Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Аксы: уурдалган мал чек арадан ары кетүүдө


Аксыда мал уурулуктун аягы суюла элек. Соңку 2-3 ай эле ичинде төрт айылдын өзүнөн 100дөн ашуун бодо мал, 200гө жакын кой-эчки жоголду.

Жергиликтүү бийлик мал Өзбекстан тарапка айдалып кеткенин белгилешет. Милиция муну ким кылганын аныктаган менен коңшу өлкө аларды Кыргызстанга бербей жатканын айтууда. Тургундар болсо күч органдары менен биргеликте түнкүсүн күзөткө чыгып жатышат.

Мындан бир ай мурда 3 уюн, бир жылкысын ууруга алдырган Жерге-Тал айылынын тургуну Раимжан Сасыкбаев мал уурулук элеттиктердин жанына батканын айтып кейип отурду:

- Каратып туруп эле уурдап жатышат. Меникин талаадан алып кетишти. Кечээ эле бирөө саан уюн уурдатты. Менин малым базарга чыкса жок дегенде 40-50 миң сомго сатылмак. Милицияга барсак “издеп атабыз” дейт. Бирок жыйынтык жок.

Айылда Сасыкбаевге окшоп малын уурдатып, жер муштап калгандар жетиштүү. Соңку 3-4 айдын ичинде эле 4 айылдан 100гө жакын бодо мал, жылкы уурдалган.

- Күч органдары “Ууруларды Өзбекстандан алып чыгышыбыз керек” деп атышат. Аларды кое туруп өзүбүздүн арабыздагы эле ууруларды кармаш керек. Болбосо четтен келген ууру менин үйүмдө, коңшумдун үйүндө мал бар экенин каяктан билет? Демек аларга бул жактан жардам бергендер бар. Алгач ошолорду кармаш керек. Булар уюшуп алып иш кылып жатышы мүмкүн, - деди Раимжан Сасыкбаев.

Өзбекстандан келген уурулар аксылыктардын тынч уйкусун бөлүп турган кез. Чек ара тилкеси такталмайын, эл карайлай берерин Аксынын дагы бир тургуну Асанбек Тойчуев белгиледи:

- Такыр эле уктабай калдык. Малын кайтарган эле киши. Ушунун баары чек ара тилкесинин жакшы каралбай жатканынан болууда. Уурулар өчөшкөндөй эле малды Өзбекстанга айдап кетүүдө. Буга майда-чүйдө маселе деп маани бербей койгон болбойт. Өкмөт маани бериши керек. Айыл элинин биринчи экономикасы ушу да. Саан уюн алдырган дыйкан кантип тирилик кылат? Азыр көптөр ушу мал менен жансактап жатпайбы.

2013-жылдын аягында мал уурулук боюнча 29 факты катталган. Быйыл болсо жыл башынан бери эле мал уурулукка байланыштуу 19 факты катталды.

Милиция болсо Кыргызстандын ичиндеги уурулардын дээрлик баары кармалганын айтууда. Бирок коңшу өлкөдөн келгендерди кармоо кыйынга туруп жатканын Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдрашит Керимбеков билдирди:

- Бул көйгөй барып-келип эле чек арага такалат. Кандай мал жоголбосун изин куусак Өзбекстандын аймагына кирип кеткен болот. Биз жоголгон малдын кайсы адамдын үйүнө барып атканынан бери далилдеп бердик. Бирок башка өлкө болгону үчүн биз кылмышкерлерди алып чыга албай жатабыз. Коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына кайра-кайра кат жөнөтүп, тынымсыз байланышып атканыбыз менен жооп жок. Биз менен жолугушууга эч кимиси да келген жок. Азыр түнкүсүн чек арачыларга кошулуп, айылдарды кайтарып атабыз. Балдар күндүз башка кылмыштарды иликтеп, түнкүсүн мал уурулукту токтотобуз деп чуркап жүрүшөт. Падыша-Атадан тартып, Кызыл-Капчыгайга чейин кароолго чыгышууда.

Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен аралыгы 131 чакырым. Милициянын айтымында, мал уурулар негизинен коңшу өлкөнүн Жаңы-Курган жана Чартак райондорунан келүүдө.

Уурулардын дээрлик баары милиция тарабынан аныкталган. Азырынча алардын так саны белгисиз, бирок негизинен баары мурда түрмөдө отуруп чыккан адамдар экени аныкталган. Бирок өзбек милициясы аларды кармоо өтүнүчүнө жооп бере элек.

- Чартак жана Жаңы-Курган райондорунун жетекчилери менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыкпай жатат. 125 койду Өзбекстандын жоокерлери айдаган боюнча кирип кетти, эч нерсе кыла албай тыбырчылаган бойдон эле калып калдык. Өзбекстандын бир-эки жараны чыгып, 5 миң долларлык аттарды сатып алабыз деп, кыргыз балдар менен сүйлөшкөн. Анан минип көрөлү деп, атка минген дагы, чапкан боюнча качып кетишкен. Анда да эч нерсе кыла албадык. Өзбекстан азыр Минск конвенциясы баштаган бир катар келишимдерди аткарбай жатат. Кагаздарды аларга жөнөтүп коебуз, алардан болсо жооп жок. Анан эми мына жаз келгенде дагы проблемалар башталат. Бизде мал, аларда суу көйгөй болот. Мен азыр акимге "Өзбекстанга бизден кирип аткан сууну кичине бир жөндөп көрбөйлүбү, ошондо алар бизге реакция берет" деп айттым. Азыр болсо алардын реакциясы нөл, - деди райондук милиция башчысы Абдрашит Керимбеков.

Мал уурулукту токтотуу боюнча калк ичинен да элдик кошуун түзүлүп, жапатырмак аракет көрүшмөй болууда. Район акиминин орун басары Шайлообек Кубатбеков буларга токтолду:

- Жерге-Тал айылынан 4 уй, 2 атты Өзбекстандын аймагына алып кирип кетишкен. Ошондой эле Кош-Дөбө айылынан 125 койду коңшу мамлекетке айдап кирип кетишкен. Азыр бизде ушу чек ара маселеси абдан оор. Муну тез арада колго албасак кыйын болчудай. Аксыда учурда ушул маселе боюнча райондук штаб түзүлүп, ар бир айыл округдарда өкүлдөр менен тынымсыз мал уурулукту токтотуунун аракетин көрүп атабыз. Эл дагы күн сайын түнкүсүн күзөттө турушат. Азыр канча деген чек ара тилкебиз ачык эле жатат. Аларды тосмоюнча, кырдаал курч бойдон кала берет.

Аксы району боюнча 40 чакты ички иштер кызматкери бар. Алар бир нече айдан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ушу кезге чейин милиция тарабынан 30-40тай мал табылып, ээлерине кайтарылып берилген. 4-5 адам адам азыр райондо мал уурулукка шектелип камакта отурат. Ошого карабай эл арасында чочулоо күч. Азыр Аксыда малын түнкүсүн көз ирмебей кайтарып, күндүз аркандап баккандар арбын.

Негизинен мал чарбачылыгы менен алектенген тоолуу райондун калкы үчүн бир малды жоготуу да жеңил эмес. Аксы районунда 100 миңдей кой-эчки, 30 миңдей бодо мал, 10-15 миңдей жылкы бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG