Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Убайымга салган уран калдыктары


Майлуу-Суудагы уран калдыктарын сактоочу жайлар эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп келет. 25-октябрь, 2012-жыл
Майлуу-Суудагы уран калдыктарын сактоочу жайлар эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп келет. 25-октябрь, 2012-жыл

Быйыл Кажы-Сай жана Миң-Куштагы уран калдыктарын сактоочу жайларды зыянсыздандыруу боюнча долбоор ишке кирет.

Беш жылдык мөөнөткө бекитилген бул программанын алкагында көчкү жүрүшү ыктымал жерлерге байкоо жүргүзүлүп, уран калдыктары сакталган жерлерди бекемдөө иштери аткарылат. Буга 500 млн. рубль кетет деп эсептелген. Мындан сырткары быйыл бул программага Европа биримдиги кошулуп, ал 600 миң евро грант бөлөт. Анткен менен адистер мамлекет өзү уран калдыктары сакталган жайларга көңүл бурбай, бюджеттен каражат бөлүнбөй жатканын айтышууда.

Ушул жылдан тартып Евразия экономикалык шериктештик уюмунун (ЕврАзЭШ) Миң-Куш жана Кажы-Сайдагы (Ысык-Көл) уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык программасына Европа биримдиги да кошулат. Анын алкагында уран сактоочу жайдын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири, калдыктар көмүлгөн жерлерди бекитүү жана кайра калыбына келтирүү боюнча техникалык-экономикалык негиздөөсү даярдалат.
Бул иштерге Европа биримдиги гранттык негизде 600 миң евро грант бөлөт. Долбоор 2018-жылга чейин иштейт.

Кыргызстандын ЕврАзЭШтеги өкүлү Үсөн Усуповдун айтымында, Миң-Куштагы абалга байланыштуу бекемдөө иштерин тездетүү сунушталат.

Миң-Куш шаарчасы, 2-ноябрь, 2012-жыл
Миң-Куш шаарчасы, 2-ноябрь, 2012-жыл
- Москвада буга байланыштуу дирекция түзүлгөн. Евразия экономикалык шериктештик уюмунун алкагында атайын программа бекитилген. Бул процесстерге Европа биримдиги кошулган. Анын долбоору ушул жылдан баштап ишке кирет. Ал эми “РосАтом” менен өткөн жылы ишти баштаганбыз. Азыр да иштер жүрүп жатат. Миң-Куштагы авариялык абалга байланыштуу мөөнөтүн кыскартып, ишти тездетүүнү сунуштайбыз. Ал эми Кажы-Сайдагы иштер да Миң-Куш менен катар жүргүзүлө берет.

Нарындын Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасында уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Союз тушунда аталган жайда уран кени казылып, анын калдыктары Туюк-Суу, Талды-Булак, Как жана Дальнее деген жерлерге көмүлгөн. Ошол жайлардан уран сууга агып түшүү коркунучу турат. 2004-жылдагы катуу жаанда калдык көмүлгөн жайга жакын жерде жарака пайда болгон. Адис Кудайберди Бакеевдин белгилешинче, жарака көчө турган болсо уран сактоочу жайга таасирин тийгизиши ыктымал.

- Ошол жер көчкү түшсө Туюк-Суу суусун бөгөйт дагы, 350 метр алыс жайгашкан уран сактоочу жайды суу каптап кетиши мүмкүн. Жаан-чачын көп болгон учурда ал жарака жылып турат.

Миң-Куштун жашоочулары
Миң-Куштун жашоочулары
Миң-Куштун айрым тургундары болсо маал-маалы менен аймактагы уран калдыктары сакталган жерден темир-тезек терип, аны кайра сатып оокат кылышат. Буга биринчи кезекте жумушсуздук таасирин тийгизсе, экинчиден, калдык сакталган жайда узак убактан бери реабилитациялоо, бекемдөө иштери жасалбагандыктан үстүндөгү коргоочу катмар оор акыбалга келген.

“Миң-Куш” жаштар уюмунун төрагасы Адис Жапаров калдык сакталган жайларды бекемдебесе, өтө кооптуу жагдай болуп турганын билдирди:

- Миң-Куш каралбаган шаарга айлангандан бери жумуш жок. Жашоочулардын 80% жумушсуз. Айла жоктун оокаты да, үйдө балаң ыйлап атса, кийими жок болсо кайсы жерге болбосун барып казышат да темирди. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен ачка отурган баланы кантип тамак ичпе деп айтасың.

Кыргызстанда калдыктарды сактоочу жайлар 1966-1973-жылдарда жабылган. Кен калдыктар көмүлгөн жер 35-40 жылдан бери кароосуз калып, четиндеги тосмолору урап, ачык калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы жылдардагы көчкү, жаракалардын күчөшү, сел жана эрозиялык кубулуштардын калдыктарды сактоочу жайларга тийгизген таасири, ошондой эле ремонттук калыбына келтирүү жумуштарына каражаттын аз бөлүнүшү Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кан (Совет) шаарчаларындагы калдыктарды сактоочу жайларды авариялык абалга алып келди.

Кажы-Сай
Кажы-Сай
Уран калдыктары сакталган жерлерди кароо агенттигинин жетекчи орун басары Анаркул Айталиевдин айтымында, ЕврАзЭШтин долбоорунун алкагында быйыл көчкү жүрүшү ыктымал жерлерге байкоо жүргүзүлүп, бекемдөө иштери аткарылат. Буга 500 млн. рубль кетет деп эсептелген.

- Кыргызстандан эки аянтча: Миң-Куштагы төрт, Кажы-Сайдагы бир калдык сактоочу жай кирди. Жогоруда белгиленген ошолорду реабилитация кылуу программасы болуп эсептелет. Орусия өкмөтү каражаттын 75% бөлүп берип атат. 15% Казакстан, 5% Кыргызстан менен Тажикстан бөлөт. 2013-жылы изилдөө иштери азыраак башталган. 2014-жылы бул улантылат. Ал эми бекемдөө үчүн курулуш иштери 2016-жылы башталат.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен өткөн жылы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарды кайра калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга 9 млн. сом акча каражаты каралган. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бул багытта алдын алуу иштери жакшы жүрбөй жатканын, бюджеттен каражат аз бөлүнүп, кесепети эске алынбай жатканын сындады. Ал ушул жылдын биринчи кварталында бул маселени “Республика” фракциясы талкуулай турганын, андан соң парламенттин талкуусуна алып чыгуу сунушталарын кошумчалады.

Кыргызстандын аймагында жалпы көлөмү 254 миллион метр куб кен калдыктарын сактоочу 92 жай бар. Алардын ичинен төртөөндө уран калдыктары көмүлгөн.

XS
SM
MD
LG