Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Кыргызстандан Нигериянын 8 жараны чыгарылды


Учурда "Дордой" командасында африкалык эки футболчу келишимдин негизинде ойноп жүрөт.
Учурда "Дордой" командасында африкалык эки футболчу келишимдин негизинде ойноп жүрөт.

Уруксаты өтүп кеткен нигериялык 8 жаран Кыргызстандан чыгарылгандыгын өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын алтоо жергиликтүү футболдук клубдар менен келишим түзүү үчүн келгенин ырастаса, мындай маалыматты өлкөнүн Футбол федерациясы төгүнгө чыгарды.

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу нигериялык 6 жаран жергиликтүү футболдук клубдардын бири менен келишим түзүү максатында бир жыл мурда Кыргызстанга келишкенин айтты.

- Аларга жоопкерчилиги чектелген ишканалар чет элдиктерди уруксат берип колдоого алуучу кагаздарды толтурган экен. Чет элдик жарандардын тобу Бишкектин аймагында жашап турган. 14-октябрда бир жылдык мөөнөт менен берилген туристтик уруксат кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткени, Кыргызстанда иштөөгө чакырылган документтери жана уруксаты жок жүргөн Нигериянын 2 жараны аныкталган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде нигериялык Малагву Харисон Учечукшу жана Ораегбунам Аринзе Майкл өлкө аймагынан чыгарылган эле.

1-декабрда Улуттук коопсуздук кызматы Нигерия өлкөсүнүн уруксат мөөнөтү өтүп кеткен 6 жаранын да аныктаган. 10-декабрда Биринчи май райондук соту аларды өлкөдөн чыгаруу жөнүндө токтом чыгарган.

Бирок бул токтом учурда ишке ашырыла элек. Нигериялык 6 жигит Кыргызстандан чек арасынан чыгарыла электигин Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

Бөтөн өлкөнүн спортчуларына кызыккандар

Футболду өнүктүрүү максатында Кыргызстандын Футбол федерациясы, айрым клубдар африкалык спортчуларды тандап, расмий чакырып, келишим түзгөн. Мисалы, футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону "Дордой" командасында мындан 3 жыл мурда африкалык 5 футболчу келишимдин негизинде ойногон. Алардын бири камерундук Кум Мака. Ошондой эле ганалык эки жигит Арий Элайжа менен Гьян Уильямдын келишим мөөнөтү аяктап, 2 жыл мурда Кыргызстандан кетишкен.

"Дордой" футбол клубунун вице-президенти Улугбек Салымбековдун айтымында, учурда "Дордой" командасында африкалык эки футболчу келишимдин негизинде ойноп жүрөт. Бирок алар да нигериялык жигиттер эмес.

- Алардын бири ганалык Дэниэл Таго болсо, экиничиси мыкты чабуулчу катары таанылган ганалык Дэвид Тетте. Ал мындан 2 жыл мурда Кыргызстандын атуулдугун кабыл алган. Быйыл жайында нигериялык футболчубуз деген жигиттер биздин клубга да кайрылышкан. "Биз Кыргызстанда жүрөбүз, бизди командаңарга кошуп албайсыңарбы?",-деп кайрылышкан. Биздин машыктыруучулар аларга жолугуп, футболдук чеберчилигин текшерип көрүшкөн. Алардын деңгээли төмөн деп, командага кабыл албай, эч кандай келишим түзгөн эмеспиз. Алар туристтик виза менен келип, өздөрүн мыкты футболчубуз деп тааныштырып, ар кайсы футбол клубдарына сунуштаган болсо керек.

Мына ушундай эле пикирди өлкөнүн Футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуев да билдирип, нигериялык футболчуларды Кыргызстандын футбол клубдары чакырбаганын айтты.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, учурда өлкө аймагында уруксат кагазы жок чет өлкөлүк жарандар ондоп саналат.

- Чет өлкөлүк деңгээли төмөн футболчуларды же спортчуларды чакыруунун ордуна кыргызстандык спортчуларга көңүл буруу керек. Биздин жигиттер алардан кем ойнобойт. Тийиштүү мекемелер өлкө коопсуздугу үчүн уруксаты жок Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандарды текшерип, иликтөөгө алышы учур талабы.

Өлкө аймагынан чыгарылган нигериялык 8 жаран тууралуу толук маалымат азырынча бериле элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG