Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 13:07

Токтогазиев: бийликтин реакциясына ыраазы эмеспиз


Тилек Токтогазиев.

18-декабрда “Коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги үчүн” деген ураан алдында Бишкекте акция өткөнү жатат.

Бул - «#REакция» деген ат менен белгилүү болгон 25-ноябрдагы тынчтык митингинин уландысы. Катышуучулардын айтымында, алар бийликтин биринчи акцияга болгон реакциясына канааттанган жок. Ага кошумча, сөз эркиндигине болгон кысымга да нааразы адамдар башкы прокурорго жана журналисттердин банк эсептерин камакка алган сотко кызыл карточка көрсөткөнү жатат.

«Азаттык» бул акциянын уюштуруучуларынын бири Тилек Токтогазиев менен маектешти.

«Азаттык»: - Тилек, силер акцияга чыкканы жатасыңар. Бул акцияны кимдер уюштурду? Эл аянтка кантип топтолуп жатат? «#REакция» деген кандай аянтча?

Тилек Токтогазиев: - «#REакция» деген эч кандай кыймыл, партия же уюм эмес. Бул аянтчага ар кандай жарандарыбыз биригип жатат. Анын ичинде демократтар да, социалисттер да, коммунисттер да, шаардыктар да, айылдыктар да бар, ар кайсы облустардан келгендер да бар.

Бул аянтчага мурун бири-бирин жек көргөн кишилер да келип, «#REакциянын» алдында бириге баштады. "Бөлүп туруп башкар" деген принцип бар. Биз биригип, “биз баарын көрүп жатабыз, кимиңер кандай кылмыш жасап жатканыңарды байкап турабыз. Эртели-кеч буга жооп бересиңер” дегенди жеткиргибиз келүүдө. Биринчи акцияда биз сары карточка көрсөтүп алгачкы эскертүү бергенбиз.

Жемкорлукка каршы чыккан жарандык коом
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00


«Азаттык»: - Силер биринчи «#REакцияга» чыгып, өз позицияңарды көрсөттүңөр эле. Ал эми мындай акцияга экинчи жолу чыгып жатканыңардын өзү демек силер бийликтин реакциясына канааттанбай калганыңарды түшүндүрөбү?

Тилек Токтогазиев: - Биз Райым Матраимовго иш козголот деп ойлогонбуз. Матраимовду УКМКга чакырышты, ошол бойдон кыймыл болгон жок. Ооба, бийликтин реакциясы бизди канааттандырган жок. Ошол эле Матраимовдун командасы сөз эркиндигибизге каршы чыгып, көз карандысыз медианы сотко берип жатканы аябай жаман көрүнүш. Биз сөз эркиндигибизден айрылбашыбыз керек.

Бул жолку «#REакцияга» коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги үчүн чыгып жатабыз. Бүгүн биз "башкы прокурор кызматтан кетсин жана бир күндө чечим чыгарган сот өзүнүн жумушунан ажырасын" деп жатабыз. Биз эки кишиге кызыл карточка көрсөтөбүз.

«Азаттык»: - Аты аталып жаткан кишилердин тарапташтары ар кандай чагымдарды жасап, мессенжер аркылуу коркутуп-үркүтүп жатканын байкасак болот. Силер ушундай нерселерге даярсыңарбы?

Тилек Токтогазиев: - Ооба, бизге да ошондой нерселер келип жатат. Бирок биз эч ким элди кагыштырбайт деп ишенебиз. Эгер кимде ким провокацияга барса, биз ага аргессия менен жооп бербейбиз деп сүйлөшкөнбүз.

Биздин укугубузду жана коопсуздугубузду коргоп берүүнү өтүнүп, ички иштер министрине да кат жолдогонбуз. Кандай гана болбосун мыйзамсыз көрүнүш болсо, ал акцияга тиешеси жок. Эң негизгиси – уурулардан жана криминалдан коркпошубуз керек. Мыйзам алдында алар бизден коркушу керек. Ким мыйзамды бузса, сөзсүз түрдө чара колдонулушу керек.


«Азаттык»: - Акцияга чыгып, бийликтен бир нерсени талап кылуу бул бир. Бирок эгер чындап саясий атаандаштык жаратуу мүмкүнчүлүгү келип чыкса кадамдар кандай болот? Акция бийликке келүү аракети катары кабыл алынышы мүмкүнбү?

Тилек Токтогазиев: - «#REакция» эч качан саясий уюмга же партияга айланып, саясий күч болуп кетпейт. Бирок ошол эле учурда ага ар кайсы саясий партиялардын мүчөлөрү болушу мүмкүн. Бул болгону баарыбыз чогулуп, идеяларды сындап, бирок бири-бирибиз менен сый мамиледе бололу деп жатабыз. Бизди бөлүүгө аракет кылган ички да, тышкы да күчтөргө туруштук берип, элдин мыйзамсыздыкка болгон реакциясы болсун деген ой.

«Азаттык»: - Тилек, бул «#REакцияга» каражатты ким берип жатат?

Тилек Токтогазиев: - Бизге жарандар өздөрү келип, "бир постер жасап берейин" дешет. Аны башка жакка алып барып, акчага жасатсак кымбат чыкмак. Кээ бирөө акчалай, 500-1000 сом берип коёт. Биздин мигранттарыбыз “Кыргызстанда болбосок да, коррупцияга каршы күрөшүүгө өз салымыбызды кошолу” деп жатышат.

Бир нерсени азыр ачык айтсам болот: бизди сырттан эч бир уюм, же эски саясатчылар каржылабайт. Бизде люстрация принциби иштейт – биз эч бир эски саясатчыларды катарыбызга киргизбейбиз жана тыштан каражат албайбыз. Анткени бул Кыргызстандагы таза жарандардын аянтчасы болсун деген тилек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG