Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстан суу башы экенин көрсөтүүгө камынууда


Кыргызстан учурда жылына 10 млрд. гана суу пайдаланып, 50 млрд. куб суу кошуналарга агып кетүүдө.
Кыргызстан учурда жылына 10 млрд. гана суу пайдаланып, 50 млрд. куб суу кошуналарга агып кетүүдө.

Кыргызстан Франциядагы эл аралык суу форумунда аймактагы суу маселесине башка мамлекеттердин көңүлүн бурууга аракеттенет.

Ал форумда кыргыз делегациясы суу-энергетикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү көтөрмөкчү. Бул тууралуу 23-январда Жогорку Кеңеште өткөн тегерек үстөлдө айтылды. Эл аралык суу форуму март айында Франциянын Марсел шаарында өтөт.


Суудан пайда көрчү күн алыс эмес

Сууну сатыш керек. Көп эле өлкөлөр сатып жатат. Бизде ушуга аракет кылып, эч ким иштебей жатат. Сууну сатууга байланыштуу кошуналар эмне десе дей берсин.Асылбек Айдаралиев

Суу чарба жана мелиорация комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Чыңгыз Узакбаев Франциянын Марсел шаарында өтүүчү эл аралык суу форумунда Кыргызстан көтөрчү маселелерди атады:

- Марселде эң биринчи кезекте, суу менен энергетиканын байланышын айтабыз. Экинчиден, экология боюнча да маселе көтөрүлүп жатат. Мында биздин чоң аргументтерибиз бар. Кыргыздын келечеги алдыда, ал суу менен байланыштуу деп ойлойбуз.

Чыңгыз Узакбаевдин билдиришинче, ушу тапта Кыргызстан өзү 10 млрд. куб гана суу пайдаланат. Ошол эле кезде 50 млрд. куб сугат суу кошуна өлкөлөргө агып өтүүдө. Казакстан жана Өзбекстан менен болгон айрым бир учурларды эске албаганда, бул өлкөлөр Кыргызстандан барган сууну бекер алышат.

Кыргызстан эл аралык университетинин ректору, академик Асылбек Айдаралиев Франциядагы форумда сууга бай өлкө катары Кыргызстан эл аралык коомчулукка өз кызыкчылыктарын айтууга чоң мүмкүнчүлүк алат деп эсептейт. Бирок ага дыкат даярдануу зарыл:

- Азыр даярдап жаткан документтеринде тоо жөнүндө бир да сөз жок. Тоо менен суу бир. Тоо болбосо, суу да болбойт. Эмне үчүн муну айтышпайт, мен түшүнбөй калдым. Экинчиден сууну сатыш керек. Көп эле өлкөлөр сатып жатат. Азыр да бул жерде Канадада, башка жерлерде сатып жатат деп айтышты. Бизде ушуга аракет кылып, эч ким иштебей жатат. Сууну сатууга байланыштуу кошуналар эмне десе дей берсин. Биз документтерге жазып алып, аны сатууга болорун суу форумунда, башка жерледе да айтышыбыз керек. БУУга чейин жеткирсек болот.


Кошуналардын каршылыгы

Суу бул - тышкы дүйнөгө чыгуучу экспорт. Суу бул - чек ара жана талаш-тартыш маселени чече турган бир курал.
Каныбек Иманалиев

Бирок эл аралык тажрыйбада өлкөлөрдү аралап өткөн дарыялар жана суулар үчүн акы алынбайт. Суусу мол Кыргызстан менен Тажикстандын жаңы ГЭСтерди куруу демилгеси Казакстан менен Өзбекстандын каршылыгын жаратып келаткан дагы бир маселе.

Казакстан менен Өзбекстан ГЭСтерди куруп жаткан өлкөлөр алардын кызыкчылыгын эске алып, макулдашуу менен иш жүргүзүшү керек деген турумду карманып келатат. Энергетика министринин орун басары Кайрат Жумалиевдин айтымында, ГЭСтерди куруу аймактардагы бардык тараптар үчүн пайдалуу, муну келечекте кошуналар да түшүнөт. Адистердин айтымында, сууну электрэнергиясына айлантып сатуудан пайда көбүрөөк болот.

Ал эми академик Биймырза Токторалиев жакынкы 2020-жылга барып сууну товар катары сатуу тажрыйбасы ишке кирет деп эсептейт:

- Сууну товар катары сатуу 2004-жылдан бери эле сөз болуп келатат. Менин оюмча, сууну товар катары сатуу 2020-жылы эл аралык деңгээлде чечилип калат деп ойлойм.

Кыргызстан сууга бай болгону менен аны сактап калуу жана экология жаатында арбын маселелер жаралууда. Токторалиев кыргыз тоолорундагы мөңгүлөр кыскарып жатканын кошумчалап, бул да форумда сөз болушу кажет деп эсептейт.

- Экологиялык система тез өзгөрүп жатканына байланыштуу суу тартыштыгы пайда болушу да мүмкүн. 2000-жылдан баштап мөңгүлөр 8 метрге чейин эриген.

Ал эми “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты, парламенттеги эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Каныбек Иманалиев суу саясий, ал түгүл геосаясий маселе экендигин эскертет.

- Суу бул - сугат үчүн керек. Суу бул - тышкы дүйнөгө чыгуучу экспорт. Суу бул - чек ара жана талаш-тартыш маселени чече турган бир курал.

12-17-мартта Франциянын Марсел шаарында өтүүчү эл аралык суу форуму үч жылда бир өтүүчү эл аралык абройлуу иш-чара. Ал акыркы ирет 2009-жылы Стамбул шаарында өткөн.

XS
SM
MD
LG