Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Улан – чындыктын, абийирдин символу

Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Ие, кайран баатыр, баарыбыз сага карап түзөнөр болдук мындан кийин! Тилин тишине катып жүргөндөр көп бүгүн. Сенин өлүмүң ошолордун абийирин козгоор өлүм болду.

Сени өлдү деген суук кабар элди аралап, жүрөгүн ойготту. Баатырдын өлүмү гана элди ушинтип термелтмек. Манастын чыныгы урпагы белемсиң, Улан! Сенин өлүмүң канчалардын уятын козгоп туру бүгүн!

Заман өз баатырын ушинтип жаратып келген, жарата берет. Жараткандын кудурети элибизди эсиңе кел деп, сенин өлүмүң аркылуу эскертүү бергениби бул?! Мамлекеттик машинеге сенчелик каршы чыгып, сенчелик тобокелчиликке баш байлаган эр-азаматтар табылгыс бүгүн. Элиңди мүнкүрөтүп, эчкиртип ыйлатып кеткениң ошол.

"Азаттыктын" канаты кайрылды...
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:52 0:00

Чагылгандай өмүрүң жалп өчөрдөн бир аз күн мурун эле коррупция боюнча көрсөтүүлөрүңдү колуктум экөөбүз тиктеп отуруп, жеңеңдин оозуна сала бергендей болуп жакасын уучтаган: "Ушул жигитти өлтүрүп кетишпесе экен" деп. Көрсө сенин өмүрүңдөн менин келинчегим эле эмес, далай кесиптешиң кооптонуп келген экен. Ал эмес, «Азаттыктын» жетекчилиги да сенин журналисттик ишмердигиңден чочулап жүрүшкөнүн коомчулукка өздөрү айтты. Керек болсо эң айбаттуу маалымат булагы саналган «Азаттыктагы» кесиптештериң деле «арыдан бериге» көнбөгөн журналисттик ишмердигиңден чочулашчу турбайбы… Демек, сен чыныгы кесипкөйлүктүн да чегинен ашып, журналисттик рамкага сыйбай калган баатыр экениң! Сендей баатырдын жүрөгү батыл болгон үчүн башкаларыбыз сенин өмүрүңдөн кооптончу турбайбызбы көрсө…

Ооба, коррупционерлерге азыр кимибиз гана тиш кайрап отурганыбыз жок. Элдешкис кас душманыбызды жек көргөндөй коррупционерлерге болгон жек көрүү сезимибизди сенчелик ачыкка чыгара албай отурабыз бүгүн. Агер тилиңди тишиңе катсаң, сен деле бүгүн баарыбыздын катарыбызда аман жүрмөктүрсүң, бүгүн… Бирок сен тобокелдүү өмүр жолун тандапсың, жубарымбек! Тилин тишине катпаган сендей баатырлар саналуу бүгүн. Сендей баатырлар, сендей жубарымбектер, сендей жашабагырлар жалгыз-жалкыдан туулат экен өмүрдө! Алгыр куштун тукуму аз туулат экен, жарыкка…

Кош бол, Уланбек!

