Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Баткен: Чек арада дагы чыр чыкты


Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Баткен, 28-апрель, 2013 (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Баткен, 28-апрель, 2013 (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Кыргыз-тажик чегинде жер талаштан улам чоң жаңжал чыгып кете жаздады.

Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх кыштагынын тургундарынын ортосунда кечээ (10-июнда) кечке жуук чыр чыгып, калайман мушташка айланып кете жаздады. Окуя болгон жерге дароо жетип барган милициянын ыкчам тобу жаатташкан тараптарды бири-бирине жеткирбей токтотуп калган.

ЧОҢ ЖАҢЖАЛ ЧЫГЫП КЕТЕ ЖАЗДАДЫ

Чырдын чыгыш себептери жана аймактагы соңку кырдаал тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбеков "Азаттыктын" таңкы түз обосунда айтып берди.

- Улан мырза, чыр эмнеден чыкканы белгилүү болдубу?

- 10-июнга караган түнү Тажикстандын жарандары Баткендин Самаркандек айылындагы Уч деген жерге 50 машинедей топурак төгүшкөн экен. Бул Кыргызстандын аймагы. Аны көргөн биздин жарандар чогулуп, “топуракты алып кеткиле” деп талап кыла баштайт. Тажик тараптагылар ага көнбөй коёт. Ошентип кечке жуук ар бир тараптан 600гө жакын адам чогулуп, жаңжал ырбачудай жагдай жаралат. Эки тараптагы сүрмө топ бири-бирин көздөй багыт алышып, ортосунда 20 метрдей эле калганда милициянын ыкчам топтору, чек ара кызматынын аскерлери жетип токтотуп калды. Эгер кимдир-бирөө эле таш ыргытканда абдан чоң мушташ чыгып, арты абдан эле жаман болмок.

Дал ушул учурда Баткендин аймагында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар жүрүшкөн экен, алар да келип элди тынчтандырышты. Акырында тажик тарап ташып келген топурагын кайра алып чыккан соң гана эл тынчтанып, тарап кетти. Милициянын атайын даярдыктагы ыкчам тобу айылда калып, түнү менен кырдаалга көз салып турдук.

- Азыркы кырдаал кандай?

- Учурда айылда кырдаал туруктуу. Милициянын атайын даярдыктагы “Шер” бөлүмүнүн кызматкерлери, облустук ИИМдин кызматкерлери кырдаалга көз салып, тартипти камсыз кылып жатышат.

-Тажик жарандары ошол жерге курулуш иштерин баштоону көздөптүрбү?

- Тажик тарап топурак түшүрүп, ал жерди калктуу конушка айландырууну көздөгөн сымал. Бирок биздин жарандардын каршылыгынан соң, алар түшүрүлгөн топуракты кайра жүктөп чыгып кетишти.

- Эми бул окуя ошол аймактагы чек аранын такталбаганынан улам чыгып жатат да?

- Албетте, чатактын баары чек аранын такталбаганынан чыгып жатат. Маселен, биз айылда жүргөн учурда деле кайсы жер кайсы өлкөгө караштуу экенин билбей жатабыз. Тажик тарап биздики дейт, биздин жарандар болсо Кыргызстандын аймагы дешет. Так, тастыкталган документ жок. Ошондуктан чек ара маселелери тезинен такталбаса, мындай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт.

ЧЕК АРАНЫ ТЕЗИНЕН ЧЕЧИШ КЕРЕК...

Бул окуяга учурда Баткенде эл менен жолугушуп жүргөн Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар да күбө болушту. Алар чыр чыккан учурда ошол айылда чек арадагы абал менен таанышып, эл менен жолугушуп жүргөн.

"Ата Мекен" фракциясынын Баткенде жүргөн депутаттарынын бири Гүласал Садырбаева таңкы "Азаттыкта" кабарчыбыз Рахат Кеңешованын суроолоруна жооп берди.

- Кыргыз-тажик чегинде соңку учурда тез-тез чыр-чатак чыкчу болду. Ушул проблеманы чечүүнүн кандай жолдору бар?

- Биз кечээ ошол чыр чыкан жерди да көрдүк. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бир убакта жоопкерчиликсиз чиновниктердин айынан жер сатылып кеткен экен. Эки ортону канал бөлүп, чек ара билинип турса да тажик туугандар андан да өтүп, бак тигип, айдоо аянт кылып алыптыр. Эми андан да бери өтүп, таш, топурак төгүп, жерлерди ээлегенге аракет кылып жатыптыр. Ошого кечээ биздин жарандар каршы чыгышты.

Чек ара маселесин азыр баарынан биринчи орунга коюп, кошуналар менен мурдагы келишимдердин баарын карап чыгышыбыз керек. Чек ара такталбаса мындай окуялар чыга бериши мүмкүн. Эл азыр бир укум жерди да бербейбиз деп катуу туруп атышат. Чек ара маселесин азыр биринчи орунга коюп, мамлекеттик деңгээлде катуу көңүл бурбаса болбойт.

- Сиздер бул маселени эми парламентте козгойсуздарбы?

Албетте. Бишкекке барарыбыз менен бул маселени көтөрөбүз, өкмөттү чакырып, президентке да маселени коёбуз. Бул жердеги элге да маселени чечип бергенге аракет кылалы деген убада бердик. Самаркандекте болгон окуяны тасмага да тартып алдык.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG