгон ирандык аскерди акыркы сапарга узатуу учуру. Тегеран, 27-октябрь, 2015-жыл.
Сириянын Алеппо шаарында өткөн аптада курман болгон ирандык аскерди акыркы сапарга узатуу учуру. Тегеран, 27-октябрь, 2015-жыл.

Тегеран Дамасктагы режимди аскерий жана каржылык жактан колдоп жатканы белгилүү. Иран расмий өкүлдөрү деле соңку апталарда алар Сирияда аскерий кеңешчилердин санын көбөйткөнүн жашырышпайт. АКШнын чалгын кызматтарынын эсебинде, Сирияда Асаддын күчтөрүнө Ирандын 2000ге чейинки сандагы аскерлери кол кабыш кылууда.

Асаддын кетишин аныктоо

Венадагы саммитти утурлай, АКШ, Британия, Германия, Италия, Сауд Арабия, Түркия, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрү Парижде өзүнчө жыйын курушту.

Француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус кеңешмеден соң билдиргендей, чогулгандар Сирия президент Башар Асаддын бийликтен мерчемделген мөөнөт ичинде кетишин кепилдеген саясий өткөөл жараяндын чоо-жайын талкуулашты.

Лоран Фабиус.
Лоран Фабиус.

Фабиус кошумчалагандай, жыйында “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштү улантуу зарылдыгына, байистүү оппозицияны колдоо жана алардын болочок сүйлөшүүлөрдөгү ролуна көңүл бурулду.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеирдин айтуусунда, Асадга каршы козголоңчуларды колдоп жаткан өлкөлөрдүн тобу 30-октябрда Венада өзүнчө жыйын өткөрөт.

Сауд дипломатиясынын башчысы кошумчалагандай, Сирия кризисин жөндөөнүн “негизги элементи Башар Асаддын кетишинин убактысы жана жолу болушу керек”.

Адел ал – Жубеир ошондой эле Вена саммити Иран менен Орусиянын саясий чечимге канчалык даярдыгын сынайт деп белгиледи.

Ал арада Асаддын негизги өнөктөшү жана колдоочулары Орусия менен Иран өз пландарын такташууда. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнү Иран тышкы саясий мекеме жетекчиси Мохаммад Жавад Зариф менен телефондон сүйлөштү. Лавров бир күн мурда алардын Венадагы жыйындан күткөнү тууралуу мындай деген эле:

- Мурункудай эле биздин өнөктөштөрүбүздүн баары, АКШ жана региондун өлкөлөрү террористтик уюм деп кимдер эсептелери боюнча орток түшүнүктү макулдашуусуна умтулуп жатабыз. Азыр мындай түшүнүк жок. Ачык айтайын, ал нерсе АКШ "Ислам мамлекети" тобуна жана башка террористтик уюмдарга каршы күрөшүү үчүн түзгөн коалициянын ичинде да жок.

Сирия боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасына АКШ, Орусия, Евробиримдик, Сауд Арабия, Түркия катышат. Иран, Ирак, Египет, Ливан 30-октябрда кийинки айлампага кошулмакчы.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG