Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Мамытов: Базанын тагдырын Бишкек жалгыз чечпейт


Президент Алмазбек Атамбаевдин “Манас” аба майданындагы америкалык транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча билдирүүсү талкуу жаратты. Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, генерал Токон Мамытов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын транзиттик жүк ташуучу борбору Кыргызстанга абдан кооптуу болуп калды, мисалы үчүн Ирандан туруп атып коюшу ыктымал дегендей айтты. Ушундай коркунуч бар деп сиз аскер адам катары айта аласызбы?

Мамытов: Андай коркунуч бар. Бул жеке Кыргызстандын аскер адистердин бүтүмү эмес. Орусиялык аскер адистердин, ошондой эле АКШнын жана Борбор Азиядагы башка адистердин корутундусу бар.

Себеби быйыл эле (2011-жылы) сентябрь, октябрь, ноябрь айларында Ирандын куралуу күчтөрү жаңы ракеталарын сыноодон өткөрдү. “Шахаб-2”, “Шахаб-3” деген ракеталар. Мындан тышкары дагы бир “Саржил” деген күчтүү ракетасы пайда болду. Анын учуу ылдамдыгы 2 миң чакырымдан алыс. Мындайча айтканда, Иран аймагынан атылган ракета Борбор Азияда жайгашкан бүт мамлекеттерге жетип барып тийгенге мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ирандын өкмөтү жооп кылып, эгерде Ирандын эркиндигине күч келсе, АКШ, НАТО, башка Батыш өлкөлөрүнүн кайсы жерде болбосун базаларына коркунуч келтиргенге жүйөбүз бар деп, алар да эскертишти.

“Азаттык”: Бул эми аскерий жагы болсо керек. Ал эми саясий жагынан алганда, мисалы үчүн ошол эле Кыргызстан, ошол эле Орусия Ооганстандагы террорчулукка каршы операцияны ишке ашыруу боюнча эл аралык шериктештиктин мүчөлөрү болуп эсептелишет. Анын үстүнө азыркы жүк ташуучу борбор гуманитардык жардам ташып, аскерлер боюнча бир гана Ооганстанга байланышкан эмеспи. Анда эмне себептен Иран Кыргызстанды бутага алышы мүмкүн?

Мамытов: Иран жанагыдай сыноо кылгандан кийин октябрь айында АКШ президенти Барак Обама аларга эскертүү катары билдирүү жасабадыбы. Алардын билдирүүсүнө жакында эле Ирандын өкмөтү жооп кылып, эгерде Ирандын эркиндигине күч келсе, АКШ, НАТО, башка Батыш өлкөлөрүнүн кайсы жерде болбосун базаларына коркунуч келтиргенге жүйөбүз бар деп, алар да эскертишти. Ошондуктан бул маселени жалаң Ооганстанга байлоого болбойт.

Ошол эле биздин "Манас" аба майданында жайгашкан жүк ташуучу борбордогу учактарды Иранга каршы пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Демек "Манас" аба майданы Иранга каршы пайдаланылып калса, Иран жооп кылып, сокку жасашы мүмкүн.

“Азаттык”: Атамбаев ушуну менен үчүнчү жолу базага байланыштуу билдирүү жасап отурат. Бирок бул жолу базанын тагдырын Орусия менен АКШ бирге чечиши керек дегендей кошумча ой айтылды. Анын себеп-жөнүн азыр чечмелеп жатышат. Сиз бул пикирди кандай баалап жатасыз?
"Манас" аба майданында жайгашкан жүк ташуучу борбордогу учактарды Иранга каршы пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Мамытов: Бул да туура. Себеби азыркы учурда ушул база, дегеле Борбор Азия мейкиндигинде болуп жаткан аскерий, саясий абалдын бары бир жагынан НАТО менен экинчи жактан Орусиянын саясаты менен кээ бир жерде кайчылашып калып жатат да. Айрым учурда тиреш, карама-каршылык пайда болууда. Ошондуктан бул маселени глобалдык масштабда чечиши керек. Себеби орусиялыктар жанагы Ирандан ракеталарын сынаганга Армавир шаарында радиолокациялык станция курду.

Ирандын аймагын көзөмөлдөө үчүн Азербайжандын Гавали шаарында жайгашкан радиолокациялык комплекс бар. Орусия менен Америка жанагы Польшага, Румынияга радиолокациялык станция ачабыз, Борбор Азияны, Иранды, Ооганстанды кошо карайбыз дегенде, “жаңыны эмне кыласыңар салып, биздин эле ракеталык радиолокациялык комплекстерди пайдаланып, көзөмөл жасай бергиле” десе, тигилер “жок, биздин өзүбүздүкү болуш керек, биз Иранга ишенбей жатабыз, Ооганстандагы окуя кандай болуп кетет” деп мына ушул жерден карама-каршылыктар чыккан да.

“Азаттык”: Демек Кыргызстандагы бул базанын тагдырын Бишкек жалгыз өзү чече албай, глобалдык, үлкөн державалар чече турган даражага жетип калган турбайбы.

Мамытов: Дал ошондой.

XS
SM
MD
LG