Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Борбор Азия-2011: Беш кол тең эмес


Талдоочулар Кыргызстанда жылдын башкы окуясы катары бийликтин тынч жолу менен өткөрүлүшүн аташууда.
Талдоочулар Кыргызстанда жылдын башкы окуясы катары бийликтин тынч жолу менен өткөрүлүшүн аташууда.

2011-жыл Эгемендигинин 20 жылдык мааракелерин белгилеген Борбор Азия өлкөлөрүндө биринин ити чөп жесе, экинчилеринин бедели түштү. Аймактын өлкөлөрүндө байкалган негизги окуялар, тенденциялар кайсылар?


Талдоочулар Казакстандын жыл ичиндеги эң башкы деп атаган окуясы декабрда өлкөнүн батыш бөлүгүндө орун алды. Жаңы Өзөн шаарынын мунай компаниялардын биринде иштеген жумушчулардын сегиз айга созулган нааразылык акциясы кан төгүү менен аяктады.

16-декабрда Казакстан жыл бою даярданган Көз карандысыздык күнүн майрамдап жаткан кезде болгон кагылышта полиция күчтөрү ок ачып, андан расмий маалымат боюнча 15 адам каза таап, токсондон ашуун киши жаракат алды.

Мунайчылардын социалдык талаптардан башталган нааразылык акциясынын башында ага анча олуттуу маани бербеген бийлик аягында, кырдаалды жөнгө салуу аракетинде саясий кадамдарга барууга мажбур болду. Соңунда президент Нурсултан Назарбаевдин өзү да мунайчылардын талаптары жөндүү экендигин моюнга алды.

Казакстандык жаш активист Жанбулат Мамай “Азаттыкка” курган маегинде Жаңы Өзөндөгү кан төгүүнү жылдын эле эмес, Казакстандын көз карандысыздык тарыхындагы башкы окуя, "экинчи Желтоксон" деп атады:

- Туура жыйырма беш жылдан кийин Желтоксондун жаңы Казакстанда кайталануусу, мааниси андан ашпаса, кемибей турган окуя деп эсептейм. Бул Казакстанда болочокто, ушундай нааразылыктар улана турган болсо араб өлкөлөрүндөгүдөй сценарий кайталануусу мүмкүнбү деген суроолорго жооп бере турган, коомду жана бийликти да тынчсыздандырган маселе деп эсептейм. Соңку жыйырма-жыйырма беш жыл ичинде Казакстанда кан төгүү, масштабы, коомго таасир эткен жагынан мындай окуя болгон эмес.

Аяктаган жыл бою Казакстандын ички саясатында президент Нурсултан Назарбаевдин бийлигинин тышкы түспөлүн улам жаңы элементтер менен дагы бекемдөө жараяны жүрдү.


Казакстан 2011-жылда



Тажикстан-Орусия: алсыздыктын далили

“Азаттык” менен маектешкен тажикстандык талдоочулар аяктаган 2011-жылдын өлкөнүн турмушуна терең из калтырган окуясы катары – эки учкучтун соттолушуна байланыштуу Орусия менен болгон чатакты аташты.

Дүйшөмбүлүк журналист жана саясат талдоочу Марат Мамадашаев мындай дейт:

- Эң ири окуя - учкучтар үстүнөн болгон сот жараян. Менимче бул Тажикстан үчүн жылдын башкы окуясы. Бул жерде маселе Орусия менен мамиледе эле эмес, бул жараян биздин азыркы саясий системабыздын кемчиликтерин дагы бир жолу көзгө сайып көрсөттү. Тажик-орус мамилеси бул жерде экинчи баскычтагы маселе. Эң башкысы бизде кандай болорун даана көрдүк.

Тажикстандын Коргон-Төбө шаарынын соту 2011-жылдын ноябрь айында орусиялык компанияга иштеген эки учкучту: Орусия менен Эстониянын жарандарын "авиатетиктердин аткезчилиги менен алектенген", "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аба ташуулардын эл аралык эрежесин бузган" деген айып менен он жарым жылдан эркинен ажыраткан.

Бирок "Мунапыс жөнүндөгү" соңку мыйзамга байланыштуу өкүм эки жылга кыскартылып, сегиз жарым жылга түшүрүлгөн. Учкучтар 2011-жылдын айында, Тажикстандын аба мейкиндигине Ооганстан тараптан кирип, учагы Коргон-Төбөнүн аба бекетине конгондон кийин камакка алынышкан болчу.

Бирок Орусиянын катаал жана кескин реакциясынан кийин Тажикстан учкучтарды абактан кайра дароо эле чыгарууга аргасыз болду. Башкача айтканда баштапкы өкүм кийинки баскычтагы облустук соттун чечими менен өзгөртүлдү.

