Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:37

Акун: Кофи Аннан өзгөчө баш катчы болду


Турсунбек Акун.

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун БУУнун экс-баш катчысы, маркум Кофи Аннан тууралуу ой бөлүштү.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мурдагы баш катчысы Кофи Аннан 80 жашында оорудан улам көз жумду. Ал 18-августта эртең менен Швейцариянын Берн шаарында бейтапканада дүйнөдөн кайтканы кабарланды.

Теги ганалык Кофи Аннан БУУнун баш катчысы болуп 1997-жылдан 2006-жылга чейин иштеген. Соңку жылдары Швейцарияда жашап, өзүнүн фондун башкарып келаткан эле.

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун маркум менен жолугушкан, сүйлөшкөн кишилердин бири. Ал "Азаттык" радиосуна Кофи Аннан тууралуу жана анын ишмердиги жөнүндө ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кофи Аннан менен качан, каерде, кандай шартта жолуктуңуз эле?

Акун: Кофи Аннан менен 1993-жылы июлда Вена шаарында адам укуктарына байланыштуу уюштурулган эл аралык конференцияда жолуккам. Борбор Азиядан жалгыз мен баргам. Жаңы иш баштаган укук коргоочу элем. Бириккен Улуттар Уюмунун убактылуу ишенимдүү өкүлү, кыргызстандык Омор Султанов аттуу жигиттин жардамы аркылуу сөз сүйлөгөм. Мен орусча баяндама кылгам, ал жигит которгон.

“Азаттык”: Кандай маселени көтөргөнсүз?

Акун: Бириккен Улуттар Уюмун сындап сүйлөгөм. Ал кезде Кофи Аннан бул уюмда Борбор Азия, Африка өлкөлөрү менен иштешкен адис, комитет жетекчиси экен. Ошол сөзүмдөн кийин ал киши мени кабыл алды. Мен ал жыйында: “Эмне үчүн Балтика, Монтенегро, Чехия маселесин эле айта бересиңер? Борбор Азияга эмнеге көңүл бурбайсыңар? Силер бюрократиялык уюм болуп калдыңар!” - деп айткам. 1990-жылдын башында Ош окуясы болгонун, ага көңүл бурулбай жатканын сындагам. Мени менен жолугуп, Ош окуясы тууралуу кеңири маалымат алган. Ошондон кийин Кыргызстанга БУУдан атайын делегация келген.

Экинчи жолу Кофи Аннан менен 2009-жылы кезиктик. Ал кезде акыйкатчы болуп жүргөм. Омбудсмен институтунун түзүлгөнүнүн 200 жылдыгына карата Швецияда чоң жыйын болгон эле. Ал учурда Кофи Аннан БУУнун баш катчылыгынан кеткен. Мурдагы баш катчы катары катышып, жыйынды ачып берген. Ал конференцияда мен кыргыз тилинде Борбор Азия боюнча баяндама жасагам. Кофи Аннанга кайрылып, 1993-жылкы жолугушуубузду эстетип, рахматымды айткам.

“Азаттык”: Демек Кофи Аннан баш катчы болгонго чейин жана кийин жолуккан турбайсызбы. Ал киши БУУну жетектеген жылдары Кыргызстанга байланыштуу кандай пайдалуу чечимдер болгон?

Кофи Аннан
Кофи Аннан

Акун: Ал кишинин Кыргызстанга эң чоң жардамы - ВИЧтин алдын алууга байланыштуу долбоорлордун башталышындагы ролу болду. Андан тышкары, балдардын укуктары боюнча да аябай чоң маселелерди көтөрдү. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде да ушундай. Авторитардык режимдеги мамлекеттерге карата турумун өзгөчө баалайм. Сөз эркиндиги чектелген, авторитардык бийлик өкүлдөрдөн адам укуктарынын сакталышын эң көп талап кылган жетекчи болду.

Африка өлкөлөрүнөн чыккан баш катчы катары да БУУнун тарыхында калды. Бул кишинин башка баш катчылардан өзгөчөлүгү – БУУнун системасында баштан-аяк иштегени. Эксперттен тартып, баш катчылыкка чейин жетти.

“Азаттык”: Кофи Аннандын учурундагы качкындарга көңүл буруу маселеси менен азыркы учурдагы жагдайда кандайдыр бир айырма барбы?

Акун: Бизге 2005-жылы Анжиян окуясында өзбекстандыктар качып өтпөдүбү. Андан мурдараак Аннан Кыргызстандан “Манас” орденин алган болчу. Коңшу өлкөдөн келген бозгундардын абалын аябай көзөмөлгө алды. Ал киши Африканын Гана мамлекетинен чыккандыктан, качкындардын жагдайын аябай жакшы түшүнчү. Дүйнөдөгү башка качкындарга да чоң маани берди. Алардын көйгөйүн жон тери менен сезчү. Качкындар маселесин БУУнун күн тартибине киргизип, президенттер менен кеңешип, көп иштерди жасады. Ал кезде президенттердин баары баш катчы менен эсептешип турчу.

“Азаттык”: Бирок анын да кемчиликтери болгон деп айтылып жүрөт. "Руандадагы, Босниядагы коогалаңдарды басууга таасир көрсөтө алган эмес" деген сын пикирлер бар.

Акун: Ооба, ал чын. Аракет кылды, өтөөсүнө чыга албады. Аппараттык кызматкер болуп көнүп калгандыктанбы, иш сапарларына көп барган жок. Андан кийинки баш катчы Пан Ги Мун эки жакка жумуш сапарлары менен көп барды.

“Азаттык”: "Аппараттык кызматкер болгон" деп атпайсызбы. Ал кишинин тушунда бюрократиялык маселелер да көп болгону тууралуу айтылып жүрөт.

Акун: Бул да бир кемчилиги болду - бюрократияны жоё албады. Бириккен Улуттар Уюмунда бул багыттагы өзгөрүүлөр 2009-жылдан кийин ишке аша баштады. Ашыкча кызмат орундар, бири бирин кайталаган долбоорлор, уюмдар бар болчу. Ошолорду жоё албады. Системалык реформа кылганга дарамети жетпеди.

“Азаттык”: Жашоодо Кофи Аннан менен эки жолу кездешиптирсиз. Ошол эки жолугушууда ал кишинин адамдык сапаттарын баалоого өбөлгө түзө алдыбы?

Акун: Акырын сүйлөгөн, интеллектуалдык деңгээли жогору адам болчу. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу сурап, Ош шаары тууралуу кеңири маалымат алган. Адам укуктары боюнча эмне иштерди жасап жатканыбызга кызыккан. Боорукерлиги билинип турчу. Кофи Аннандын көз жумушу дүйнө үчүн кайгы. Укук коргоочулардын сап башында эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG