Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Талас: жети баланы томсорткон кырсык


Таластагы Беш-Таш суусуна агып, каза болгон эки журналисттин сөөгү жерге берилди. Журналисттерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кесиптештери катышты.

Next TV телеканалынын Таластагы кызматкерлери ачкан "3-каналдын" аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков менен ушул эле каналдын журналисти Элмира Сүйүтбекова 1-июлда Беш-Таш суусуна агып кетип каза болушту.

Бул күнү аталган телеканалдын ондон ашуун кызматкери "Беш-Таш" коругуна эс алууга барган. Кырсык кечки саат сегиз чамасында болгонун каналдын PR-менеджери Перизат Мамырова көз жашын тыя албай эскерип отурду:

- Дем алыш күнү жамаат менен эс алууга чыкканбыз. Элмира колун жууйм деп кулап кетип, аны кармап калууга аракет кылган Сүйүн байкебиз кошо агып кете берди. Аябай чоң жоготуу болду.

Сүйүн Өмүрбеков 200 метрдей агып барып табылганын "3-каналдын" оператор-монтажеру Ринат Иманкулов айтып берди:

- Аябай издедик. Ары-бери чуркадык. Акыры чычырканакка кептелип калган жеринен таптык. Көйнөгү менен оролуп калыптыр. Көйнөгүн айрып, жардын боюнан машинанын троссу менен байлап тартып чыктык. Ал эми Элмираны кесиптешим Аскат Осмонов машина менен издеп баратып көрүп калып, агып келаткан жеринен чыгарыптыр. Экөө тең ооруканага жетпей үзүлүп кетти.

Кесиптештердин жамааттык кечесинде тартылган сүрөт. Фейсбуктан алынды
Кесиптештердин жамааттык кечесинде тартылган сүрөт. Фейсбуктан алынды

38 жаштагы Элмира Сүйүтбекова КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасынын Таластагы кабарчысы болгон. Беш жылдан ашуун иштеген. Быйыл июнь айында гана жумуш которуп жаңы ачылган жергиликтүү "3-каналда" эмгектенип жаткан.

3-июлда маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында «Ала-Тоо-24» каналынын продюсери Мирбек Молдакунов күтүүсүз каргашаны кыргыз журналистикасындагы жоготуу деп сыпаттады.

Элмира Сүйүтбекова быйыл Талас шаардык кеңешине өткөн шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган. Артында төрт баласы калды.

Ал эми 34 жаштагы Сүйүн Өмүрбеков "3-каналдын" аткаруучу директору кызматында иштеп жаткан. Маркумдун артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды. Анын сөөгү 2-июлда өзү туулуп-өскөн Бакай-Ата районунда жерге берилди.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, облуста сууга чөгүп каза тапкандар былтыркыдан эки эсе көбөйгөн. Маселен 2016-жылдын алты айында агын суудан алты киши ажал тапса, быйылкы жылдын жарымында эле 13 киши сууга агып, жан берген. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Динара Сарногоева мындай деди:

- Негизги себептери сууга түшөбүз же өтөбүз деп эле ашып кетип атышат. Бүгүнкү күндө Талас облустук милициясынын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмдөрү ушундай кырсыктарды алдын алуу максатында элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баш-Таш суусу жана Талас дарыясы Талас облусундагы жээгине жайкысын эс алуучулар көп байырлаган ири дарыялардын катарына кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG