Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Тажикстандагы окуянын Кыргызстанга таасири барбы?


Тажикстандагы соңку окуялар жана анын кошуна өлкөлөргө таасири тууралуу серепчи Санжар Тажыматов ой бөлүшөт.

"Азаттык": Тажик бийлиги согушчандар колундагы куралды тез арада өткөрүп бербесе аларга карата операциянын экинчи бөлүгү жүргүзүлөөрүн айтууда. Тоолуу Бадахшандагы азыркы абалга кандай баа бересиз?

Тажыматов: Азыркы болуп жаткан окуя Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийинки - 1992-1997-жылдардагы жарандык согуш менен байланышы бар. Себеби 1997-жылы Бириккен тажик оппозициясы менен расмий бийликтин ортосунда келишим кабыл алынып, ошол аймактарда, айрыкча Тажикстандын чыгыш бөлүгүндө оппозиция өкүлдөрү бийликте калган. Бирок убакыт өткөн сайын Эмомали Рахмондун бийлиги күчөп, Тажикстандын азыркы ички саясатынын алкагында алып караганда соңку окуя Бириккен тажик оппозициясынын акыркы күчтөрүнө карата Рахмондун саясаты катары бааланып жаткан учурлар да бар.

“Азаттык”: Азыркы кырдаалды кандай баалайсыз?

Тажыматов: Чынында Эмомали Рахмондун авторитардык режими акырындап отуруп орногону көрүнүп турат. Экинчи жагынан, Борбор Азия алкагында алып карасак, сөзсүз түрдө маңзаттын мыйзамсыз ташылышы менен түздөн-түз байланышы бар. Себеби бул мыйзамсыз акчанын жана мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн болушуна алып келүүдө.

Ошол эле учурда Ооганстанда бийлик расмий Кабулдун көзөмөлүнө толук өткөн деп айта албайбыз. Ушул сыктуу эле расмий Дүйшөмбү да Тажикстанда толук көзөмөл жүргүзө алат деп айтуу өтө кыйын. Буга биринчи кезекте авторитардык режим жана коррупция, аймактардагы саясый биримдиктин жоктугу себеп болууда. Маңзат аткезчилигинин негизинде чоң суммадагы акчанын жана мыйзамсыз куралдуу топтордун болушу ушундай чырдуу кырдаалды шарттоодо.

"Азаттык": Тоолуу Бадахшандагы окуялар анын жанындагы Мургабда отурукташкан кыргыздарга кандайдыр бир терс таасирин тийгизип, качкындардын жаңы толкунун пайда кылышы мүмкүнбү?

Тажыматов: Эгер кырдаал жөнгө салынбаса андай болушу мүмкүн. Себеби мыйзамсыз чоң айлампадагы акча каражаттары жана курал-жарактын болушу бул чатактын жакын арада чечилишине терс таасирин тийгизет. Ал узак мөөнөткө созулушу мүмкүн. Бул бир гана Тажикстандын маселеси эмес. Бүткүл Борбор Азиянын коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүчү маселе.

"Азаттык": 1999-2000-жылдар көрсөткөндөй, августта ашууларда кар эригенде Тажикстан тараптан коркунуч пайда болчу эле Кыргызстанга. Быйыл мындай кооптонуу канчалык негиздүү?

Тажыматов: 1999-2000-жылдарга салыштырмалуу азыр айырма бар. Себеби расмий Дүйшөмбүнүн бийлиги мурункуга караганда кыйла күчтүү. Ошондуктан салыштырмалуу эгер дагы операция жүргүзүлө турган болсо коркунуч болот, бирок 1999-2000-жылдардагыдай деп эсептебейм. Себеби анда биздин Кыргызстандын да аскерлери мындай окуяларга даяр эмес болчу. Бүгүнкү күндө белгилүү бир деңгээлде даярдык бар Кыргызстанда.

XS
SM
MD
LG