Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

"Аманды өлтүргөндөр жазасын алсын..."


Маркум Аман Бакачиев.
Маркум Аман Бакачиев.

2018-жылдын апрель айында Чолпон-Ата шаарында калайман мушташта каза болгон 16 жаштагы уландын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сот аны кароого өттү.

Маркумдун жакындары тергөө калпыс жүрүп, кылмышка шектүүлөр жоопко тартылбай жатканына нааразы. Ишти тергеген Ысык-Көл облустук милициясы болсо тергөөдө нааразы тарап айткан жүйөнүн баары эске алынганын айтууда.

2018-жылдын 30-апрелине караган түндө Бактуу-Долоноту айылы менен Кара-Ой айылынын балдары мушташкан.

Анын кесепетинен Бактуу-Долоноту айылынын Аман Бакачиев аттуу 16 жаштагы тургуну каза тапкан.

Бул ишти алгач Ысык-Көл райондук милициясы тергеген. Маркумдун жакындары райондук милицияга ишеним көрсөтпөй ишти тергөөнү Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнө жиберген. Үч ай тергелген иш 13-августта сотко өткөрүлгөн. Каза болгон Амандын апасы Элмира Керимбаева тергөө чала жүрдү деген пикирде:

- Биз тергөөчүнүн ишине нааразыбыз. Бул иш Чолпон-Атада каралды, андан кийин Караколдогу облустук милиция үч ай карады. Алар деле жыргаткан жок. Чала-була карап эле сотко жиберди. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда "муунтулган" деп турат. Бир бала күнөөнү моюнга алды. Калгандары жок. Бул баланы беш-он жылга кесишет дегендей кеп болуп жатат. Бирок биз ага макул эмеспиз. Өмүр бою кесилсин. Мен баламан ажырадым, эми ошого жараша жазасын алсын.

​Бул ишти караган Ысык-Көл облустук милициясынын тергөөчүсү Марат Шабиков менен байланыша алган жокпуз.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов болсо тергөө кылдат жүргөнүн, нааразы тараптын жүйөлөрү эске алынып, иш сотко өткөрүлгөнүн ырастады:

- "Райондук милиция биз көрсөткөн жагдайларды карабай жатат" деп кайрылышкан. Алар айткан жагдайларды прокуратура органдары, облустук милиция карап чыгып, иш мыйзам чегинде жүргүзүлгөн деген тыянак чыккан. Азыр иш соттун кароосуна жиберилди. Соттук кароодо дагы жагдайлардын баары иликтенет.

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе жайран болгон Аман Бакачиев мектепте 9-класска чейин эле окуган экен. Андан кийин Москва шаарына жумушка кетип, төрт айдан кийин кайтып келет. Каргашага чейин Чолпон-Атадагы “Барашек” ресторанында официант болуп ишке орношкон.

Маркумду жакындан билгендер мушташ кызганычтын айынан чыкканын айтышууда.

- Досум менен аны өлтүрүүгө шектүү бала бир кызды талашып, чырлаша кетишти. Кыз тиги бала менен сүйлөшпөй калгандан кийин Аманга жолуккан экен. Аман мага ал баланын "сайып кетем” деп коркутуп жатканын айткан, - деп эскерди классташы Эмир Эсенакунов.

​Эмирдин айтымында, ошол кырсык тооруган күнү Кара-Ойдон келген үч бала менен Амандын беш досу мушташа кеткен. Атайын даярданып келсе да алы жетпесин билген үч жигит качып, бир убакта бир короо баланы ээрчитип келишкен.

Эмир Кара-Ойдон келген балдардын саны аябай көп болгонун айтып берди. Ошол себептүү, Аманды жалгыз эле бир бала өлтүрүп койду дегенге ишенбей турган кези.

- Биз менен мушташканы келген балдар көп болчу. Улам келип жатышып кырктай бала топтолгон. Бир гана Кара-Ойдун балдары эмес, Чолпон-Атанын балдары да жүргөн. Ошонун арасынан бирөө эле күнөөлүү дегенге ким ишенет?

Ысык-Көл райондук соту ишти кароону буга чейин эки жолу белгилеп, экөөндө тең жылдырган. Үчүнчүсүн 2-октябрга белгилеп, бирок ал күнү да болбой калды. Кийинки кароо 12-октябрда өтөрүн Амандын жакындары билдиришти.

Аман Бакачиев бир үй-бүлөнүн эш туткан жалгыз уулу болгон. Андан кийинки карындашы бир жарым гана жашта.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG