Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Кыргызстан Батышка пейилин буруудабы?


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШда иш сапары менен жүрөт. Казакбаев БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушат. Ошондой эле кыргыз-америка кеңешине катышары күтүлүүдө.

Кыргыз бийлиги учурда Батыш багытында дипломатиялык активдүүлүктү көрсөтүүдө. Бул Батыш колдоого алган Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын корутундусун кыргыз парламенти кескин сынга алгандан кийинки учурга туш келди. Президент Роза Отунбаева кечээ Венгриядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин эми Австрияда сапарда болот.

Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кечээ күнү АКШга
сапар алган. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Айым Кулукеева министрдин жолугушуулары тууралуу буларды маалымдады:

- Руслан Казакбаевдин Нью-Йорк шаарына сапары учурунда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, БУУнун Европа өлкөлөрү боюнча регионалдык бюронун жетекчиси Хори Удовички менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Андан сырткары министр БУУнун алкагында өтө турган чакан мамлекеттердин конференциясына катышат. Казакбаев менен БУУнун жетекчилиги менен Кыргызстандагы саясий абал, демократиялык жараяндар жана түштүктү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзөрү айтылууда.

Руслан Казакбаев
Бирок тараптар көңүлдү негизинен июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна парламенттин кескин реакциясына жана парламенттин өзүнүн корутундусуна койору турган иш.

Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын корутундусун Бириккен Улуттар уюму оң баалаган. Эми аны коргоп чыгышы ыктымал.

Парламент кескин сынга алган Киммо Килюнендин комиссиясынын корутундусун президент башында турган бийлик өкүлдөрү толугу менен четке каккан жок. Маселен, президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев эл аралык комиссиянын ишинин оң жагы катары Кыргызстанды геноцид боюнча айыптоодон куткарганын айтууда.

Кыргызстан АКШ менен эмнени акылдашат?

Руслан Казакбаев Вашингтондо кыргыз-америка кеңешүүлөрүнө да катышары күтүлүүдө.

Бул кеңеш "Манастагы" "Ганси" аскер базасы Транзиттик борборго айлануу учурунда түзүлгөн. Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Замира Сыдыкованын айтымында, кыргыз-америка кеңешин түзүүнүн негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу маселелерди талкуулай турган органды түзүү болгон.

Кыргызстан-АКШ мамилесинде негизги орунда Транзиттик борбор турат. Бирок бул маселе 2014-жылга чейин чечилгени маалым. Анткени АКШ менен Кыргызстан мына ошондой келишимге жетишкен. Дал ошол жылга карай Вашингтон Ооганстандан аскерлерин чыгара баштайт.
Ошондуктан азыркы учурда эки тараптын ортосундагы негизги маселе түштүк коогасы жана эл аралык комиссиянын корутундусу болуп калышы ыктымал. Андан сырткары албетте коопсуздукка, Кыргызстан чек арасын бекемдөөгө байланыштуу долбоорлор болушу мүмкүн.

Памела Спратлен
Белгилүү болгондой президент Роза Отунбаева АКШга жасаган сапары учурунда Баткенде машыгуу борборун куруу, чек араны бекемдөө боюнча Вашингтондон жардам сураган.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым машыгуу борбору боюнча маселеде азырынча жылыш боло электигин май айынын соңунда уюштурган маалымат жыйынында билдирген эле:

-Бул регионалдык коопсуздукка байланыштуу суроо жана ал биз үчүн маанилүү. Бул маселе президент Роза Отунбаеванын АКШда президент Барак Обама менен жолугушуусунда талкууланган. Бирок машыгуу борбору кандай статуста, кандай ролду ойнору ал кезде белгисиз болчу. Азыркы кезге карай да ал боюнча өкмөт тараптан сунуштарды ала элекпиз.

Транзиттик борбор аркылуу Кыргызстанга АКШ тараптан бир топ каражат түшүүдө. Борбордун маалымдоосуна караганда, быйылкы жылы ал Кыргызстанга ижара акысы үчүн 45 млн. доллар которду. Андан сырткары ар кандай төлөмдөр үчүн 40 млн. доллардан ашуун каражат төлөгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG