Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Кыргыз-тажик чегинде чырдуу жагдай түзүлдү


Баткендин аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавына кире бериш жер.
Баткендин аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавына кире бериш жер.

Баткендин Тажикстан менен чектеш жеринде кыргыздарга таандык 4 жеңил автоунааны тажик жарандары талкалап салды.

Кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусу менен Исфара району чектешкен аймакта жергиликтүү тургундар ортосундагы пикир келишпеген маанай пайда болду. Буга өткөн жума этегинде тажик жарандарынын кыргызстандыктарга таандык төрт автоунааны талкалап салышы себеп болгон. Анын алдында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп бараткан алты тажик жаранын кыргызстандык чек арачылар кармаганы маалымдалган. Акыркы маалыматтарга караганда, Тажикстан тарап талкаланган автоунаалар үчүн күнөөнү мойнуна алып, аны калыбына келтирүүнү убада кылууда. Жергиликтүү тургундар өз кезегинде чек арадагы абал күндөн-күнгө татаалдашып баратканын, буга көңүл буруу зарылдыгын белгилешүүдө.


Машиналарга таш ыргытуу күч алды


Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну Медет аттуу жигиттин билдиришинче, өткөн жумада анын унаасына Тажикстандын Исфара районунун Мачаи айылынын тургундары таш ыргытышкан. Ал мындай окуялар тез-тез кайталанып жатканын айтат:

- Өткөн эле машиналарды уруп жатат. Азыр ал жак менен өтө албай, айланма жол менен каттап калдык. Биринчи жолу мен өтүп баратканда алардын ыргыткан ташы машинанын артына тийген. Бирок анда эч нерсе болгон эмес. Үч күндөн кийин агам машина менен өтүп баратса, аны да урушкан. Таш эшиктерине, айнектерине тийип, айнектеринен жарака кеткен. Күндүз да, түндө да уруп жатышат.

Кыргызстандын Ак-Сай айылына барчу жол Тажикстандын Мачаи айылын аралап өтөт. Бирок ал жол уланып, Ак-Сай айылынынан ары Тажикстандын Ворух анклавы башталат. Бул аймакта кыргыз-тажик айылдары аралаш жайгашкандыктан, бир эле жол менен тажикстандыктар да, кыргызстандыктар да каттайт.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Таалайбек Ибраимов тажик жарандарынын бейбаштыгы токтобосо, аксайлыктар да Ворухка өткөн унааларды тосууга мажбур болот деп эсептейт.

- Эл Тажикстан тарапка ушундай талап койгон. Ишемби күнү жыйналыш болгон болчу. Ошол жолугушууда эл Тажикстандын күч органдарына акыркы талап катары “эгер ошол айылдагы бейбаштыкты токтотсоңор токтоттуңар, болбосо биз да Ак-Сай айылынын жолунда ошондой аракеттерге барабыз” деген.

Күнөөлүүлөр жазаланабы?

Ак-Сай айылында кыргыз чек арачыларынын бекети жайгашкан. Ал эми Кыргызстандын ичиндеги Тажикстандын Ворух анклавында 35 миң чамалуу тажик жашайт. Өткөн дүйшөмбү күнү Ворух анклавынын тургундары сегиз адамды кыргызстандык чек арачылар кармап алып, сабаганын айтып чыгышкан болчу.

Бирок Кыргызстандын чек ара кызматы алты тажикстандык жаран Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын тастыктап, бирок аларды уруп-согуу болбогонун кабарлаган. Айыл тургундары унааларды таш-бараңга алуу ушул окуядан кийин күчөдү деген ойдо.

Анткен менен Тажикстандын жергиликтүү бийлиги өз жарандарынын бейбаштыгын моюнга алып, аларды жоопкерчиликке тартууга, келтирилген чыгымды төлөөгө убада беришүүдө. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбекев билдирди:

- Алар жоопкерчиликке тартылат. Биз облустук деңгээлде чыгып, алардын облустук ички иштер башкармалыгы менен байланыштык. Алардан да, бизден да бир топ түзүлдү. Толук иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып беребиз деп укук коргоо органдары бизге убада берүүдө. Аларга бардык материалдарды өткөрүп бердик. Мыйзам чегинде чара көрөбүз деп жатат. Эртең ошол айылда жыйын да өткөнү жатат.

Бирок жергиликтүү тургундар бейбаштык кылган тажик жарандары жазага тартыларына, келтирилген чыгым төлөнөрүнө ишене беришпейт. Мындай чыр-чатактардын чыгышына негизги себеп катары - чек аралардын ушу күнгө дейре тактала электиги айтылууда.

Кыргызстан менен Тажикстан быйыл талаштуу чек ара аймактарын тактоо боюнча байма-бай жолугушууларды өткөрүп келүүдө. Бирок азырынча бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, чек ара качан такталып бүтөөрү дале белгисиз бойдон. Эки өлкөнүн чек ара тилкеси 1000 чакырымдай, анын 471 чакырымы талаштуу деп саналат.

XS
SM
MD
LG