Орусиянын бийлиги Тажикстандагы сот өкүмүн саясий куугунтук катары айыпташып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизерин ачык айткан. Ага удаа Орусияда жүздөгөн тажик мигранттары кармалып, аларда ар кандай жугуштуу илдеттер бардыгы айтылып, айрымдары мекенине кайтарыла баштаган. Бул Москванын жооп чарасы катары каралган.


Тажикстан 2011-жылда



Өзбекстан: Батыш үчүн барк артты

Аймактын эң калктуу жана авторитардык өлкөсүнүн ички жана тышкы саясатында аяктаган жылы кандай тенденциялар байкалды?

Саясат таануучу Камоллидин Рабимовдун пикиринде, 2011-жылы Өзбекстандын ички саясатында “Араб жазы” атыккан окуялардын кыйыр таасири байкалды:

- Бул эмнеден көрүндү? Бир нече багыттан көрүндү. Оппозицияга, оппозициячыл уюмдар менен кыймылдарга карата мамиледен, элдик толкундоолорду тынч жол менен чечүүгө даярдыктан көрүндү.

Биз билгенден бийлик атүгүл элдин кан төгүүсүз кууп-таркатуу үчүн суу бүркүгүчтөрдү сатып алган. Бирок иш буга жеткен жок. Жалпысынан Өзбекстанда реформа жүргүзүлүүдө. Бул реформа мамлекет өнүгүүнүн кийинки этабына акырындык менен өтүшү үчүн социалдык-экономикалык, атүгүл саясий шарт түзүүгө багытталган. Ошол реформанын негизги учурларынын бири – президент Каримов мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн жети жылдан беш жылга түшүргөнү. Ал муну кандайдыр бир рекламасыз, шөкөтсүз эле жасады.

Мамлекеттик маалымат каражаттары реформа деп жупуну гана мүнөздөштү. Чынында бийликтер муну демократиянын чоң жетишкендиги катары даңазалай алышмак. Менимче бийликтер трансформация дооруна камынып жатышат. Биз билгенден Каримов азыр 73кө келди, январда 74кө чыгат. Анын абалы Өзбекстанда жакынкы жылдары бийликти өткөрүп берүү ишке ашуусу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.


Саясат таануучу Каммолидин Раббимов кошумчалагандай, Өзбекстандын “Араб жазына” таасирлерген жана чет өлкөлөрдө жүргөн оппозициясы, активисттери жазында “Өзбекстан элдик кыймылы” деген саясий уюм курууга жетишти.

Аталган бирикме расмий Ташкент үчүн жаңы чыңалуу алып келгени менен күзгө барып өзүнүн ички кубатын жоготуп койду. Бул үчүн бийлик да өз чараларын көрдү. Өзбекстандагы акыркы президенттик шайлоо 2007-жылдын декабрында өткөрүлгөн. Ислам Каримовго анда берилген жети жылдык мандат 2014-жылы барып аяктайт.


Өзбекстан 2011-жылда



Түркмөнстан: Ички турмуш өзгөрүүсүз

Айрым талдоочулар түркмөн коомунун ички абалын караганда, ага жакынкы келечекте ички нааразылыктын чыгышы коркунуч туудурбайт, бирок ошол эле кезекте мамлекеттин ашыкча басымы ички тең салмакты тышкы факторлорго көз каранды кылат деп эсептешет.

Түркмөнстандагы жараяндарга сырттан кылдат байкоо салгандардын бири “Түркмөнстан хроникасы” деген интернет басылманын редактору, “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” деген уюмдун башчысы Фарид Тохбатуллин “Азаттыкка” курган маегинде 2011-жылы Түркмөнстандын ички саясатында олуттуу деле өзгөрүү байкалбаганын белгиледи:

- Эгер бийликтин саясаты жөнүндө айтсак, ал иш жүзүндө өзгөргөн жок. Эгер бийлик берген убадалардын аткарылышынын практикалык жыйынтыктары тууралуу айтсак, ал да болбоду. Демократиялаштыруу, көп партиялуулук жөнүндө жана башка убадалар болгон. Бирок, тилекке каршы, бул багытта эч нерсе өзгөрбөдү.

Фарид Тохбатуллиндин айтымында, Түркмөнстандын Көз карандысыздык күнүнүн 20 жылдыгынын урматына саясий айыпкер деп саналгандар абактан чыгат деген үмүт болгон. Бирок бул да акталбады.


Түркмөнстан 2011-жылда



Түркмөнстандын кезектеги президенттик шайлоосу 2012-жылдын февралында өтөт. Шайлоого атаандаш деген талапкерлер көрсөтүлүп жатканы менен жалгыз саясий партиялуу Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухаммедов президенттикке оңой эле кайра шайланары күтүлүүдө.

Британдык Economist Intelligence Unit уюму “2011-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү демократия индекси” деген баяндамасында Борбор Азиядан Түркмөнстанды 167 мамлекет ичинен 165, Өзбекстанды 164, Тажикстанды 152, Казакстанды 137, Кыргызстанды 107-орунга жайгаштырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG