Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Отунбаева: Каримов убадага бек инсан эле


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Кыргызстандын саясатында Ислам Каримов менен үзөңгүлөш жүргөндөрдүн жана анын сырын жакшы билгендердин сап башында экс-президент Роза Отунбаева турат. Ал Ислам Каримов тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Акыркы 25 жылдын ичинде биз абдан татаал тарыхый доордон өтүптүрбүз. Анын ичинде жакшылыгы да, жамандыгы да болду. Орто Азия чөлкөмү дүйнөдө белгилүү жана маанилүү аймакка айланганына бүгүн күбө болуп турабыз. Ошонун баарын адамдар жана лидерлер жасайт.

Ислам Каримов бүгүнкүнүн эң көрүнүктүү жана белгилүү саясатчысы десек эч жаңылышпайбыз. Бул киши абдан карама-каршы мүнөздүү саясатчы болчу.

Биринчиден, абдан туруктуу саясатты жүргүздү деп айтайын десем, бир эле учурда бир топ союз, альянстарга кирип, кайра чыгып жатты. Келишимге келүү же сүйлөшүүдө бул киши менен пикир табышуу оңой эмес болчу. Бирок бир маселени макулдашып алгандан кийин айткан сөзүн дайыма аткарчу. Мындайча айтканда, ал сырдана өнөктөш эле. Андан эч качан капилет чечим же сөзүнөн кайтып кеткенди күтүүгө болбойт эле.

“Президенттерди окутуп койчу”

Чын эле Кыргызстандын чек ара маселелери чечилбей турат. Суу, газ боюнча канчалаган кыйынчылыктарга туш болдук. Бул кишинин көз алдында дайыма өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгү менен кызыкчылыгы болуп турду. Өз элинин кызыкчылыгы жана өлкөсүн бутунан тургузуу үчүн жан үрөп иштеди деп айтаар элем.

Ары болду, бери болду дегендей, кээде туруп мурунку президенттерди да окутуп койчу. "Минтип иштеш керек, элди мындай жол менен багыш керек" деп насаатын айтчу. Чындыгында, чарбаны ийне-жибине чейин билчү.

10-декабрь, 2010-жыл
10-декабрь, 2010-жыл

Биз ондогон жолугушууларды өткөрдүк. Чоң жыйындарда, чет жактарда, Кыргызстанда, Өзбекстанда да кезигип, сүйлөшүп турдук. Өзгөчө 2005-жылы жана 2010-жылы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, опурталдуу окуялардын алкагында биз жолугуп, чогуу иштеп калдык. Ошондо Өзбекстандын ролу, Ислам Каримовдун окуяларды жөнгө салуудагы салымы абдан олуттуу болду.

2010-жылы кыргыз-өзбек жаңжалы башталганда Ислам Абдуганиевич менен 11-июнда сүйлөштүм. “Чек араны бууп салам. Кыргызстан тараптан эч кимди киргизбейм”, - деди. Анткени Өзбекстанда да өзбек туугандарыбызга жардам беребиз деген патриоттор көп эле. Чек ара ачык болсо Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда согуш болуп кетмек. Мына ошону көрөгөч көзү менен көрүп, билип, ушундай чечимге ошол замат келди. Кыргызстан үчүн жаңжалдан чыгып кеткенге шарт түзүп берди.

“Мен таазим этем”

“Чек араны бууп салам. Кыргызстан тараптан эч кимди киргизбейм”, - деди. Анткени Өзбекстанда да өзбек туугандарыбызга жардам беребиз деген патриоттор көп эле. Чек ара ачык болсо Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда согуш болуп кетмек.

Мен бул кишиге таазим этем. Анткени бүгүн Өзбекстан секулярдык өлкө. Азыркы исламдашууга өлкөсүн буруп бербеген чоң саясатчы болду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын айырмасы чоң. Эки элдин социалдык кулк-мүнөзү башкача. Балким Каримов кээде катуу кетчү. Батыш өзгөчө нааразы болчу. Өлкө ичиндеги бир топ адамдар жабыр тарткандыр. Бирок жаш мамлекет, эгемендүүлүктүн алгачкы 25-30 жылында секулярдык форма менен өткөнү пайдалуу болду.

"Жолун табышты"

Өзбекстан азыркы дүйнөдө цивилизациянын бар экенин далилдеген өлкө. Балет, опера, илим, билим жагынан алдыга умтулуп жатат да. Мунун баары өлкө өз багытын секулярдык жолду тандагандан улам деп ойлойм.

Ислам Каримов
Ислам Каримов

Ислам Каримов дүйнө жүзүн кыдырып чыкты. Көп үлгүлүү өлкөлөрдүн баарын көрүп келди. Бирок ар дайым ошонун ичинен өзүнө гана керектүү тажрыйбаны сиңирчү. Өзүнчө бир өзбек жолун табышты. Өзбекстанды куруунун башкача моделин чыгарышты.

Албетте сыртта көп кишилерге жаккан жок. Ошентсе да ал дайыма Өзбекстандын кызыкчылыгын көздөдү, бирөөнүн таасири алдында калбасын деп, эч кимге көз каранды болгон жок.

Негизи ал эч кимге бой бербеген киши болчу. Мына эми азыр Өзбекстандын өзүнүн жолу, мүнөзү жана лидерлери бар. Ислам Абдуганиевичтин жан үрөп иштеп бергени бизди суктандырат. Орто Азияда ушундай чоң лидер болгонуна таазим этишибиз керек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG