Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

"Жээнбеков Текебаевди командасына кошушу мүмкүн"


Турат Акимов.
Турат Акимов.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын экс-депутаты Леонид Маевскийдин Орусияда камалганы Кыргызстанда кызуу талкууга түштү.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталууда.

Журналист, саясат талдоочу Турат Акимов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

"Азаттык": “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө болгон Маевскийдин камалганы белгилүү болоору менен “атамекенчилер” жана айрым саясатчылар Текебаевдин иши кайра каралышы керек экенин айтып чыгышты. Мунун мыйзамдык жагы кандай болот?

Турат Акимов: Жаңы факты боюнча кайра ким тергей алат? Башка мамлекетте болгон окуя бизде ишти кайра тергөөгө негиз болуп бере алабы? Маевский көрсөтмө бербейт. Албетте, “атамекенчилер” ызылдап, чуркай беришет. Бирок себеп боло алабы - маселе ошондо.

"Азаттык": Бирок саясий жагынан алганда ишти кайра кароого болобу? Дегеле Маевскийдин камалганы Кыргызстандагы саясатка кандай таасирин тийгизет?

Турат Акимов: Эми азыр курултайлар болот. Алар өткөндөн кийин күч кайсы тарапка оой турганы байкалат. Ошондо Жээнбеков менен Атамбаевдин тиреши күчөсө, анда Жээнбеков Текебаевге окшогон саясатчыларды командасына, оюнуна кошушу мүмкүн.

"Азаттык": Азыркы бийлик Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылар жөнүндө ачык пикирин көп айтпайт. Буга эмне себеп болууда?

Турат Акимов: Эми бул иштин баарын кайра караш үчүн саясий эрк керек. Азыр Сооронбай Жээнбеков өзүнө аябай катуу ишенген, көрөгөч президент катары белгилүү боло элек. Эми гана кадрдык, административдик реформаларды жасап келатат. Саясий, экономикалык реформа боло элек.

Камакта отурган Талгарбековду, Бектур Асановду бошотоюн десе, анда кайра сот иштерин жандандырышы керек. Ошентип мыйзамдуу жол менен гана бошотуу керек болот. Ал эми бул бир күн эмес, бир-эки жылга чейин созулуп кетет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG