Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Ысык-Көлдө "сүзгөн" орус торпедасы


Орусиянын торпедаларды сыноо базасы
Орусиянын торпедаларды сыноо базасы

Ысык-Көлдө жаңы үлгүдөгү орусиялык торпедалар сыналып жатканы кыргыз тарап үчүн күтүүсүз жаңылык болду.

Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери өз булактарына таянып, кабар тараткан болчу. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия бул боюнча алдын ала маалымат бербегенин белгилеп, бул үчүн ал тарапка расмий суроо-талап жолдонгонун билдирди. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул жагдай туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.

Орусиянын өркүндөтүлгөн жаңы куралы

Орусиянын аскер-деңиз флоту ушул жылдын аягында “Футляр” деген жаңы үлгүдөгү суунун тереңинде сүзүүчү торпеданы куралдуу күчтөрдүн катарына кабыл алат. Орусиялык маалымат агенттиктери ал торпедалар Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн түбүндө сыноодон өтүп жатканын кабарлашты. Бул сыноолор ийгиликтүү аяктаса, 2017-жылдан тарта ал торпедалар өндүрүштөн чыгарыла баштайт.

“Футляр” торпедасы кеменин бортунан башкарылып, суу астындагы бутаны 50 чакырым аралыктан атууга жөндөмдүү экени көрсөтүлгөн. Ысык-Көлдө орусиялык торпедалар сыналып жатканы туурасында маалымат кыргыз тарапты таң калтырды.

"Шквал" торпедасы
"Шквал" торпедасы

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат башкармалыгынын башчысы Майрамбек Мусиев орус тарап буга чейин сыноолор боюнча алдын ала уруксат сурабаганын белгиледи:

- Ал база мамлекеттер аралык келишим боюнча мына ошол жерде турат. Ага ылайык, сыноолор болсо ал тууралуу бизге алдын ала маалымат берилиши керек болчу. Анан биз жактан сыноолорду жүргүзүүгө уруксат берилгенден кийин аны баштоого болот. Бизге алар эч кандай маалымат беришкен жок. Ошондуктан биз ал тарапка кат жибердик. Катка жооп келген соң гана расмий билдирүү беребиз. Биздин ал расмий суроо-талапта орусиялык сайттарда торпедалар сыналып жатканы боюнча маалымат чыкканы, бирок макулдашуу боюнча алар алдын ала бизге маалымат берүүсү зарыл экени жана уруксат алынган соң гана сыноолор башталары туурасында жазып көрсөттүк.

Кыргыз бермети сыноо полигонуна айланганда

Ысык-Көлдө Каракол шаарына жакын жердеги кең булуңда Орусиянын торпедаларды сыноо базасы жайгашкан. ​

Ысык-Көлдө торпедалардын сууда сүзүү мүмкүнчүлүктөрү эле сыналат. Мына ошондо торпедалар алынып келинип, бирок анын жарыла турган дүрмөтү жок келет. Торпедасыноодон экологияга эч кандай зыян келтирилбейт.
Эмил Каптагаев

Бирок анда расмий маалыматтарга караганда, көптөн бери торпедаларды сыноо иштери жүргүзүлө элек болчу.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси Ысык-Көлдө жаңы үлгүдөгү торпедалар сыналып жатканы боюнча маалыматка карата комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле кезде аскер атташесинин ага жардамчысы Вячеслав Косов орусиялык агенттиктер жарыялаган ал маалыматты ырастап же төгүнгө чыгарган жок.

Коомдук аналитик Азамат Акелеев кыргыз бермети атыккан Ысык-Көлдө кайрадан аскерий сыноолор башталганын кооптонуу менен кабыл алды:

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

- Негизи андагы байлык мына ошол Ысык-Көлдүн тазалыгы жана кооздугу да. Анан эми мына ошондой кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлүбүздө аскерий сыноолорду жүргүзүү анын туристтик потенциалына дагы көлөкө түшүрөт. Көлдүн экологиялык абалына дагы таасир этпей койбойт. Ошол үчүн биз муну тез арада токтотуп, ага бөгөт коюшубуз зарыл.

Каптагаев: сыноолор зыянсыз

Экологдордун айтымында, көлдүн түбүндө торпедаларды сыноо андагы суудагы жандыктарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Союз учурунда Ысык-Көлдө торпедаларды сыноо жүргүзүлө турганы боюнча маалымат жашыруун сыр болуп, анын зыяны коомчулукка анчейин белгисиз болуп келгени маалым. Торпедаларды сыноо адатта суусу таза жана түбү терең жана узун аралыктагы көлдөрдө жүргүзүлөт. Ошондуктан СССР учурунда аны сыноого Ысык-Көл эң эле ылайыктуу деп табылган.

Эмил Каптагаев
Эмил Каптагаев

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев торпедаларды сыноо сууга жана айлана-чөйрөгө зыяны жок экенин белгиледи:

- Ысык-Көлдө торпедалардын сууда сүзүү мүмкүнчүлүктөрү эле сыналат. Мына ошондо торпедалар алынып келинип, бирок анын жарыла турган дүрмөтү жок келет. Кең булуңдан 12 чакырымдай аралыкка коё берип, анан сүзгөн параметрлерин эсептеп, кубаттуулугун аныктап туруп, андан ары кайра алып чыгып кетишчү. Бул жерде торпедаларды сыноодон экологияга эч кандай зыян келтирилбейт. Жаңыдан чыгарылган торпедалардын бардыгы эле Ысык-Көлдө сыноодон өтөт.

Аскерий адистердин айтымында, суу астындагы сыноолордо өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ылайыктуу торпеда жана өзөктүк тулкусу жок торпеда болуп экиге бөлүнөт. Орусияда жаңы үлгүдө жасалган “Футляр” торпедасы тулкусу боюнча мына ошонун кайсынысына кирери азырынча аскерий сыр катары ачык жарыялана элек.

Орусиялык “Футляр” мурда чыгарылган “Физик” аттуу торпедасынын жаңыртылган түрү. Буга чейин Кыргызстанда “Дастан” заводунан даярдалган суу астындагы кемелерге каршы колдонулчу “Шквал” үлгүсүндөгү өзөктүк дүрмөтү жок торпедалар Ысык-Көлдөгү “Улан” полигонунан текшерүүдөн өтүп, сыналып келген.

XS
SM
MD
LG