Студенттик кез. 12.05.2012-ж.
1/24 Студенттик кез. 12.05.2012-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Окуу менен жумушту айкалыштырган Улан... 23.03.2013-ж.
2/24 Окуу менен жумушту айкалыштырган Улан... 23.03.2013-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы Бишкектеги журналисттер аллеясында өткөн “Антиөрдөк” аталышындагы флешмоб-акциясында.  3-май, 2014-ж.
3/24 Ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы Бишкектеги журналисттер аллеясында өткөн “Антиөрдөк” аталышындагы флешмоб-акциясында.  3-май, 2014-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
“Антиөрдөк” аталышындагы флешмоб-акциясында.  3-май, 2014-ж.
4/24 “Антиөрдөк” аталышындагы флешмоб-акциясында.  3-май, 2014-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​
5/24 2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
1-июнь, 2016-жыл.
6/24 1-июнь, 2016-жыл.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Улан Эгизбаев жана Нургазы Кыргызстандын Америкадагы ыйгарымдуу элчиси Кадыр Токтогуловдун кабыл алуусунда. 25-май, 2016-ж.
7/24 Улан Эгизбаев жана Нургазы Кыргызстандын Америкадагы ыйгарымдуу элчиси Кадыр Токтогуловдун кабыл алуусунда. 25-май, 2016-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Нургазыны жонуна көтөрүп Нью-Йоркту аралаган Улан... 10-июнь, 2016-ж. 
8/24 Нургазыны жонуна көтөрүп Нью-Йоркту аралаган Улан... 10-июнь, 2016-ж. 
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан президенттин Ардак грамотасын алган учур. Бул күнү Улан Эгизбаев тарткан "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасынын каарманы Кеңешбек Шоруков "Эмгек сиңирген мугалим" наамын алган эле. Аз күн мурда Шоруковго "КМШнын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси тапшырылган.
9/24 Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан президенттин Ардак грамотасын алган учур. Бул күнү Улан Эгизбаев тарткан "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасынын каарманы Кеңешбек Шоруков "Эмгек сиңирген мугалим" наамын алган эле. Аз күн мурда Шоруковго "КМШнын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси тапшырылган.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен маалымат жыйынында. 7-март, 2015-ж.
10/24 Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен маалымат жыйынында. 7-март, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Тажикстан, 12-сентябрь, 2014-ж.
11/24 Тажикстан, 12-сентябрь, 2014-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Улан Эгизбаев президенттин маалымат жыйынында. 1-август, 2016-жыл.
12/24 Улан Эгизбаев президенттин маалымат жыйынында. 1-август, 2016-жыл.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Улан айылда. 2-август, 2013-ж.
13/24 Улан айылда. 2-август, 2013-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу учурунда. 5-сентябрь, 2016-ж.
14/24 II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу учурунда. 5-сентябрь, 2016-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Уланбек менен Сапаргүл 2017-жылы 10-октябрда баш кошушкан.
15/24 Уланбек менен Сапаргүл 2017-жылы 10-октябрда баш кошушкан.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин алган учур. Уланбек Эгизбаев кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланган. Уланбек журналисттик ишмердиктен тышкары 2014-жылы “Фейсбукта” “Кыпкыргызча” деп аталган тайпаны негиздеген. Азыр аны 17 миңден ашуун адам колдонот. Аталган тайпада унутулуп бараткан кыргызча сөздөр жайылтылып, чет тилдердин котормолору талкууланат жана туура котормолор тандалат. Андан тышкары, "Кыпкыргызча" деген коомдук фонду да бар. 
16/24 Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин алган учур. Уланбек Эгизбаев кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланган. Уланбек журналисттик ишмердиктен тышкары 2014-жылы “Фейсбукта” “Кыпкыргызча” деп аталган тайпаны негиздеген. Азыр аны 17 миңден ашуун адам колдонот. Аталган тайпада унутулуп бараткан кыргызча сөздөр жайылтылып, чет тилдердин котормолору талкууланат жана туура котормолор тандалат. Андан тышкары, "Кыпкыргызча" деген коомдук фонду да бар. 
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Чехиянын борбору Прага шаарындагы Карлов көпүрөсүндө. 26-май, 2015-ж.
17/24 Чехиянын борбору Прага шаарындагы Карлов көпүрөсүндө. 26-май, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Уланбек Эгизбаев саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кармалышына байланыштуу чогулган элди кармоо учурунда Ички иштер бөлүмүнө карай бара жаткан кез. (РОВДны карай). 26-февраль, 2017-ж. 
18/24 Уланбек Эгизбаев саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кармалышына байланыштуу чогулган элди кармоо учурунда Ички иштер бөлүмүнө карай бара жаткан кез. (РОВДны карай). 26-февраль, 2017-ж. 
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Уланбек Эгизбаев "Бир койго сатылган Азамат" репортажынын каарманы менен үйүндө. 10-май, 2018-ж.
19/24 Уланбек Эгизбаев "Бир койго сатылган Азамат" репортажынын каарманы менен үйүндө. 10-май, 2018-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Саясатчылар Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев менен "Азаттыктын" студиясында. 20-август, 2015-ж.
20/24 Саясатчылар Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев менен "Азаттыктын" студиясында. 20-август, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Сыябан-планёрка долбоорунда. 4-май, 2015-ж.
21/24 Сыябан-планёрка долбоорунда. 4-май, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Улан Эгизбаев уландар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону, грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен.
22/24 Улан Эгизбаев уландар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону, грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Берлин сапарынан бир элес. 31-май, 2015-ж.
23/24 Берлин сапарынан бир элес. 31-май, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан &ldquo;Алтын калем&rdquo; сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.<br />
24/24 Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Артка
Алдыга

Кайран шумкар, кайран баатыр! Жашабагыр Улан иним, кош бол! Жаның көккө учуп кеткени менен сен да Манас баатырдай өлбөс, өчпөс ысымга айланасың! Кара жерге сенин денең көмүлгөнү менен жүрөгүң элге өтүп кетти. Сенин жүрөгүң – абийирдин, чындыктын символу болуп калды кыргызда! Элдин намыс-ары болсо, мындан кийин сенин арбагың үчүн коррупция менен жапатырмак күрөшөр болсо кана! "Эл баатыры" болуп жүргөн аксакалдар да сендей жашабагырдын өмүрүнөн өрнөк алаар болсо кана! Болгону 28 жашыңда жайраганың менен, бирок сен 82 жаш өмүр сүргөн карыядан да таасирдүү өрнөк калтырып кеттиң элиңе!

Башкалар жөн эле жүрүп өлсө, сен жөн өлгөнүң жок! Сен адамдык бийик сапатың менен чыныгы макенчил, чыныгы атуулдук озуйпаңды орундата алдың. Көрсө, пенде баласы кыска өмүр сүрөбү, узак өмүр сүрөбү, кеп анда эмес тура. Сен ошо кыска өмүрүңдө да кыргыздын кыйырына тараган эмгегиң менен элдин уулу болуп калганыңды; сага топурап келип топурак салып өксүгөн топтун аягы үзүлбөгөнү көрсөттү го...

Сенин күрөшчүл өмүрүң улууга да, кичүүгө да сабак. Себеби, жүрөгү сенек болуп катып калган көптөрдүн жүрөгүн ойготуш үчүн өлгөндөйсүң…

Канчалаган жемкорлор көрдүйнөгө көмүлүп өлүп кетти?! Канчалары намыс-арга чөмүп өлүп кетти?! А сен касиеттүү көлгө чөгүп өлдүң. Тунук сууга, касиеттүү Ысык-Көлгө! Суудан таза, суудан ыйык не бар-ов. Сен кара жердин алдына кыпындай да ыпыластыкты алып кеткениң жок. Тунук суудай таза кеттиң. Артыңда суудай өлбөс ысымың калды, а сен баатыр, чым жаздандың. Манас атабыз элин жоодон коргоп өлсө, а сен коррупциядан коргойм деп жүрүп өлдүң! Адамдык улуу сапаттын өрнөгүн калтырып кеттиң бизге.

Эми мекенчилдик сезимибизге тамызгың калгай экен, баатыр...

Олжобай Шакир

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Куржундар
XS
SM
MD
LG