Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Жамалов: Жарылуучу зат биздин армиядан калышы мүмкүн


Зардалыны Баткен менен туташтырган жол. 9-ноябрь, 2010-жыл.
Зардалыны Баткен менен туташтырган жол. 9-ноябрь, 2010-жыл.

Зардалыдагы эки тестиердин өмүрүн алган жардыруучу зат Баткен окуясы учурунда биздин армиядан калган болушу мүмкүн.

Бул туурасында “Азаттыкка” курган маегинде, мурунку Улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору, Чек ара кызматынын мурунку биринчи орун басары, Баткен окуясынын катышуучусу Абдыжалил Жамалов билдирди.

“Азаттык”: Зардалыда “Коргон” чек ара тозотунда белгисиз заттын жарылышынан эки тестиер өлүп, төртөө жараат алды. Бул окуяны болтурбай коюуга мүмкүн беле?

Жамалов: Бул зат мурдатан бери жаткан да. Анын номурун таап, ал аркылуу кайсы аскер бөлүгүнө тиешелүү экенин, кимдер калтырганын тапса болот. Ал затты менен1999-2000-жылы Баткенге барган биздин аскерлерден калса керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Учурунда мындай заттарды издөө иштери жакшы жүргөн эмес дейсизби?

Жамалов: Чынын айтканда, 1999-2000-жылдары башаламан болгон да. Баткенге барган аскерлер каалагандай жүргөн. Армия ооганчылардан, өз ыктыяры менен баргандардан куралган да. Ошондо каттоо, тактоо иштери, тыкыр көзөмөл болгон эмес. Менин оюмча, бул зат ошол биздин армиянын ошол жакка барган бөлүктөрүнөн калса керек. Чек арачыларда мындай жарылчу заттар болгон эмес, аларда мындай курал жок.

Чынын айтканда, 1999-2000-жылдары башаламан болгон да. Баткенге барган аскерлер каалагандай жүрүп, тартип болгон эмес. Менин оюмча, бул зат ошол биздин армиянын ошол жакка барган бөлүктөрүнөн калса керек.
“Азаттык”: Согушчандарда деле кол гранаты болушу мүмкүн эмес беле?

Жамалов: Алар деген маңзат ташыган эле немелер болчу. Ушул кезге чейин Баткендеги окуяны "Эл аралык терроризм" деп кыйкырып жүрүшөт, андай болгон эмес. Жөн гана саясатка айландырып жиберишкен. Мына мен ошол жерде 1992-жылдан тарта 2002-жылга чейин жүрдүм. Акырында Коопсуздук кызматынын Баткендеги башкармалыгында начальник болуп иштедим. Согушчандар автомат эле көтөргөн. Аларга маңзат ташып, тигил жакка өтүп кетүүгө жол керек болчу. Бирөөнү жардырып, өлтүрүүнү максат кылышкан эмес. Кийин биз тозотторду коюп, чек араларды жаап баштаганда ары-бери эркин өтө албай калышкан. Ошонун негизинде кагылышуу болгон. Болгону ошол.

“Азаттык”: 2000-жылдан бери ал жерлерде 15 мина, 11 граната, гранатомет, бомба, миңден ашык октор табылган экен. Бул жолку жарылуу издөө иштери начар жүргөнүнөн кабар бербейби?

Жамалов: Андай курал-жарактар табылгандан кийин изилдөө иштерин аягына чыгаруу керек болчу. Баткендеги согушка баарын эле ала бергендиктен, Коргонуу министрлиги ким келип, ким кетип жатканын көзөмөлдөй албай калган. Бул жарылуу ошонун кесепети. Негизи курал-жарактын калган жерлерин так аныктоо керек. Зардалынын үстүндө же чет жакасында болсо, анда курал-жарактарды балким согушчандар катышы мүмкүн. Бирок согушчандар жардырчу заттарды алып жүргөн эмес, аларга мунун кереги жок болчу.

“Азаттык”: Бүгүн вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев кол гранатасы жарылган деген маалыматты айтып жатат?

Жамалов: Кол гранатасы болсо, анда биздики.

“Азаттык”: Балдардын ошондой жерде ойноп жүргөнү чек ара тозотундагылардын шалаакылыгы деп айтууга болобу?

Жамалов: Болбойт. Ал жердеги айылда 20 гана үй-бүлө бар. Эл менен чек арачылардын мамилеси абдан жакшы. Себеби, ошол эле жердеги эл чек арачыларга жардам берип, чек араны кайтарат.

“Азаттык”: Азыр күч түзүмдөрү чек арага жакын аймактарда жашагандарга “эгер кооптуу бир буюмдарды көрсөңөр, жакын жолобогула” деп айта баштады. Мурда эле ушундай эскертүүлөр болуп келгенби?
Согушчандардын колунда автомат эле болгон. Аларга маңзат ташып, тигил жакка өтүп кетүүгө жол керек болчу.
Жамалов: Мындай иштер милдеттүү түрдө жүрөт. Чек арачылардын, офицерлерлердин программасында “чек арадагы кыраакылык” деген түшүнүк бар.

“Азаттык”: Эгер ошондой болсо, мисалы жарылгандар 4-10 жаштагы кичинекей балдар болуп жатат. Алардын кооптуу жерлерде жүргөнү эч кимдин көңүлүн бурган эмеспи?

Жамалов: Айыл чуңкурда жайгашкан. Баары эле ошол жерлерде жүрөт.

“Азаттык”: Эми мындай окуялар кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз? Дагы эле болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт да?

Жамалов: Албетте кепилдик жок. Ошондуктан Коргоо министрлигинин кызматкерлери, чек арачылар, деги эле ошол жакка барып-келип жүргөн аскер адамдары курал-жарагына өтө тыкан болуп, олуттуу көңүл бурушу керек. Кайдыгерлик айынан ушундай өлүм болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG