Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Согушчандардын тизмесинде кыргызстандыктар да бар


Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Ооганстанда террорчулардын жашыруун базаларында машыгуудан өтүп жаткандардын тизмеси бар экенин билдирди.

Кыргызстандын атайын кызматтары бул маалыматты тактап, өткөн жылкы июнь коогасынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын дареги текшерилип жатканын маалымдашты.

Николай Бордюжа Ооганстандагы террорчулардын базаларында даярдыктан өтүп жаткандардын бир бөлүгү КМШга кирген мамлекеттердин жарандарынан турарын белгиледи. Ошондой эле ал, өткөн жылкы июнь коогасынан кийин жүздөгөн кыргызстандык жарандар ал жакта согушчандардын катарын толуктаганы тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады.

Ал жактагы жарандардын тизмеси гана эмес, аталган даярдоо борборлорунун кайда жайгашканы аныкталып жатканын айткан баш катчы, аларды жок кылуу үчүн биргелешкен күч аракеттер талап кылынарына токтолгон.

“Альфа-Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков баш катчынын айткандарында негиз бар деп эсептейт:

- Себеби ал Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмуна кирген мамлекеттердин, биринчи кезекте Орусиянын атайын кызматтарынын маалыматына таянуу менен айтып жатат. Албетте андагы согушчандардын жетекчилеринин тизмеси болушу мүмкүн.

Ал эми анда машыгуудан өтүп жаткандардын бардыгынын ысымын так аныктоо мүмкүн эмес. Себеби алар ысымдарын өзгөртүп, майда топторго бөлүнүп жүрүшөт. Аларда деле маалыматтын тышка чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн ички коопсуздукту көзөмөлгө ала турган чаралар бар. Ошондуктан алар туурасында айтылгандар - бул жалпы маалымат болушу мүмкүн.


Тастыктоо иштери так маалымат бере элек

Ош менен Жалал-Абаддагы өткөн жылкы июнь коогасынан кийин жүздөгөн кыргызстандык жарандардын Ооганстанга чыгып кеткени боюнча маалыматты тактоо иштери алты айдан бери жүрүп жатат. Ички иштер органдары паспорттук режимдин алкагында өлкөдөн чыгып кеткендердин кимиси кайда жүргөнүн иликтешүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун түштүк аймагы боюнча жетекчиси Жеңишбек Аширбаев дайынсыздардын тизмеси атайын кызматтарга тапшырылганын белгиледи:

- Текшерүү учурунда бардыгы эле Орусияга иштегени кетишкен деген жоопторун беришүүдө. Орусияда жүрсө алар менен телефон аркылуу байланыштыргыла деп жатабыз. Кээ бирлери телефон аркылуу сүйлөштүрүштү. Кээ бирлеринин туугандары "ал жакта, бул жакта" деп, так дарегин бере албагандар да бар. Андай дайын-дареги жоктордун тизмесин биз чогултуп, коопсуздук органдарына бергенбиз. Кимдер үйүндө жок, каякта болушу мүмкүн деген суроолордун негизинде тактап жатабыз.
Тышкы чалгын кызматында Ооганстанда даярдыктан өтүп жүргөн ондогон кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар мурдатан эле болгон. Алардын арасынан айрымдары 1999-2000-жылы согушчандар Баткенге кирип келген учурда туткунга алынып, соттолгон.

Улуттук коопсуздук комитеттинин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов июнь коогасынан кийин өлкөдөн чыгып кеткендердин тизмеси такталып бүтүп калганын кошумчалады:

- Биз эми ЖККУнун баш катчысынын айтканы боюнча чындыгында эле ошол тизмелерде биздин жарандар бар экени анык болсо, анда биргелешкен иш-чараларды жүргүзөбүз. Биз азыр ЖККУга кирген мамлекеттердин атайын кызматтары менен гана эмес, башка чет элдик кесиптештер менен да иш алып барып жатабыз. Мисалы, мен жакында Пакистанга барып, мына ушул маселе боюнча иш-аракеттерди көрүп келдим. Жакында бул боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы болуп калат.

Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанда террордук коркунучтар орун алганы менен ага каршы чаралар иштелип чыга электигин талкуулады.

Анда өткөн жылы Кыргызстандагы террорчулук аракеттер туурасында айтылып, көмүскө күчтөрдүн өлкөгө коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жагдайлары белгиленди. Мамлекет башчысы Роза Отунбаева Оштогу сапарында коопсуздукту бекемдөөнүн алкагында бардык чек ара бекеттери кошумча күчтөр менен камсыздалганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG